АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран Ормуз кысыгын токтоосуз ачууга көнгөндөн кийин, Иран бомбалоону эки жумага токтотууга макул болгонун билдирди.
Өз кезегинде Иран ок атышууну токтотууга даяр экенин билдирип, бир катар шарттарды койду.
"Мен Иранды бомбалоолону жана чабуулдарды эки жумага токтотууга макулмун", - деп жазды Трамп Truth социалдык баракчасына.
Анын айтымында, Ирандан "10 пункттан турган сунуш" алынган жана ал аны "сүйлөшүүлөр үчүн иштей турган негиз" деп эсептейт. Трамп бул эки жума акыркы келишимге жетишүү үчүн керек экенин белгиледи.
Бир күн мурда АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен келишим жетишилбесе кесепеттери олуттуу болорун эскерткен.
Эгер Иран жай турмушта дүйнөлүк мунайдын жана суюлтулган газдын болжол менен 20% өткөн Ормуз кысыгын ачпаса, Ирандын жарандык инфраструктурасын, анын ичинде көпүрөлөрдү жана электр станцияларын бомбалоо менен коркуткан. "Иран цивилизациясын жер менен жексен" кыларын айткан.
Бул талаптын мөөнөтү Гринвич убактысы боюнча 8-апрелде саат 01:00дө аякташы керек болчу. Трамп "ок атышууну токтотуу" тууралуу бул мөөнөткө бир сааттан ашык убакыт калганда жазды.
Акыркы сааттарда Пакистан Иран менен АКШ ортосунда ортомчу катары чыгып, тараптарга тынчтык сунушун өткөрүп бергенин ачык билдирди. Ал сунушта Вашингтондон бомбалоону эки жумага токтотуу, ал эми Тегерандан кысыкты ачуу камтылган. Өз постунда Трамп Шехбаз Шариф жана фельдмаршал Асим Мунир менен сүйлөшкөнүн айтып, алар андан "бүгүн кечинде Иранга багытталган кыйратуучу күчтү тизгиндеп тизгиндеп турууну" суранышканын белгиледи.
"АКШ менен Ирандын ортосундагы мурдагы талаштуу маселелердин дээрлик баары макулдашылды, бирок эки жумалык мөөнөт келишимди акыркы формага келтирип, аны ишке ашырууга мүмкүндүк берет", - деген Трамп.
Трамптын билдирүүсүнөн болжол менен бир саат өткөндөн кийин Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи жана өзүнчө Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңеш Тегеран эки жумалык ок атышууну токтотууга жана Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин каттамын калыбына келтирүүгө макул экенин жарыялашты.
Арагчи кеме жүрүшү "Ирандын Куралдуу күчтөрү менен координацияда жана техникалык чектөөлөрдү эске алуу менен" ишке ашарын белгиледи.
Ирандын мамлекеттик телеканалы Трамптын билдирүүсү тууралуу дароо кабарлады.
"Трамп согушту токтотуу үчүн Ирандын шарттарын кабыл алып, эки жумалык ок атышууну токтотуу жарыяланды". Иран телеканалы АКШ президентинин билдирүүсүн "анти-ирандык риторикадан уяттуу артка чегинүү" деп мүнөздөдү.
Ирандагы соңку кырдаал
Ирандын расмий өкүлдөрү жана маалымат каражаттары 6-7-апрель күндөрү Тегеран, Исфахан, Ахваз жана башка бир катар шаарлар аба соккуларына кабылганын билдиришти. Социалдык тармактарда тараган видеолордон баш калаадагы Мехрабад аэропорту жайгашкан жерде асманга коюу түтүн көтөрүлүп жатканын, Пардис шаарындагы ураган имараттарды көрүүгө болот.
Мешхед жана Тебриз шаарларында да жарылуулар катталды.
Социалдык медианын айрым колдонуучулары согуш учактары жерге жакын учуп жүргөнүн сүрөттөп айтып берүүдө.
Жергиликтүү медиа борбор калаа Тегерандагы тарыхый синагога жабыркаганын жазды. Иран парламентиндеги жөөт жамаатынын өкүлү Хомаюн Самех “байыркы” жана “ыйык” имараттын урандылары астында Тоораттын жазуулары калганын билдирди.
7-апрелде эртең менен чыккан кабарларга караганда, кеминде 15 киши каза тапты, төрт аскер Исфаханда, Хормозганда эки карапайым киши набыт болгону кабарланды.
Израил шейшембинин таңында Тегеранга жана өлкөнүн жер-жерине сокку урганын билдирди.
