Таиландда мектепте ок атылып, бир нече адам каза болду

Окуя болгон жер.

Таиланддын борбору Бангкоктун четиндеги мектептердин биринде 7-августта окуучу тапанчадан ок чыгарып, адамдар каза болду. Баштапкы маалыматтарда курмандыктардын саны түрдүү айтылууда.

Айрым маалымат агенттиктери алты адам (үч мугалим, үч окуучу) десе, кээ бирлери тогуз (ок чыгарган бала өзү, анын чоң атасы менен чоң энеси, үч окуучу жана үч мугалим) деген санды атап жатышат.

Бирок полиция ок аткан окуучу каза болду деген маалыматты четке какты. Ал өз жанын кыюуга аракет кылганы, учурда оор абалда ооруканада экени кабарланды.

Жараат алгандар, соңку маалымат боюнча, кеминде 15 адам.

Полиция колдонулган курал шектүүнүн үй-бүлөсүнө таандык болгонун билдирди.

Нонтхабури провинциясынын полиция башчысы Дечрапи Конгдинин айтымында, шектүү тогузунчу класстын окуучусу.

Окуя Бангкокко жакын Нонтхабуридеги Таиланддын падышалык үй-бүлөсү негиздеген абройлуу Дебсирин мектебинде болду. Анда 31 миңге жакын окуучу билим алып, 147 мугалим иштейт. Мектептин бүтүрүүчүлөрү арасында Таиланддын белгилүү саясатчылары, окумуштуулары жана жазуучулары бар.

Reuters белгилегендей, ушуну менен быйыл Таиландда мектепте ок атылган экинчи окуя катталды. Февраль айында өлкөнүн түштүгүндөгү мектептердин биринде окуучу директорду өлтүрүп, дагы эки баланы жарадар кылган. Анда кол салган баланы полиция атып өлтүргөн.

Дагы караңыз

Президент Жапаров блогерлерди салыктан бошоткон мыйзамга кол койдуГемодиализ чыры: акча маркумдарга да которулганбы?"Мыкты даярдыгы барлар гана чыксын". Жеңиш чокусу боюнча жаңы талап Армения ЕБ жана ЕАЭБдеги мүчөлүгү боюнча азырынча референдум өткөрбөйт