Төрөтканада вирустан өчкөн өмүрлөр

Иллюстрациялык сүрөт.

Март айынан бери Кыргызстанда коронавирус инфекциясынан 28 кош бойлуу аял көз жумду.

Кыргызстанда 1,5 миңден ашуун аялга март айынан бери коронавирус оорусу жуккан. Анын 800дөн ашуунун абалы оорлоп, ооруканага жатып чыкса, калганы амбулатордук негизде үйүнөн дарыланган.

COVID-19 жаңы вирус болгондуктан, болочок эне менен балага тийгизген таасири толук кандуу дүйнө жүзүндө да изилденип бүтө элек.

Ошого карабай ар бир өлкөнүн саламаттык сектору боюнда бар аялдардын абалын өз алдынча анализдеп жаткан кези.

Дагы караңыз Бишкектик дарыгерлер Чоң-Алайдагы келинди аман алып калышты

Акушер-гинекологдор бирикмесинин жетекчиси, профессор Арсен Аскеровдун айтымында, Кыргызстанда кош бойлуу 28 келин коронавирустун айынан жарык дүйнө менен кош айтышкан.

Дарыгер айрыкча өнөкөт дарты бар болочок энелер вирусту көтөрө албай жатканын белгиледи.

"Пандемия башталгандан бери коронавирус жугуп каза болгон боюнда бар аялдар 27-28ге жетип калды. Азыр так санын аныктап жатабыз. Вирус жуктуруп алган кош бойлуулар эки эле деңгээлде оорушат. Көпчүлүгү жеңил формада ооруп айыгууда. Бирок, абалы оорлоп кеткендер да бар. Биз катуу ооруп калгандарды айыктырууда өтө кыйналып жатабыз. Себеби, алардын вирустан башка да кошумча өнөкөт дарттары болууда. Маселен, кант диабети, жүрөк-кан тамыр жана кан басым оорулары барларды дарылоо кыйынчылык жаратууда. Боюнда бар аялды коронавирустан дарылоо үчүн ымыркайдын да ден соолугу биринчи орунда тургандыктан, эки кишинин өмүрү үчүн бирдей күрөш жүрөт".

Дагы караңыз Коронавирус кош бойлуу аял үчүн кооптуу

Карантиндик изолятор жайлар бар

Кош бойлуу жана төрөт маалы чукулдаган аялдарды тейлөө карантиндик шартта да уланып, Бишкек жана Ош шаарларында коронавируска күмөн саналган боюнда бар бейтаптар үчүн обсервациялык төрөтканалар, изоляторлор ачылган.

Ош шаарында акушер-гинеколог болуп иштеген Гүлбара Ташибекова оору күчөгөн жай айларында Ош шаарында кош бойлуу үч аял вирустан каза тапканын билдирди:

"Азыр биздин төрөтканаларга кош бойлуу, бирок коронавируска күмөн саналгандар атайын изоляторго жаткырылат. Кош бойлуу келин COVID-19га чалдыкса, аны жугуштуу оорулардын клиникасына жибербейбиз. Аларды медициналык кароо жакшы эле жүрүп жатат. Тилекке каршы, оору күчөгөн июль айында Ош шаарында кош бойлуу үч аял каза болду. Бирөөнүн өпкөсү 90% жабыркап келген, экинчисинде өнөкөт кант диабети болгон. Оорусу күчөп, вируска диабет кошулуп кеткенде көтөрө албай калды. Үчүнчүсү - Орусиядан келген мигрант келин болчу. Коронавируска чалдыгып психикалык жактан катуу кыйналгандыктан, 3-кабаттан боюн таштап жиберди. Кант диабети менен ооруган келиндин ымыркайы да чарчап калды".

Дагы караңыз Ыргытылган ымыркай, ырайымсыз коом

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 76 718 кишиге жукту. Анын 69 341 айыкканы айтылды. Вирустан жана пневмония илдетинен 1307 адам кайтыш болду.

Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы үч киши 18-мартта аныкталган.