Дагы караңыз
АКШнын аскердик учагы Иранда атып түшүрүлдүМунун алдында, 6-апрелде Ислам жумуриятынын Кызыл Ай уюму башкалаада калк жашаган район соккуга учурагандан кийинки куткаруу иштери жүрүп жаткан видеону таратты. Алардын маалыматына караганда, бутага Кум шаары алынган.
Ошол эле күнү Израилдин коргоо министри Ирандын Парс провинциясындагы ири мунай-химиялык комплекси катуу соккуларга туш болгонун билдирген. Өткөн ишембиде Хузестан чөлкөмүндөгү мунай өнөр жай зонасы аткыланганда беш киши набыт болгонун жергиликтүү өкүлдөр кабарлаган.
Ал эми Тел-Авивде шейшембиде сиреналар жаңырып, жарылуулар угулганы маалымдалды. ЦАХАЛдын айтымында, Иран тараптан атылган ракеталар аныкталган.
Мындан тышкары израилдик аскерлер Х социалдык түйүнүнө перс тилинде жарыяланган постунда сокку ыктымалдыгын кыйытып, шейшембинин кечине чейин Ирандын жашоочуларын коопсуздуктан улам поезд менен жүрбөөгө жана темир жолдордон оолак болууга чакырды.
"Өтө маанилүү учур". Трамп Иранга кескин эскертүү берди
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Иран согушту токтотуу жана Ормуз кысыгын ачуу боюнча макулдашууга макул болбосо анын электр станцияларын жана көпүрөлөрүн жок кыларын айтып кайрадан коркутту, өлкө "бир түндө жок кылынышы мүмкүн" деп да эскертти.
6-апрелде Ак үйдө өткөн маалымат жыйынында коргоо министри Пит Хегсет, штаб башчыларынын биргелешкен комитетинин төрагасы Дэн Кейн жана Борбордук чалгын башкармалыгынын директору Жон Рэтклифф менен бирге сүйлөп жатып Трамп муну тездик менен күчөп бараткан тирешүүдөгү чечүүчү учур деп атады:
"Бүт өлкө бир түндө жок кылынышы мүмкүн - жана ал түн эртең болушу ыктымал", - деди Трамп Иран АКШнын талаптарын аткарышы керек болгон 7-апрелдеги мөөнөттү баса белгилеп.
"Бул өтө маанилүү учур. Аларда эртеңкиге чейин, саат сегизге чейин убакыт бар", - деп кошумчалады америкалык лидер.
Трамп «Шейшемби [7-апрель] Иран үчүн бир эле учурда “Электр станциялары күнү” жана “Көпүрөлөр күнү” болот. Мындай нерсе мурда болгон эмес!!! Кысыкты ачкыла, акылсыздар, болбосо тозокто жашайсыңар. КӨРӨСҮҢӨР!» - деп Truth Social социалдык тармагына 6-апрелде жазган.
Трамптын акыркы ультиматумунун мөөнөтү анын социалдык тармактардагы билдирүүлөрүндө жана медиага курган маектеринде бир нече жолу өзгөрдү.
5-апрелде The Wall Street Journal басылмасына маегинде ал Иран эки күндүн ичинде Ормуз кысыгын кайра ачышы керек экенин, болбосо «өлкөдөгү бардык электр станцияларын жана башка объекттерин жоготушарын» айткан.
Кийинчерээк 7-апрель, АКШнын чыгыш убактысы боюнча кечки саат 20:00го чейин (Бишкек убактысы менен 8-апрель, саат таңкы алты) убакыт берген.
Улуттар уюмунун башкы катчысы Антонио Гутерриштин басма сөз өкүлү Стефан Дүжаррик Иранда жарандык жайларды бутага алууга эл аралык мыйзамдар жол бербесин эске салды.
Европа кеңешинин төрагасы Антонио Кошта да аскердик эмес инфраструктурага соккуларды “мыйзамсыз” жана “кабыл алынгыс” аракет деп баалады.
Жарандык жайларды бутага алуу согуш кылмышы болуп саналарын эскерткендердин сын сөздөрүн Трамп четке какты.
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Багаи Кошмо Штаттар дипломатиялык ишенимден чыкканын, Вашингтон соккуларын күчөтөрүн айтып, ошол эле маалда сүйлөшүүлөрдү сунуш кылганын белгиледи:
"Иран өз өлкөсүн коргоодо “акыркы мөөнөт” деген нерселерден коркпош керек. Биз буга чейинки тажрыйбабыздан билгендей, ок атууну токтотсок каршы тарап тыныгуудан пайдаланат жана жаңы күч менен кылмыштарын улантат. Биз бул таңууланган согушка чекит коюуну жана ок атууну токтотуп, кайра уруш баштоо айлампасы кайталанбайт деген кепилдиктерди талап кылабыз".
