"Териштирүү уланат". Орунбековдун тизмеси боюнча сот отуруму өттү

Дайырбек Орунбековдун посту 20-июлда жарыяланган.

Прокуратура милицияны “Орунбековдун тизмеси” боюнча териштирүүнү улантууга милдеттендирди. Бир топ адам президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “жеке маалыматыбызды колдонду” деп арызданган. Кийин милиция териштирүүнү токтоткону үчүн укук коргоочулар сотко даттанган эле.

1-октябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун соцтармактагы билдирүүсүнө байланыштуу отурум өттү. Ал билдирүүдөгү сүрөттөр “Түндүк” мамлекеттик маалыматтык тутумунан алынганына нааразы болгондор милицияга арызданган.

Кийин тергөөчү баштапкы териштирүүнү токтоткону үчүн укук коргоочулар сотко даттанган. Бул тууралуу жабырлануучулардын биринин адвокаты адвокаты Нурбек Токтакунов "Азаттыкка" буларды билдирди:

“Прокуратура сотту күтпөй эле ал токтомду жокко чыгарган. Кийин текшерүү кайра уланып жатат. Бүгүн сот ошону менен бүттү. Анткени прокуратура чечимди өзү жокко чыгарса, соттун деле кереги жок болуп калды. Ленин райондук милициясы жабырлануучуларды суракка алып жатат. Орунбековду суракка алышы керек. Бул боюнча биз тергөөчүгө өтүнүч келтирип жатабыз. Ошондой эле Санарип өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлерин сурагыла дедик”.

Райондук сотто буга чейинки отурум 24-сентябрда өтүп, териштирүүнү улантуу боюнча прокурордун көрсөткөн документинде маселе жаралып, сот кийинки отурумга анын түп нускасын алып келүүнү тапшырган.

Дагы караңыз

"Ташы өйдө кулаган" Туманбаев, ишкана-мекемелерди "жуткан" Иш башкармалык

Ленин райондук милициясы териштирүү жүрүп жатканын "Азаттыкка" билдирди.

"Учурда текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү чечим кабыл алынат", - деп жазылган билдирүүдө.

Жабырлануучулардын бири Динара Ошурахунова милицияга бир ирет чакырылганын айтты:

“Милицияга чакырышканда адвокат менен бардык. Өзүбүздүн арызды, эмнеге арызданып жатканыбызды кайра айтып бердик. Ошону менен бүттү. Билбейм, түшүнүшөбү, жокпу. Бирок мыйзам бузулду дегенди эле карап берсе, ошого эле рахмат айтмакпыз. Санарип реформа болуп жаткандан кийин “Түндүккө” ишеним болушу керек”.

Дайырбек Орунбеков 20-июлда Фейсбукта Кыргызстанда саясатчылардын тарапташтары өздөрүнүн жана фейк аккаунттар аркылуу чет элдиктер жөнүндө терс маалыматтарды таратып жатканын жазган.

Постко социалдык тармактарда өзүнүн пикирин активдүү билдирген 70тен ашуун кишинин ар бири тууралуу маалымат, сүрөтү, туулган күнү, айы, жылы менен коштолгон тизме тиркелген.

“Жалган маалыматтарды таратып, улут аралык кастыкты козуткандыгыңар үчүн мыйзам алдында жооп берип, камаласыңар. Токтоткула ушагыңарды. Темир жол бүтүп, завод-фабрикалар салынышы керек. Биз өндүрүшү өнүккөн, экономикасы кубаттуу, эмгек акылары менен жөлөк пулдары жогору өлкөдө жашагыбыз келет. Силерге 30 жыл алдандык. Эми алданбайбыз. Президенттин администрациясынын Кырдаалдык борборунун мониторинг бөлүмү социалдык тармактар аркылуу коомчулукту козутууга аракет кылган аккаунттарды, алардын байланыштарын аныктап жатат. Мындан тышкары, укук коргоо органдары дагы иш алып барууда”, - деп жазган ал.

Дагы караңыз

Орунбековдун тизмеси: Милиция териштирүү баштадыбы?

Орунбеков мындай маалыматтарды “мурдараак Адахан Мадумаровдун, Алмазбек Атамбаевдин жана өкмөттүк эмес уюмдардын тарапташтары таратып” келген болсо, эми аларга Камчыбек Ташиевдин командасынын фейктери кошулганын” жазган. Бирок көп өтпөй Ташиев жөнүндө сөздү алып, ага байланыштырган адамдардын тизмесин да өчүргөн.

Постто аты аталган жарандар “Түндүк” системасындагы жеке маалыматтарынын ачыкка чыгып кеткенине нааразы болуп, айрымдар бул үчүн Орунбековду сотко берерин айткан.

Жабырлануучулардын арасында саясат таануучу Эмилбек Жороев да бар.

"Бул иште кандай күбөлөрдү сураш керектиги да кызык жагдай. Анткени элге ачык жарыялап койгон нерсени тергөө оңой эле көрүп алса болот. Ал үчүн териштирүүнүн деле кереги жок. Буга бир болсо да даттануучунун болушу жетиштүү. Бул эң маанилүү нерсе. Жаңы технологиялар киргенден бери жеке маалыматтардын купуялуулугу жөнүндө сөз кылып, мыйзамдарды, Санарип кодексти кабыл алгандан кийин мындай жаш баланыкындай алешемдиктин болгону эң кооптуу. Бул жарандык маалыматтын коопсуздугуна чоң доо кетирет. Маанилүү деңгээлдеги мамлекеттик кызматкер маалыматтарды жарыялап жатса, шайлоо системасына ишеним кетет, банктык коопсуздук боюнча да суроо жаралат. Мунун баары ошол тутумга байланышкан", - деди ал.

Териштирүү жана айтылган сын-дооматтар боюнча Дайырбек Орунбековдун пикирин алууга мүмкүн болгон жок.

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик Орунбеков жарыялаган тизмеде ондогон адамдардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткенине байланыштуу териштирүү башталганын билдирген. Анын жыйынтыгы боюнча азыркыга чейин маалымат бериле элек.

“Түндүк” ачык акционердик коомунун 100 пайыз акциясы Президенттин иш башкармалыгына өткөнү быйыл май айында белгилүү болгон. Иш башкармалык жарандардын мамлекет купуялыгын кепилдеген маалыматынын ачыкка чыгып кетишине байланыштуу комментарий бере элек.