Трамп соккулар токтогонун жарыялады. АКШ менен Иран мунасага келеби?

Иран. Бандар-Аббас порту. Ормуз кысыгы. Май, 2026-жыл

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы "жапырт соккулар" токтогондон кийин тараптардын сүйлөшүүлөрү 3-августта башталарын айтты. Иран азырынча сүйлөшүүлөрдүн датасын да, ага катышууга даяр экенин да ырастай элек.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы "жапырт соккулар" токтогондон кийин тараптардын сүйлөшүүлөрү 3-августта башталарын айтты.

Трамп Air Force One учагында 2-августта журналисттерге маалымат берип жатып: "Биз алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алар эртең түштөн кийин башталат", - деди.

Буга чейин Трамп Truth Social социалдык тармагында Иран жана АКШнын Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү келишимдин "негизги шарттары" буга чейин макулдашылгандыктан, кандайдыр бир чабуулдан карманып турууну суранышканын жазган.

Иран азырынча Трамптын билдирүүлөрүнө жооп бере элек. АКШ президенти буга чейин да жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга жакындап калганын бир нече жолу айткан, бирок андан кийин соккулар уланган.

Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Тегеран менен келишим качан түзүлөрү тууралуу так мөөнөт айткан жок.

"Көрөбүз, баары кандай өнүгөрүн. Биз кайсы учур болбосун аракет көрүүгө даярбыз. Мен киши канына забын болгум келбейт", - деп билдирди.

Дональд Трамп Air Force One учагында 2-августта журналисттерге маалымат берип жатат

Трамп ошондой эле Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман жана АКШнын өнөктөштөрү - БАЭ менен Катар аны дем алыш күндөрү соккулардан баш тартууга чакырышканын айтты.

"Биз сүйлөшүүлөргө даяр болчубуз. Алардын өтүнүчүнүн себеби, алар келишим түзүлүп калды деп эсептешет. Ормуз кысыгы боюнча келишим түзүлгөн, эми өзөктүк программа боюнча келишим түзүлөт", — деди Трамп.

Анын билдирүүсүнөн кийин Азияда мунайдын дүйнөүк баасы арзандай түштү. Brent үлгүсүндөгү мунай 4,5% же 83,98 долларга арзандады. Ал эми америкалык базардагы мунай 4,6% же 80,74 долларга ылдыйлады.

31-июлда Трамптын министрлер кабинетинин жыйынында Иранга карата масштабдуу соккулар талкууланганы кабарланган.

Кийин Трамп чабуулдарды токтотуу чечими "дүйнөнүн келечеги үчүн жана ийгиликтүү жана гүлдөгөн Иранды сакталып калышы үчүн пайдалуу болот" деп билдирди.

Ормуз кысыгы. Мусандам, Оман. 2-август, 2026-жыл

Жекшемби күнү Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи Ормуз кысыгы боюнча келишимге байланыштуу Оман аркылуу жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөр "план боюнча жүрүп жатканын жана аяктоого жакындап калганын" айтканын ирандык маалымат каражаттары жазышты.

Президенттик учактын бортунда сүйлөп жатып, Дональд Трамп дүйшөмбү күнкү сүйлөшүүлөр кайсы жерде өтөрүн жана ага кимдер катышарын тактаган жок.

  • Дүйнөлүк стратегиялык маанидеги Ормуз кысыгы аркылуу Перс булуңундагы мамлекетте өндүрүлгөн мунайдын үлкөн бөлүгү дүйнөлүк базарга жетет.
  • Быйыл 28-февралда Израил менен АКШ Иранга сокку уруп, Тегеран ага жооп кайтарып, Перс булуңундагы америкалык базалар жайгашкан өлкөлөргө сокку ура баштаганда дүйнөлүк мунай жана газдын 20% ашууну ташылган Ормуз кысыгын жаап койгон. Бул дүйнөлүк рынокто мунайдын кымбатташын шарттады.