Садыр Жапаров тажик президенти Эмомали Рахмон менен сүйлөштү

Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-апрелде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефондон сүйлөштү.

Өлкө башчылары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды тезинен жөнгө салуу чараларын талкуулашты.

Садыр Жапаров кыргыз тарап мамлекеттер аралык маселелерди диалог жолу менен чечүүгө жана кыргыз-тажик чек ара тилкесинде туруктуу кырдаалды сактоого даяр экендигин белгиледи.

Мамлекет башчылары учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечип, ушул жылдын май айынын экинчи жарымында Дүйшөмбү шаарында бетме-бет жолугушуу өткөрүүнү макулдашты.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тараптардын өкмөттүк делегацияларынын сүйлөшүүлөрү эртең, 1-майда Баткенде болот. (MiK)

Дагы караңыз

Баткен: Ок тийген окуучу кыздын сөөгү жерге берилди Чек арада каза болгон кыргыз жарандары 31ге жеттиКыргыз-тажик чек арасы: жоготуулар жана курмандыктар ТүркПА кыргыз-тажик чек арасындагы окуяга камтамачылык билдирди