Август айында интернетте «жаңы Кансыз согуштун» карталары тарай баштады. Анда өлкөлөр жасалма интеллектти өнүктүрүүгө карата мамилесине жараша эки блокко бөлүнгөн. АКШ демилгелеген Pax Silica декларациясына кол койгон мамлекеттер көк, Кытай түзгөн Жасалма интеллект жаатындагы кызматташтык боюнча дүйнөлүк уюмга WAICOго кошулган өлкөлөр кызыл түс менен белгиленген.
Эки демилгеге тең кошулган жалгыз мамлекет Казакстан болуп чыкты. Маалыматтарга караганда, көп векторлуу саясат жүргүзүп келген Астанадан эми кайсы тарапты тандай турганын аныктоо талап кылынууда.
Вашингтондун «кызыл сызыгы»
Reuters агенттиги 14-августта АКШнын Мамлекеттик департаментинин сыртка чыгып кеткен ички катына жана аты аталбаган америкалык аткаминерге таянып, Вашингтон 35 мамлекетке кат жөнөтүүгө даярданып жатканын жазды.
Анда өлкөлөрдөн Кытай менен жасалма интеллект тармагындагы атаандаштыкта «бир тарапты тандоо» талап кылынары айтылган.
Эгер мамлекеттер АКШ жетектеген коалиция менен катар Бээжиндин демилгесине да кошулса, алар америкалык өнөктөштүктөн чыгарылышы мүмкүн экени эскертилген.
«Баары менен бир болуу, эч ким менен бир болбоо дегенди билдирет. Pax Silica декларациясына кол коюу жөн гана мүчөлүк акы эмес, бул милдеттенме», — деп айтылат Reuters келтирген катта.
Аты аталбаган америкалык аткаминер да эки демилгеге бирдей кошулган өлкөнү «ишенимдүү өнөктөш» деп атоо кыйын экенин билдирген.
Вашингтон да, Астана да бул маалыматка азырынча комментарий бере элек.
Бирок Бээжин өз позициясын ачыктады. Кытайдын Кошмо Штаттардагы элчилиги Вашингтонду «өлкөлөрдү кайсы бир тарапты тандоого чакырып, ортого от жагууну токтотууга», ошондой эле «соода жана технология маселелерин саясатташтырбоого» үндөдү.
Борбор Азиядагы геосаясий маселелерге көз салган, Вашингтондогу Second Floor Strategies консалтинг компаниясынын президенти Уайлдер Алехандро Санчес жасалма интеллект үчүн жарышты саясаттан тышкары кармоо мүмкүн эмес деп эсептейт.
«Pax Silica менен WAICOну саясаттан тышкары калтыруу мүмкүн эмес. Дүйнөлүк державалардын ортосунда карама-каршылыктар өтө көп. Аналитиктер азыркы кырдаалды сүрөттөө үчүн “улуу державалардын атаандаштыгы” же “Кансыз согуш 2” сыяктуу жаңы терминдерди тынымсыз ойлоп табышууда. Ошондуктан кандай гана жамааттык демилге болбосун, ал альянстарды жана өнөктөштүктү бекемдөө аракети катары кабыл алынат», — дейт эксперт.
Санчес дүйнөлүк державалар Борбор Азияны бул жарыштын маанилүү бөлүгү катары көрөрүн белгилейт. Буга биринчи кезекте аймактагы өлкөлөрдүн сейрек кездешүүчү металлдарга байлыгы себеп болууда.
Сейрек кездешүүчү элементтердин кошулмалары жасалма интеллект үчүн жарыштын материалдык негизин түзөт. Аларсыз суперкомпьютерлерди жасоо, муздатуу жана энергия менен камсыз кылуу мүмкүн эмес.
Аналитиктердин айтымында, Астана сейрек кездешүүчү металлдарды Батышка да, Чыгышка да сунуштай аларын түшүнөт. Казакстан буга чейин өкмөт «көп векторлуу саясат» деп атаган багытты карманып, эки тараптын ортосунда ийгиликтүү тең салмак сактап келген.
«Мен Астананын эки блокко тең кошулушун жаңылыштык деп эсептебейм. Бирок бул жерде белгилүү бир эсептен жаңылуу болду. Менимче, Астана Вашингтон буга каршы чыгып, “бир блокту же экинчисин тандашыңар керек” деген мааниде “кызыл сызык” коёрун күткөн эмес», — деди Санчес.
Айрым талдоочулар азырынча жөнөтүлө элек катты Вашингтондун олуттуу эскертүүсү катары баалашууда.
«Бул басымдын себеби базар үчүн жөнөкөй атаандаштыктан алда канча олуттуу. Жасалма интеллект экономиканын, коргонуу тармагынын, чалгындын, өнөр жайдын жана мамлекеттик башкаруунун инфраструктурасынын бир бөлүгүнө айланып баратат», — деп жазды жасалма интеллектке адистешкен Bizdriver.ai басылмасы.
Ал эми Швециядагы коммерциялык эмес «Коргонуу фондунун» төрагасы Фредди Йёнссондун пикиринде ондогон жылдар бою мамлекеттер Кытай менен соода жүргүзүп, АКШнын технологияларына жана коопсуздук кепилдиктерине таянып, саясий жактан ортодо калууга аракет кылып келишкен.
«Эми мындай мүмкүнчүлүк улам азайып баратат», — деп белгиледи.
Санчестин айтымында, Астана чындап эле эки бирикменин бирин тандоого мажбур болобу же жокпу, азырынча так айтууга болбойт.
«Астана кандай кадамга барарын боолгологум келбейт. Казакстандын өкмөтү чыңалууну азайтуу үчүн Вашингтон менен сүйлөшүп, расмий Астана Вашингтон менен да, Бээжин менен да достук мамилени сактоону каалагандыктан, бир тарапты тандагысы келбей турганын түшүндүрүшү мүмкүн», — деди эксперт.
Ал АКШ менен Кытайдын атаандаштыгын эске алганда, Вашингтондун Астанага эмне себептен басым жасап жатканын түшүнүүгө болорун кошумчалады. Бирок мындай кысым тескери натыйжа берип, айрым маселелерде Казакстан Бээжиндин ордуна Вашингтонду тандабай калышы мүмкүн.
Казакстан эки демилгеге үч жумалык айырма менен кошулган.
Pax Silica жана WAICO: булар кандай демилгелер?
Вашингтон 2025-жылдын декабрында баштаган Pax Silica демилгеси расмий түрдө Securing the Silicon Supply Chain «Кремнийди жеткирүү чынжырынын коопсуздугун камсыз кылуу» деп аталат.
Аталышы кремний менен чиптерге байланыштуу болгону менен, демилге кыйла кеңири маселелерди камтыйт. Алардын арасында өтө маанилүү минералдарды жана жарым өткөргүчтөрдү жеткирүү чынжырлары, маалыматтарды иштетүү борборлору, энергетикалык инфраструктура жана жасалма интеллект экономикасын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон эсептөө кубаттуулуктары бар.
Pax Silicaны түзүү менен Вашингтон технология жаатындагы ишенимдүү өнөктөштөрдү тегерегине топтоп, жасалма интеллект үчүн маанилүү тетиктерди жеткирүүнүн туруктуу чынжырын түзүүнү көздөөрүн жарыялаган. Өз кезегинде АКШ адилеттүү рынокту камсыздоого жана америкалык технологиялык жетишкендиктерге жол ачууга аракет кыларын убада кылууда.
Pax Silicaны АКШнын президенти Дональд Трамптын жеке демилгеси деп да эсептөөгө болот. Казакстандын ага кошулуусу жөнүндө декларацияга Дональд Трамп атындагы Тынчтык институтунда кол коюлган.
«Биздин максат маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, була-оптикалык кабелдерди жана маалыматтарды иштетүү борборлорун камтыган ишенимдүү маалымат тармактарын түзүү жана ишке киргизүү», — деп жазылган декларацияда.
Демилгеге Европа Биримдиги, Жапония, Израил, Сингапур жана Түштүк Корея баштаган 25 мүчө кошулган. Канада, Тайвань жана Эстония байкоочу макамын алган. Тайвань дүйнөдөгү микрочиптердин болжол менен 60% жана эң өнүккөн жарым өткөргүчтөрдүн 90% көбүн чыгарат.
Казакстан 2026-жылдын 25-июнунда Pax Silica декларациясына расмий кол коюп, бул альянска кошулган Борбор Азиядагы биринчи мамлекет болгон.
WAICO — Жасалма интеллект жаатындагы кызматташтык боюнча дүйнөлүк уюм 2026-жылдын 16-июлунда Шанхайда түзүлгөн. Кытай мындай уюмду түзүү идеясын биринчи жолу 2025-жылдагы Жасалма интеллект боюнча дүйнөлүк конференцияда сунуштаган.
Уюмду түзүү тууралуу келишимге Кытай, Орусия, Пакистан, Индонезия, Бразилия, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Африка менен Латын Америкасынын бир катар мамлекеттери баштаган 29 өлкөнүн өкүлдөрү кол коюшкан.
