Путин, Трамп жана Си: Дүйнө багыты кайда өзгөрөт?

Бейшембиде Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (АТЭК) саммитине катышып жаткан Си Цзинпин, Владимир Путин жана Дональд Трамп жыйын куруп, Украинадагы согуштан тартып өзөктүк куралды көзөмөлдөө, жасалма интеллект өңдүү эл аралык саясаттагы негизги темаларды талкууламакчы.

Эксперттер Шэнчжэндеги бул жолугушууну акыркы жылдардагы эң маанилүү геосаясий окуялардын бири катары баалап, анын жыйынтыгы дүйнөлүк саясаттын мындан аркы багытына таасир этиши мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Буга чейин украин президенти Владимир Зеленский үч лидердин сүйлөшүүсү XXI кылымдагы "таасир чөйрөлөрүн кайра бөлүштүрүүгө" алып келиши мүмкүн экенин эскерткен.

Орусиянын президенти Владимир Путин Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын аянтчасы ири державалардын лидерлерине жолугуп, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк берерин, Трамп жана Си Цзинпин менен жолугушуудан чоң натыйжа күтүп жатканын билдирди:

"АТЭКтин саммити учурунда өтө турган Орусия, Кытай жана АКШ лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусуна чоң үмүт артып жатам. Ошол эле учурда уюмда өз ара түшүнүшүү жана ишеним маанайын түзүүдө ишкердик дипломатия негизги роль ойнойт деп эсептейм", - деди Путин.

19-ноябрга белгиленген үч тараптуу жолугушуу саммиттин эң маанилүү окуяларынын бири катары каралууда.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Кытайдын лидери Си Цзинпин. Шэнчжэн.

Кремлге жакын маалымат каражаттары билдиргендей, сүйлөшүүлөрдө Украинадагы согуш, өзөктүк куралды көзөмөлдөө, Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана жасалма интеллектке байланыштуу маселелер талкууланышы мүмкүн.

Буга чейин Трамп өзөктүк куралды кыскартуу жана Ирандагы согуш темасын көтөрүүнү пландап жатканын билдирген. Ал эми расмий Бээжин үч өлкө ортосундагы байланыштарды чыңдоо, пикир келишпестиктерди жөнгө салуу жана мамилелерди турукташтыруу негизги максат экенин айтууда.

Лондондогу The Economist Intelligence Unit борборунун улук аналитиги Чим Ли мындай форматтагы жыйын расмий Бээжин үчүн көнүмүш эмес экенин белгилейт.

"Кытайдын көз карашынан алганда, бул өзгөчө жолугушуу. Буга чейин Кытай Орусия жана АКШ менен өз-өзүнчө, башкача айтканда, бири-биринен бөлүп мамиле түзүүнү оң көрчү. Бирок акыркы учурда АКШ менен Орусия мындай форматтагы диалогду жактаганы байкалууда. Ошондуктан Бээжин ага көндү, себеби бир жагынан коомчулуктун көңүлүн бурган чоң саясий окуяга айланса, экинчи жагынан, Орусия жана АКШ менен болгон мамилелерди турукташтырууга да жардам бермекчи".

Орусиянын президенти Владимир Путин.

Буга чейин Ак үй Украинадагы согуш жолугушууда негизги тема болбой турганын билдирген. Бирок АКШ президенти дүйшөмбү күнү бул маселе талкууланарын айтты.

"Биз менин эң жакшы көргөн темам - Украина тууралуу сүйлөшөбүз", - деди Трамп журналисттерге.

The Wall Street Journal басылмасынын маалыматына ылайык, Путин сүйлөшүүлөрдө Украинадагы согушту Москванын шарттарына ылайык аяктоо мүмкүнчүлүгүн издөөгө кызыкдар. Ошол эле учурда Украина жана анын европалык өнөктөштөрү Киевдин катышуусусуз кандайдыр бир тынчтык келишимине жетишүүгө болбой турганын билдирип келишет.

Байкоочулар үч лидердин бул жолугушуусу расмий чечим кабыл алуучу форматта өтпөсө да, негизги державалардын Украинадагы согуш боюнча позицияларын жакындатуу аракетине айланышы мүмкүн экенин белгилешүүдө.

"Ялта-2" тууралуу кооптонуулар

Украин президенти Владимир Зеленский октябрдын этегинде Орусия, Кытай жана АКШ лидерлеринин сүйлөшүүлөрү XXI кылымдагы "таасир чөйрөлөрүн кайра бөлүштүрүүгө" алып келиши мүмкүн экенин эскерткен.

Ал эми Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига бул жолугушуу "Путинди бул согушту улантууга гана шыктандырат" деп билдирген.

Алдыдагы саммитти 1945-жылкы Ялта конференциясына салыштыргандар да бар. Ал тарыхый жолугушууда АКШнын президенти Франклин Рузвельт, Британиянын премьер-министри Уинстон Черчилль жана СССРдин лидери Иосиф Сталин Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки дүйнөлүк тартипти талкуулашкан.

Орусияда айрым саясат таануучулар жана коомдук ишмерлер Шэнчжэндеги жолугушууну шарттуу түрдө «Ялта-2» деп аташууда. Аннексияланган Крымдагы Ялта шаарында Путин, Трамп жана Си Цзинпиндин сүрөттөрү Рузвельт, Черчилл жана Сталиндин эстелигинин жанына жайгаштырылган композициялар да пайда болгон.

Бирок эксперттер азыркы дүйнө 1945-жылдагыдай эки же үч державанын чечими менен башкарылбай турганын, ошондуктан тарыхый окшоштуктар көбүнчө символикалык мүнөзгө ээ экенин белгилешет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Трамп, Путин жана Си Украинадан ЖИге чейин талкуулайт