"Жалаа менен айыпталдык"
Аты-жөнүн Серыкбай Кабыланбек Ержан улы деп тааныштырып, өзүн Казакстандын жараны катары көрсөткөн жаран Бишкектеги №1 тергөө абагынан казак жана кыргыз президенттерине кат жолдогон. Ал катында казакстандык дагы бир жаран менен чогуу былтыр ноябрь айында Кыргызстанда кармалып, камакка алынганын, кыйноого кабылганын билдирген.
"Бизди 2025-жылдын 22-ноябрь күнү катуу сабашты, мойнубузга алышыбызды талап кылышты, түрмөгө камашты. Айыптоо актысына караганда, биз Казакстандагы таасирдүү, бай адамдардын өкүлдөрү экенбиз - Темирлан Султанбековго, Кадырбек Атамбаевге, Кубанычбек Кадыровго жана Эрмек Эрматовго акча жана курал беришибиз керек экен. Айыптоонун өзү күлкүлүү, ошол эле учурда кыргыз менен казактын боордоштук ынтымак мамилесин шылдыңдоого жатат", - деп жазган катында.
Казак жараны тергөө абагынан жазган кат. Бишкек. 1-сентябрь, 2026-жыл.
Казакстандык жарандар казак президенти Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, өздөрү карапайым казак жарандары экенин, Казакстандын бийлиги менен байланышы жоктугун, үй-бүлөсү да карапайым адамдар экенин жазган.
Алар ошондой эле Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев, Кубанычбек Кадыров жана Эрмек Эрматов менен тааныш эмес экенин, а түгүл экөө бири-бирин таанышпаганын, болгону кармалган күнү бир хостелге жатып калышканын билдиришкен.
Кат ээси ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго да кайрылып, аларды былтыр күзүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чүй облустук башкармалыгынын башчысы - "Эду" каймана аттуу адам сабаганын да билдирген.
Казак жараны тергөө абагынан жазган кат. Бишкек. 1-сентябрь, 2026-жыл.
Анда ошондой эле алар түрмөдө мыйзамсыз кармалып турушканын, Кыргызстандагы оппозицияга эч кандай байланышы жоктугун, эч кимди тааныбасын жазган. Кат ээси Садыр Жапаровдон бул ишти өзү көзөмөлгө алууну суранган.
"Султанбековдун ишине кошулган"
Бул каттын ээси белгилегендей, 2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңгизаттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.
Кармалгандардын ичинен “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаевге жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси – “Бийликти күч менен басып алуу” менен күнөө коюлган. Эрмек Эрматовго, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеевге, активист Турсунбай Шараповго, экс-депутат Шайлообек Атазовго жана ишкер Урмат Барктабасовго, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адамга “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча айып тагылган.
Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан.
2025-жылы 22-ноябрда кармалып, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Массалык башаламандыктар” деген беренелер менен айыпталган жоон топ саясатчылардын ичинен экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов быйыл 25-январда үй камагына чыгарылган. Мурдагы президенттин жансакчысы Дамир Мусакеев башка жакка кетпөө тилкаты менен 9-июлда камактан бошотулган. Ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) эки адам да үй камагына чыккан.
Шайлообек Атазовдун, Урмат Барктабасовдун, Дамир Мусакеевдин иши өзүнчө бөлүнгөнү кабарланган.
Дагы караңыз
Жапырт кармалгандар: Үч шектүүгө "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси менен айып коюлдуИИМдин маалыматында бул ишке айыпталып кармалгандардын арасында Казакстандын жарандары бардыгы тууралуу айтылган эмес.
Темирлан Султанбековдун адвокаты Асел Аргымбаева алар айыпталып жаткан иш боюнча эки казак жараны да айыпталып жатканын ырастады.
Асел Аргымбаева.