Бээжин WAICOну жасалма интеллектти башкаруу боюнча эл аралык кызматташуу, технологияны коопсуз жана этикалык колдонуу үчүн жалпы стандарттарды иштеп чыгуу жана мамлекеттердин ортосундагы технологиялык ажырымды кыскартуу механизми катары көрсөтүүдө.
Кытайдын лидери Си Цзиньпин кытайлык ачык моделдерди алдыңкы патенттелген системаларга каражаты же жеткиликтүүлүгү жок өлкөлөр үчүн арзаныраак альтернатива катары жайылтып келет. Ошол эле учурда Бээжин өзүнүн айрым алдыңкы моделдерин чет өлкөлөрдө колдонууга чектөө киргизүүнү да караштырууда.
Башкача айтканда, WAICO бул мамлекеттер жасалма интеллектти биргелешип өнүктүрүп, аны пайдалануунун эрежелери боюнча макулдаша ала турган эл аралык аянтча түзүү аракети. Бул аянтча жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча Кытайдын көз карашынын айланасында курулат. Pax Silica да ушундай эле тармакты АКШнын позициясынын негизинде түзүүдө.
Учурда АКШ менен Кытай жасалма интеллект тармагынын лидерлери болуп саналат. Эксперттердин баамында, эки өлкө биригип дүйнөдөгү эсептөө кубаттуулуктарынын 90 пайызын көзөмөлдөйт жана жасалма интеллект тармагына жумшалган дүйнөлүк инвестициялардын 80 пайызына чейин өзүнө тартат.
Кытай жасалма интеллект үчүн глобалдык жарыштын материалдык негизи болгон сейрек кездешүүчү элементтердин чалгындалган запасы боюнча лидер жана алардын дүйнөдөгү эң ири өндүрүүчүсү болуп эсептелет.
АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматтарына жана Бээжиндин расмий өндүрүш квоталарына ылайык, Кытай 2025-жылы 270 миң тонна сейрек кездешүүчү элемент өндүргөн. Бул дүйнөлүк өндүрүштүн дээрлик 70 пайызын түзөт. Экинчи орундагы АКШ 51 миң тонна өндүргөн.
Казакстан кайсы тарапты тандашы мүмкүн?
Cronos.Asia порталынын маалыматына караганда, августтун соңунда Американын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур Астанага барган.
Ал Казакстандын бири-бирине «карама-каршы келген» эки демилгеге бир убакта катышып жатканына тынчсыздануусун билдирген.
Казакстандын бийлиги бул билдирүүгө кандай жооп бергени белгисиз.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жакында Бишкекте өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алдында Кытайдын «Синьхуа» агенттигине маек курган. Анда ал жасалма интеллект бүткүл адамзаттын өнүгүшүнө кызмат кылууга тийиш экенин, мамлекеттер заманбап технологияларга тең жана адилеттүү мүмкүнчүлүк алышы керектигин айткан.
«Бул маселеде биздин мамилебиз Кытайдын позициясына үндөш», — деген Токаев Казакстандын Кытай демилгелеген WAICO уюмуна кошулганын эске салган.
Анын айтымында, бул жасалма интеллект тармагында мамлекеттердин аракеттерин координациялай турган ачык жана натыйжалуу эл аралык системаны түзүүгө багытталган олуттуу кадам.
Көп векторлуу саясат жүргүзөрүн жарыялаган Астана тышкы саясатта тең салмак сактоого аракет кылып келет. Казакстан өзүнүн чийки зат ресурстарынын негизги сатып алуучусу болгон Батыш менен да, акыркы отуз жылда Борбор Азиядагы геосаясий таасирин кыйла күчөткөн ири коңшусу Кытай менен да байланыштарын сактоого умтулат. Бирок улам күчөп жаткан жасалма интеллект жарышы бул тең салмакты кармоону татаалдаштырышы мүмкүнбү?
Талдоочулардын айтымында, теориялык жактан Казакстан АКШ менен инфраструктура, жарым өткөргүчтөр жана стратегиялык мааниге ээ минералдар жаатында кызматташып, ошол эле учурда Кытай менен жасалма интеллектти эл аралык деңгээлде жөнгө салуу, адистерди даярдоо жана технологияны өнүктүрүү багытында иш алып бара алат.
Бирок Вашингтон үчүн бул бара-бара экономикалык көп векторлуулуктун кезектеги көрүнүшү эмес, стратегиялык ишеним маселесине айланып баратат. Анткени кайсы бир мамлекет бүгүн жасалма интеллект инфраструктурасын ким менен бирге куруп жатканы келечекте анын кайсы технологиялык системада иштей турганын аныкташы мүмкүн.