Токторбаев: Ошту 2,3 млрд сом карыз менен калтыргам

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мурдагы мэр Жеңиш Токторбаев “Азаттыкка” курган маегинде "Ошту 12 млрд сом карызы менен калтырды" деген кептерге байланыштуу жооп берди. Ал шаардагы ишкерлерге мэрия 2 млрд 300 млн сомго жакын карызы экенин тактады. Буга чейин айтылып келген “Токторбаевдин мейманканасы текшерилип жатат” деген билдирүүлөргө да жооп берди. Шаардагы инвестиция азайбаганын айтып, учурда айрым курулуштардын токтоп калган себебин түшүндүрдү.