Нооруз «Азаттыктын» фотолорунда

Элечек кийген апалар Ноорузду өзгөчө шаңга бөлөйт. 2019-жылдын 21-марты.

Аластоо - Нооруздун ритуалдык ажырагыс бөлүгү. Арча менен жаман күчтөрдү кубалап, айланага, үйгө аруулук чакырылат. 2019-жылдын 21-марты.

Бий - Нооруздун ажырагыс бөлүгү. 

Ноорузда Кыргызстанд адатта байыркы боз үй тигилип, улуттук кийимдер кийилет. 2019-жыл, 21-март.

Дасторконго дүйүм тамак коюлат. Кыргызстандын Чүй облусундагы Жаңы-Жер айылындагы Ноорузга даярдык. 2019-жыл, март айы.

Бийлик майрамга карабай дайыма сак турат. Казакстанда 2019-жылы милиция иш үстүндө.

Казакстандагы Чымкент шаарында 2019-жылы 22-марттагы Нооруздан бир көрүнүш.

Сүмөлөк - Нооруздун ажырагыс атрибуту. Байыркы тамак ушул күнгө чейин дале популярдуу. 2019-жылы Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы сүмөлөк даярдоо.

Сүмөлөккө байланыштуу айтылган легендага ылайык байыркы бир кыйынчылык заманда эл арасында ачарчылык болуп, жут каптайт. Ошондо бир эне курсагы ачкан балдарын алаксытуу максатында отко казан асып, бирок, ичинде сала турган эч нерсеси жок тыштан таш терип келип салыптыр. Ага кошуп ар түрдүү чөптөрдү, жемиштерди кошкон экен. Казан асылып, таң атканча кайнайт, балдары болсо уйкуга кеткен экен. Ошондон улам сүмөлөк даярдалган делет уламышта. Азыр ага ар түрдүү ингредиенттер кошулат. 

Угут - сүмөлөктүн негизги бөлүгү. Жаңы-Жер айылы. 2019-жылдын марты.

Сүмөлөк - бир катар түйшүктүү жумуштардын жыйындысында гана даяр боло турган таттуу азык. 2018-жылдын марты.

Улуттук кийимдер кыздардын көркүнө көрк кошот. Кыргызстан. 2019-жыл, 21-март.

Кыздары сулуу кыргыздын. Нооруз. 2019-жыл, 21-март.

Ноорузда Кыргызстанда адатта көк бөрү боюнча жалпы республикалык чоң таймаш жыйынтыкталат. Фото Ак кула ат майданындагы оюндан. (Оңдо - ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков)

Дүйнө кыргыздары жана Нооруз. Түштүк Кореядагы кыргыздардын башын ушундай майрамдар бириктирип турат. 

Кыргыздар дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун Ноорузду унутушпайт. Франциядагы майрам. Фото Фарух Якубовдуку (Farukh Yakubov)

Ноорузда Түштүк Кореяда боз үй тигишкен. 2019-жылдын 21-марты

Ноорузда Франкфуртта (Германия) концерттик программа тартууланып, андан кийин Жаңы-Зеландиядагы кандуу окуянын курмандыктары эскерилип, рассизмди болтурбоо тууралуу сөздөр айтылды. 

Ноорузду АКШдагы кыргыздар да чын пейилден тосушат.

Чикагодогу (АКШ) кыргыздар боз үйдү Ноорузда тигишти.

Берлиндеги кыргыздарга белгилүү төкмө акын Идирис Айтибаев менен алып баруучу Нурсултан Майназаров Ноорузда майрамдык маанай тартуулашкан. 2019-жылдын марты.

Нооруз - чет мамлекетте туулуп, өсүп жаткан кыргыз балдарга тегин, ата-бабаларын таанытууга жакшы себеп. (АКШнын Чикаго шаарында Нооруз майрамынан)

Түркияда өткөн Нооруз майрамынан. 

Гамбург шаарындагы журтташтар Ноорузду Кыргызстандан келген кыргыз эл артисти Гүлнур Сатылганова, төкмө акын Идирис Айтбаев жана алып баруучу Нурсултан Майназаров менен биргеликте белгилешти. Иш-чарага Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрнст Оторбаев да катышты.

Францияда да кыргыздар Ноорузду унутушпайт. Фото Фарух Якубовдуку (Farukh Yakubov)

Стамбул шаарында (Түркия) Нооруз 2019-жылы 21-мартта.

Чикагодогу (АКШ) кыргыздар уюштурган Нооруз майрамына келген ар улуттун өкүлдөрү.

Нооруз - үй-бүлөлүк гана эмес, ар улуттардын башын кошкон майрамдардын бири. 2018-жылдын 21-марты. Бишкек

Быйыл 2021-жылы - Бишкек шаарында эпидемиологиялык абалга байланыштуу Нооруз белгиленген жок. Бирок, улак тартыш (көк бөру) 17-мартта эле Чолпон-Атада башталган. 

"Эрендердин эр оюну" аталган көк бөрүнү жигиттердин жигити гана ойной алат.

Улакты мыкты аргымагың болбосо мыкты ойнош мүмкүн эмес. "Ат адамдын канаты" деген учкул сөз көк бөрүдө чырайына чыгат. 

Тай казан - кыргыздардын көк бөрүсүнүн ажырагыс бир бөлүгү. Ага башка мамлекеттин улакчылары каршы чыгышууда. Чолпон-Ата шаары, 2021-жылдын 17-марты. 

Нооруз - жаштар жана балдардын сүйүктүү майрамдарынын бири. (Коваленконун фотосу)

Апалардын ак батасы келечекке үмүт тартуулайт.