Соодагерге арзан, элге кымбат. Ошто эттин баасына нааразылар мэрияга чогулду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ошто эттин баасына нааразы болгон 60тай соодагер Ош мэриясынын алдына чогулду. Алар өкмөт койгон 770 сом деген баа арзан экенин айтып, 1 кг уй этин 850 сомго көтөрүү талабы менен чыгышты. Өткөн аптада өкмөт өлкө боюнча бааны карап, уй этин 1 кг эт 770 сом деп бекиткен. Мындай чечим аймактагы эт саткан соодагерлердин нааразылыгын жаратты. Буга чейин эттин баасы 900 сомдун тегерегинде сатылып жаткан.