"Өзүбүздүкүлөр иштебейт". Чет элдиктерге эмгек квотасы эмне үчүн көбөйтүлүп жатат?

Кыргызстанга чет элдик жумуш күчүн тартуу квотасы.

Кыргыз өкмөтү 2027-жылы өлкөгө сырттан келип иштей турган эмгек мигранттары үчүн квотаны дагы 20 миңге көбөйтүп, 120 миңге жеткирди. Расмий маалыматка караганда, 2025-жылы чет өлкөлүк жумушчуларга 42 миң орун бөлүнсө, быйыл 100 миңге чейин көбөйтүлгөн.

Кыргызстан берген эмгек квотасын толтурган өлкөлөрдүн башында Кытай, Индия, Бангладеш, Пакистан жана башка мамлекеттер турат. Буга чейин коомчулукта Кытайдан келген жумушчуларга байланыштуу бир катар талкуу чыккан.

2027-жылга карата чет элдик эмгек күчүнө квотаны 120 миң кишиге көбөйтүү чечимин Министрлер кабинети 7-сентябрда чыгарган. Мындай чечимдин негиздемесин жана кайсы тармактарга же долбоорлорго канча күч керектелип жатканын эч бир мекеме азырынча расмий түшүндүрө элек.

“Азаттык” үналгысынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине, Тышкы иштер министрлигине кайрылуулары жоопсуз калды.

Тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында квота берүүнүн талаптары күчөтүлүп жатканын айтты.

“Азыркы учурда 2027-жылга квота берүүнүн талаптарын күчөтүп атабыз. Кыргыз жарандарын көбүрөөк алуу боюнча”, - деди ал.

Расмий маалыматка караганда, 2025-жылы чет өлкөлүк жумушчуларга 25 миң орун бөлүнүп, бирок кийинчерээк 42 миңге чыгарылган. 2026-жылы мындай квота башында 52 миң болуп, жыл ортосунда 100 миңге чейин көбөйтүлгөн.

Кыргызстанда иштөө укугун берүүчү эмгек квотасын толтурган өлкөлөрдүн башында Кытай, Индия, Түркия, Пакистан жана башка мамлекеттер турат.

Жээнбек Кулубаев

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев июль айында мамлекеттик “Биринчи радиого” курган маегинде экономикалык долбоорлор көбөйгөнү жумушчу күчкө суроо-талап өскөнүн, бирок кыргыз жарандары аларга келбей жатканын кеп кылган:

“Тээтиги Нарындан баштап, Ысык-Көлдүн тегереги бүт жол курулуп атат. Жалаң эле пакистандыктар, бангладештиктер иштеп атышат. Кээде кытайлыктар иштеп атат. Анткени жумушчу күч жетпей атпайбы. Азыр канча деген курулуш иштери болуп атат. Ага да киши жетишпейт. Киши жетишпегени үчүн чет өлкөдөн жумушчуларды чакырганга аргасыз болуп жатабыз. Анткени өзүбүздүн жумушчулардын көбү келбейт. Кара жумушка иштегиси келбейби, түшүнүксүз. Бирок азыр курулуш иштеринде жумушчу орун абдан көп. Азыр тигүүчүлөргө орун бош болуп атат. “Камбар-Ата-1де” ГЭС курганга, жөнөкөй эле экскаватор, трактор айдаганга, жерди түздөгөнгө, электриктер, башка көптөгөн кесиптеги жумушчулар керек болуп атпайбы. Алар деле 80-90 миңден кем алышпайт. Андан тышкары, темир жолго жумушчу керек, бул дагы жетишсиз. Бир четинен, миграция дүйнөлүк процесс болгондон кийин, биздикилер башка жакка кетсе, алардын ордуна башкалар келип атат да”.

Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан тартып чет элдик жарандарга уруксат алуу тартиби өзгөргөн. Пилоттук долбоордун негизинде бардык документтер “бирдиктүү терезе” принцибине ылайык, бир портал аркылуу берилет. Эмгек квотасын бөлүштүрүү жана жумушка уруксат берүү милдетин Тышкы иштер министрлиги өзүнө алган.

Эрежеге ылайык, эмгек мигранттары адатта визаны эки айдан бир жылга чейинки мөөнөткө алышат. Муктаждыкка жараша өлкөдөн чыкпай туруп виза менен каттоонун мөөнөтүн узартса да болот.

“Инсан-Лейлек” коомдук фонду жакында кыргыз мигранттарынын маршруту боюнча чоң изилдөө жүргүзгөн. Анда Орусиядан кайткан мигранттар эмне үчүн Кыргызстанда калбай, башка өлкөлөргө кетип жатканы изилденген.

Уюмдун жетекчиси жана миграция боюнча эксперт Гүлнара Дербишева Кыргызстандагы жумуштарга жергиликтүүлөр көп барбай жатышынын эки олуттуу себеби бар экенин айтууда:

Гүлнара Дербишева

"Биринчиден, Кыргызстанда айлык маяна кичине азыраак болуп атат дейт. Албетте, “жумуш көп, жумуш орундары бар, калгыла, мына тигүү цехтери ачылып атат, курулуш жүрүп атат, курулушка башка өлкөлөрдүн мигранттары келип атат” деп айтылууда. Бирок, мисалы, Орусияда иштеген мигранттар айтып атат “айлык маянасы салыштыргыс азыраак” дейт. Анан, кантсе да, бизде Кыргызстандын ичинде өздөрүнө жакшы перспектива көрө албай жатат. Кыргызстанда калбаганынын дагы бир себеби, "коррупциялык тобокелдиктер көп, ишке орношкондо клан, телефон чалуулар, бирөөнүн атынан өкүл балдар, өкүл кыздар жакшы жумушка орношот дагы, биз кара жумуш эле кылып жүрдүк" дегендер көп. Кыргызстанда деле кара жумушка даяр экенин, бирок айлыгы аздыгын айтышат".

Бул арада Кыргызстанга келген мыйзамсыз миграциянын агымы да күчөгөндөй. Укук коргоо органдары чет элдиктерди алып келген мыйзамсыз каналдарды таап жатканы тууралуу маалыматтар утур-утур чыгып турат.

Быйыл март айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте мыйзамсыз миграция каналы аныкталып, Пакистандын жараны менен Улуттук госпиталдын кызматкери кармалганын жарыялаган. Маалыматка караганда, шектүүлөр Пакистан менен Бангладештин жарандарына виза мөөнөтүн узартуу үчүн колдонулуучу №086 формасындагы жасалма медициналык маалымкат сатып келишкен. Алардын жашаган жана иштеген жерин тинтүү учурунда виза тариздөөгө даярдалган 160тан ашык жасалма маалымкат табылган.

Июнь айынын башында атайын кызмат мыйзамсыз миграция жаатында рейд өткөрүп, чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелери бузулганына байланыштуу миңге жакын протокол түзгөн. Жалпысынан 9 млн сомдон ашуун айып пул салынган.

Тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу Кыргызстандын аймагында курьерлик жана айдоочулук кылып жүргөн чет элдиктердин ишмердиги мыйзамсыз экенин билдирди.

Сейтек Жумакадыр уулу

“Курьерлерге жана такси айдаган айдоочуларга бир да квота берилген эмес. Алардын бардыгы мыйзамсыз жүрөт. Ал боюнча азыркы учурда Ички иштер министрлиги менен иштеп атабыз, рейддер жүргүзүлүп жатат”.

Жогорку Кеңештеги талкуу учурунда депутат Медина Кайрылбекова Кытай мигранттары боюнча көп сөз болуп жатканын айтты:

“Мына, азыр чет элден, өзгөчө Кытайдан келген жарандар боюнча биздин коомчулукта аябай чоң сөз, талкуу болуп атат. Туризм боюнча келип атышпайбы, туристтик виза менен келип эле, мыйзамсыз калып калгандар көп болууда. Ошолорду чыгаруу боюнча кандайдыр бир механизмдер барбы?”.

Ага Сейтек Жумакадыр уулу мыйзам бузгандар тыкыр көзөмөлгө алынып, чара көрүлүп жатканын айтып жооп берди:

“Быйыл биз президенттин жарлыгы менен амнистия жарыялаганбыз. Азыркы учурда 11 миңге жакын киши чыгып кетти. Өлкө аймагында, жаңылбасам, 500-600гө жакын эле мыйзамсыз мигрант бар. Аларды да тазалап бүтөбүз жакында, аз калды”.

2025-жылы дагы тогуз миңдей чет элдик мунапыстын негизинде чыгарылган. Министрдин орун басары эки жылда чыгарылгандар негизинен Пакистан менен Бангладештен келгендер экендигин айтты.

Кыргызстанда 2023-2024-жылдары Пакистан, Индия, Бангладештен келген мигранттар өтө көбөйүп кеткенине нааразы пикир көбөйгөн. 2024-жылдын май айындагы пакистандык студенттер менен жергиликтүү жаштардын ортосундагы жаңжалдан кийин көзөмөл күчөп, алардын бир тобу чыгарылган жана өздөрү чыгып кеткен учурлар да болгон.

Андан кийин Кытайдан келген жумушчулардын тездик менен көбөйүп жатышы коомдогу талкуунун негизги темаларынан болуп келет. Өлкө аймагында ишке ашып жаткан ири өндүрүштүк жана инфраструктуралык долбоорлорго келип иштеп жаткан кытайлыктарга карата нааразы пикир курч. Анда-санда Кытай жарандары менен жергиликтүү калктын ортосунда чыр-чатак да тутанып калууда. Ички иштер органдары менен атайын кызмат андай учурларда мыйзам бузган чет элдиктерге карата чара көрүп, депортация кылганын кабарлап жатат.