"Серикбай Кабыланбекке каршы 2025-жылы, сентябрда козголгон кылмыш иши жана "Социал-демократтар" партиясынын лидерлерине 2025-жылдын ноябрында козголгон кылмыш иши өз-өзүнчө өндүрүштө, эки башка мекеме тарабынан иликтенип жаткан. Бирок, 2026-жылы, май айынын аягында кылмыш иштерин сотко өткөрүүнүн алдында тергөө бул эки ишти бириктирди. Эмне үчүн? Жооп белгилүү. Айыптоо тарапта Султанбеков, Эрматов, Атамбаев жана Кадыровго каршы "бийликти басып алуу аракети" беренеси боюнча реалдуу далил жок болчу. Бардык далил базасы Маевка айылындагы шайлоо тууралуу сүйлөшүүгө негизделген. Монтаждалган роликти өзүңүз деле соцтармактардан көргөнсүз. Ишти татаалдантып, "трансулуттук кутум" макамын берүү максатында тергөө саясатчылардын ишине Казакстан жаранынын ишин "тигип койгон". Кылмыш ишинин материалдарында Серикбай Кабыланбекти Султанбеков, Атамбаев, Эрматов же Кадыровго байланыштырган эч кандай далил - аудио, жазышуулар же аңдуунун жыйынтыгы жок. Алар эч качан көрүшкөн эмес, телефон аркылуу да сүйлөшкөн эмес, алар бири-бири тууралуу эч кандай маалыматы да болгон эмес. Мындан тышкары Серикбай Кабыланбектин сурак протоколунда ал өзү тергөөчүнүн суроосуна так жооп берип, эч качан саясат менен алектенбегенин, Казакстанда да, Кыргызстанда да саясий ишмердүүлүк менен алектенбегенин, айыпталып жаткан саясатчылардын бирин да тааныбасын айткан. Ошондуктан, Серикбай Кабыланбектин эки өлкө президенттерине жазган кайрылуусу - биздин, жактоо тараптын башынан эле бул кылмыш иши буйрутма, жасалма экенин айтып келе жатканыбызды тастыктап турат. Коңшу өлкөнүн жараны иш жүзүндө Кыргызстандагы ички саясий жараяндын туткуну болуп отурат".
"Бийликке кызыкчылык"
"Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев, Эрмек Эрматов кармалардан бир нече убакыт мурун, президент Садыр Жапаров менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн энергетикалык абалы боюнча кайым айтышкан.
Блогер Айбек Теңизбай "Социал-демократтар партиясынын лидерлери"кармалышы тек жерден болбогонун" белгилеп, муну Атамбаевдин кайра бийликке келүү аракети менен байланыштырды:
Айбек Теңизбай
"Алмазбек Атамбаевдин тобу Кыргызстанда ишмердүүлүгүн активдүү жүргүзүп жаткан саясий күчтөрдүн бири. Мыйзамдуу да, мыйзамсыз да иш-аракеттерин көрүп жатышат. Мыйзамдуу дегеним - партиясы аркылуу шайлоолорго катышканы. Ал эми азыркы сот иштери көрсөтүп жаткандай, мыйзамсыз аракеттери да байкалгандай. Так баа берүү оорураак, анткени сот жабык жүрүп жатат. Эгер соцтармактарга тараган видеого таяна турган болсок, ал жакта бийликке болгон амбициясы кыйыр түрдө байкалып турат. Бул ишке албетте сот баасын берет".
2025-жылдын аягында президент Садыр Жапаров мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди наамдарынан, сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Президенттин администрациясы тараткан маалыматта, бул Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2025-жылдын 3-июнундагы өкүмүн аткаруу үчүн жасалганы белгиленген.
"Азаттыкка" жеткен маалыматтарга караганда, казак жараны Серыкбай Кабыланбек Кыргызстанга кирип-чыгып, автоунаа сатып иштеген. Кошо кармалганы айтылып жаткан экинчи казакстандык менен бир мейманканада жатканы үчүн чогуу кармалган.