Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Батыш менен Чыгышты жакындаткан Jazz


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

16-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Jazz-Maqom долбоорунун алкагында концерт ийгиликтүү өттү.

Иш-чаранын ачылышында Франциянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Делаус мырза чыгып сөз сүйлөдү.

Ал чек арадагы окуяларга байланыштуу концертти токтотууну ойлошконун, бирок кыргыз өкмөтүнүн уруксаты жана карапайым калктын көңүлүн музыка менен көтөрүү максатында кайра коймой болушканын, эки элдин достук-маданий байланышы тереңдей берерин белгилеп, “Музыка-бул жашоо, достук, ынтымакка ырашкер”, - деди.

Jazz-Маqоm музыкалык долбоорунун алкагында Бишкекте бир катар концерттер өттү. Анда чет өлкөдөн келген музыканттар:

  • Алексис Нерцесян - мурдагы дипломат, Парижден келген пианист.
  • Апостолос Сидерис - афинылык Нью-Йорктон келген контрабасчы, Стамбулда жашаган жана Осмон доорунан калган этникалык жана жаз музыканы ойнойт.
  • Пьер Деманж, урма аспап - барабанда ойнойт. Мамлекеттик музыкалык стипендияны уткан жаш таланттуу музыкант.
  • Клаудио Пунтин - Германиядан келген таланттуу кларнетист жана электромузыкант, ал Балкандагы атактуу кесиптештери менен ойнойт.
  • Андреа Романи - италиялык флейтачы. Jazz-Maqom долбоорунун демилгечиси, мульти-инструменталист. Аны менен бирге КР эл артисти таланттуу музыкант Нурлан Нышанов шакирттери менен европалык жана этномузыкаларды жаз жанрында аткарышты.

Көрүүчү ардагер музыкант Виктор Ильич Чернов:

"Жаз музыкасында музыкант ички жан дүйнөсүндөгү болуп жаткан нерселерди музыкалык импровизация аркылуу элге жеткирет. Адамдын жан дүйнөсүн ачууга мүмкүнчүлүк берет. Мында классикалык же академиялык оркестрдей кандайдыр бир ритмдик же жанрдык чектөө жок. Бардыгы эркин ойнолуп, бүйүр кызытат. Саясатчылар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга баш катырып жатышканда, чакан музыкалык топ жибек жолундагы өлкөлөрдүн маданий байланышын иш жүзүнө ашырып керемет концерт тартуулап, элдердин маданий-достук байланышын арттырып жатканы колго аларлык", - дейт.


Jazz-Маqоm музыкасы Улуу Жибек Жолунун өлкөлөрүндө аткарылган импровизациянын элементтерин кеңири колдонуу менен салттуу вокалдык-аспаптык жанрдын симбиозу жана жаз. Эки музыкалык стилдин Батыш менен Чыгыштын айкалышы угармандарга акустикалык тажрыйбага сүңгүүгө мүмкүндүк берет.

Буга чейин европалык музыканттар Өзбекстанда жергиликтүү музыканттар менен улуттук аспаптарын кошуп бир нече концерт тартуулашкан.
Jazz-Maqom 17-сентябрда Калый Молдобасанов атындагы Улуттук консерваториясында, 18инде "Чокос-барда" концерт тартуулады.

Концерттерди Казакстандагы Гёте институту жана Бишкектеги Француз альянсы Германиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулган. Бул долбоор 2021-жылы башталган Германия-Франция маданий кызматташтыгын улантат.

КР эл артисти Нурлан Нышанов:

"Jazz-Maqom долбоору Германия Гете институту менен Франциянын альянсы демөөрчүлүк кылып уюштурган турне. Мага долбоордун уюштуруучулары кайрылып кыргыз улуттук музыкаларынын ыргактарына кызыгып сурашканда бир нече музыканын нотасын жибергем. Анан алар тандап алып аранжировкалап мага жөнөткөн. Мен шакирттерим менен даярдап бул жерден кошулуп концерттерде өнөрлөрүбүздү тартууладык. Европалыктар силердин музыкаларыңардын ыргактары өзгөчө экен деп кызыгышты. Бул долбоордун демилгечиси композитор, солист, италиялык Анре Романи. Бул топ эл аралык жаз группа десек болот. Алардын көбү түрдүү аспапта ойной алышат. Бул концет Батыш менен Чыгыштын музыкасынын айкалышуусу. Кыргызстанда азыр жаз жанры өнүгүп жатат. Бизде сапаттуу, билимдүү музыканттар көп. Тилекке каршы, жаз музыкасын жаздырууга студия жок. Бул жанрды алыскы аймактарга таратуу жана өнүктүрүүнү мамамлекет колго ала турган иш. Анткени азыр эл жеңил эстрадалык музыкага басым жасап калбадыбы", -деген оюн бөлүштү.

Кыргызстанда 1989-жылдан бери жаз жанры бир кыйла өнүгүүдө. Буга чейин Бишкекте "Асанбай" маданий борборунда "Джаз-Бишкек-Весна-2019" эл аралык фестивалы жана XVII эл аралык "Джаз_Бишкек_Весна" фестивалдары өткөрүлгөн. Ага Австриянын, Израилдин, Германиянын, АКШнын, Түркиянын, Италиянын музыканттары катышкан. Ал эми КР эмгек сиңирген артисти, чыгаан музыкант Бакыт Кыдыкбаевдин “Соленные орешки” тобу АКШдагы фестивалга катышып, кыргыз музыкасы менен океандын ары жагындагыларды тааныштырып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG