Орусиянын бир нече аймагы дрон чабуулуна кабылды, Тольяттиде заводдо өрт чыкты

Тольяттидеги заводдон чыгып жаткан түтүн. Видеодон скриншот. 24-октябрь, 2026-жыл.

24-октябрга караган түнү украиналык дрондор Орусиянын Самара облусундагы Тольятти шаарындагы "Тольяттикаучук" заводун бутага алды. Көз карандысыз маалымат каражаттары жана мониторинг жүргүзгөн Telegram-каналдардын билдирүүлөрүнө ылайык, соккудан кийин заводдун аймагында өрт чыккан.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы заводго сокку урулганын ырастап, ишканада синтетикалык каучук жана катуу ракеталык отун өндүрүүдө колдонулган башка продукциялар чыгарыларын билдирди.

Тольятти шаарынын башчысы Илья Сухих дрондордун массалык чабуулу учурунда өнөр жай объектилери бутага алынганын маалымдады. Жергиликтүү бийлик жабыркагандар тууралуу маалымат берген жок.

ASTRA басылмасы жергиликтүү тургундарга шилтеме кылып, чабуулдан кийин шаарда электр энергиясы жана суу менен камсыздоодо үзгүлтүктөр болгонун жазды. Маалыматка караганда, дрондор заводго бир нече толкун менен чабуул коюп, аймактын ар кайсы жерлеринде өрт чыккан. Шаардагы жылуулук электр борбору да бутага алынган болушу мүмкүн деген маалымат бар, бирок бул расмий ырастала элек.

Ошол эле түнү Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралында электр жарыгы жапырт өчүрүлдү. Симферополь, Севастополь, Ялта, Керчь, Феодосия жана башка калктуу конуштар электр энергиясыз калганын «Крым.Реалии» маалымдады.

Орусия дайындаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү электр энергиясынын өчүшүн Крымдан тышкаркы аймактардагы электр тармактарында болгон авария менен түшүндүрүштү.

Мониторинг каналдары Краснодар крайындагы "Тамань" электр көмөк чордонунда өрт чыкканын кабарлашты. Краснодар крайынын ыкчам штабы да Темрюк районундагы көмөк чордондо өрт болгонун билдирди. Бул объект Орусиядан Крымга электр энергиясын жеткирүүчү энергетикалык көпүрөнүн маанилүү түйүндөрүнүн бири болуп саналат. Өрт спутниктердин сүрөттөрүндө да катталган.

Украинанын аскердик жетекчилиги "Тамань" көмөк чордонуна сокку урулганын жарыялаган эмес.
Эртең менен Крымда электр менен камсыздоо калыбына келтириле баштаган. Жарым аралдын Орусия дайындаган башчысы Сергей Аксёнов электр энергиясын жана сууну берүүгө чектөөлөр киргизилерин билдирген.

Ростов облусунун губернатору Юрий Слюсардын маалыматына караганда, түн ичинде аймактын үстүнөн 80ден ашык дрон жок кылынган же басаңдатылган.
Ростов шаарында дрондун сыныктары "Ростовпассажиртранс" ишканасынын чатырына түшүп, 21 автобус жабыркаган. Ошондой эле Мясниковский районундагы трансформатордук көмөк чордонго зыян келип, 170тен ашык үй электр жарыгысыз калган.

Орусиянын Коргоо министрлиги өлкөнүн аймагында украиналык 616 дрон жок кылынганын билдирди.

Буга чейин, 23-октябрда, украиналык күчтөр Орусиянын Орёл шаарындагы "Протон" заводуна ракета менен сокку урганы, ошондой эле Москва аймагына дрондор менен чабуул жасалганы кабарланган. Москвадагы аэропорттордун иши убактылуу үзгүлтүккө учураган.

Дагы караңыз

ТИМ Мисирге баруучу кыргызстандыктарга жаңы талаптар тууралуу эскерттиШашылыш билдирүү: Үшүк жүрөтШайлоо: Мадумаров акталбады, Жапаровго ким атаандаш?Францияда куралдуу кол салуудан бир адам каза болду, бешөө жараат алды"Кароолчу болосуң деп алдаптыр". Орусия кан майданга айдаган мигранттар