Багаи соңку бир нече күндөн бери Иран Ормуз кысыгындагы коопсуздукту камсыздоо чараларын көргөнүн, ошол эле маалда душмандардын кемелерине ал жактан өтүүгө уруксат берилбесин билдирди.
Трамптын билдирүүлөрүнө жооп кылып Иран парламентинин төрагасы Мохаммад Багер Калибаф АКШны «кооптуу оюнду» токтотууга чакырган.
Ал Вашингтонду «жоопкерчиликсиз кадамдарга» барууда деп айыптап, «бул бүтүндөй аймакты алоолонтуп жибериши мүмкүн» экенин эскерткен.
Ошол эле учурда Трамп 3-апрелде Ирандын түштүк-батышында атып түшүрүлгөн F-15E Strike Eagle учагынын экинчи учкучу куткарылганын билдирген.
Түн ичинде жүргүзүлгөн бул татаал операцияга АКШнын атайын күчтөрү катышып, ага Ислам революциясынын сакчылар корпусу жана «Басиж» кошуундары тоскоолдук жаратууга аракет кылышкан.
Дагы караңыз
"Башка согуштарды дыкат изилдеп турат". Бээжин Ирандагы жаңжалдан кандай сабак алууда?Жашыруун дипломатия
Коркутууларга карабастан Трамп дипломатиялык мүмкүнчүлүк дагы бар экенин билдирүүдө.
Axios басылмасынын маалыматына ылайык, АКШ, Иран жана аймактык ортомчулар 45 күндүк ок атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат. Бул келишим кийин туруктуу тынчтыкка алып келиши мүмкүн.
Трамп Axios’ко курган маегинде келишимге жетишүү мүмкүнчүлүгү «жакшы» экенин айтты.
«Мүмкүнчүлүк бар, бирок эгер келишим болбосо ал жактагынын баарын талкалайм», — деди ал.
Маалымат булактары билдиргендей, АКШ менен Израилдин Ирандын энергетикалык объекттерине каршы ири бомбалоо планы даяр турат. Бирок мөөнөттү узартуу дипломатияга акыркы мүмкүнчүлүк берүү максатын көздөйт.
Ошол эле учурда Reuters агенттиги Пакистан даярдаган сунуш тараптарга берилгенин кабарлады. Бул план шарттуу түрдө «Исламабад келишими» деп аталат.
Дагы караңыз
Ирандын чалгын кызматынын башчысы Хадеми аба соккудан набыт болдуАга ылайык, ок атышуу дароо токтотулуп, Ормуз кысыгы толук ачылышы керек. Андан кийин 15–20 күн ичинде кеңири келишим түзүлүп, анда Иран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча милдеттенмелерди алып, анын ордуна санкциялар жеңилдетилип, камактагы активдердин кайтарылышы каралат.
Пакистан армиясынын башчысы, фельдмаршал Aсим Мунир түн ичинде АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс, Ак үйдүн атайын өкүлү Стив Уиткофф жана Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен байланышта болду.
Иран бул сунуштарга жооп бере элек.
6-апрелде Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары билдиргендей, Тегеран шаарына жакын аймактарда АКШнын жана Израилдин аба соккуларынан кеминде 19 адам каза болуп, 20 киши жаракат алган.
Шахрияр жана Бахарестан райондору соккуга кабылып, эки турак жай имараты толугу менен талкаланды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таянып IRNA агенттиги билдирген.
6-апрелдеги таңкы чабуулдарда Ислам революциясынын сакчылар корпусунун чалгын кызматынын башчысы Мажид Хадеми набыт болгону кабарланды. Ал 2025-жылы бул кызматка дайындалып, мурда жогорку деңгээлдеги чалгын жана контрчалгын кызматтарында иштеген.
Израилдин маалымат каражаттары 6-апрелде Иран Тел-Авив шаарынын аймагына чабуул койгон учурунда кассеталык ок-дары колдонгонун билдиришти.
Ynet агенттигинин маалыматына ылайык, болжол менен 20 жерге сокку тийген. Бир нече адам жаракат алып, алардын бири оор абалда. Ошондой эле мектеп имараты жабыркаганы айтылды.