Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Чек арада каза болгон кыргыз жарандары 31ге жетти


29-апрель, 2021-жыл.
29-апрель, 2021-жыл.

Кыргыз-тажик чек арасында каза болгондордун жалпы саны 31ге жетти. Бул тууралуу 30-апрелде саат 18де "Азаттык" радиосуна саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова билдирди.

Маалыматка караганда, жалпысынан 154 киши жараат алган. Алардын 23ү - күч структурасынын кызматкери.

Жараат алгандардын 49у Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган.

28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кийин абал курчуп, Баткен жана Лейлек райондорунда атышуу болду, 29-апрелде үйлөр жана имараттар өрттөлдү, 20 миңдей жай тургун эвакуацияланды.

Тажикстандын бийлиги жабыркагандары тууралуу расмий маалымат бере элек, журналисттери 90 адам жараат алып, 10у каза болгонун билдирүүдө. (MiK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG