Ташкент: Президенттик жолдогу кандуу кырсык. Кортеж кимге таандык?

Ташкенттеги жол кырсыгы болгон жер. 2026-жылдын 16-июлу. Өзбекстандын Ички иштер министрлигине таандык сүрөт

16-июлда Ташкентте президенттик жолдо чоң ылдамдыкта бара жаткан Жол кыймылынын коопсуздугу кызматкерлеринин мотоциклдери жеңил автоунаа менен кагышкан. Кызматтык мотоцикл айдаган кызматкер ошол жерден жан берип, бир нече киши ар кандай жаракаттар менен ооруканага түшкөн.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсык "президенттик кортеж" үчүн жол жабылгандан кийин болгон. "Азаттыктын" өзбек кызматынын күч түзүмдөрүндөгү эки булагы да бул мотоциклдер президенттик кортеждин курамында экенин билдиришти.

Кырсык Ташкенттин Мирзо Улугбек районундагы көчөдө болгон. Бул көчө президенттик кортеж өтчү маалда жабылып турат. Өзбекстандын Жол кыймылынын коопсуздугу кызматы кандуу кырсык өкмөттүк кортежди жандап жүрүү маалында болду деген маалыматтарды четке какканы менен коомчулукта ага ишенбегендер көп.

Окуядан кийин 17-июлдун кечинде Өзбекстандын Президенттин коопсуздук кызматынын башчысы Алишер Усмонов кызматтан алынганы маалымдалды.

2020-жылдын декабрынан бери аталган мекемени башкарып келген Алишер Усмоновдун кызматтан кеткени ар кандай талкууларга жем таштады. Анын ордуна президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен генерал-лейтенант Рустам Жураев дайындалды.

Кырсык болгон 16-июль күнү саат 18:30дар чамасында Мирзо Улугбек районундагы Дормон жолу көчөсү бир аз убакытка жабылганы тууралуу видеолор социалдык тармактарда тарады.

Видеолордун биринен кара түстөгү фургон менен дагы бир кара автоунаа катуу ылдамдыкта өтүп кеткенден кийин жол коопсуздук кызматкери көчөдөн өтүүгө уруксат бергени, ошол маалда жүрүп бараткан жеңил автоунааны сол тараптан катуу ылдамдыкта келе жаткан эки мотоцикл сүзүп кеткени көрүнөт.

Жол кыймылынын коопсуздугу кызматы кырсык тууралуу мындай түшүндүрмө берген:

"Бул көчө менен үч инспектор патрулдук мотоциклдер менен бара жаткан учурда, Газалкент көчөсү тараптан кесилишке чыккан Onix үлгүсүндөгү автоунаа менен кагышкан. Натыйжада мотоцикл айдап бара жаткан кызматкерлеринин бири алган жаракаттарынан улам ошол жерде каза болгон. Жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүлүүдө".

Расмий билдирүүдө кырсыктын так себеби айтылган эмес. Азыр тергөө жүрүп жатканы жана кошумча маалымат кийинчерээк берилери маалымдалган.

Ошондой эле Onix автоунаасында канча адам болгону же дагы кимдер жабыркаганы тууралуу маалымат жок.

Жол кыймылынын коопсуздугу кызматы социалдык тармактарда бул кырсык кортежди коштоп жүрүү учурунда болгон деген пикирлерди төгүндөп, элди туура эмес маалыматтарды жайылтпоого чакырды.

Коомдогу реакция

Анткен менен социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында кырсык коопсуздук кызматкерлеринин катасынан болгон деген пикир басымдуу. Алар жол эрте ачылып кеткен же мотоциклдер катуу ылдамдыкта бараткан деген көз карашты карманышат. Соцтармактардагы айрым пикирлер менен бөлүшөлү:

"Мотоциклдер өтө чоң ылдамдыкта кесилишке кирген. Кортеж деген системаны жок кылыш керек".

"Мыйзам баарына бирдей эмеспи? Айрым адамдар үчүн өзгөчө эрежелер барбы?"

"Мурда кортеждин аягы бир нече кесилиштен өтмөйүнчө жол ачылчу эмес. Бул абдан чоң ката болду".

Көптөгөн колдонуучулар жолдун жабылганын өз көздөрү менен көрүшкөнүн айтып, ал күнкү кортеж президенттики болгонун билдирип жатышат.

"Азаттыктын" күч органдарындагы эки булагы да машинени сүзгөн мотоциклдер президенттик кортеждин курамында болгонун билдирген.

"Бул кызматкерлер президенттик кортеждин акыркы бөлүгүндө келе жаткан коопсуздук кызматкерлери болчу. Алар каршы тараптан башка автоунаа чыга каларын күткөн эмес", – деди алар анономдүү шартта.

Дагы бир булак азыр бул окуя боюнча ички иликтөө башталганын жана жооптуу адамдар кызматынан кетиши мүмкүн экенин билдирген.