АКШ президенти Дональд Трамп уулунун үйлөнүү тоюн жарым-жартылай каржылаган Эл аралык бокс ассоциациясынын (IBA) президенти Умар Кремлёвгө берилген акча кийин кайтарылганын билдирди.
"Менин түшүнүгүмчө, уулум ал акчаны кайра кайтарып берген", - деди Трамп 18-сентябрда журналисттерге.
Ал муну "кадимки эле көрүнүш" деп атап, достордун үйлөнүү той сыяктуу салтанаттарды өткөрүүгө жардам бериши табигый нерсе экенин билдирди.
Журналисттер Кремлевдун Орусия бийлигине жакын адам экенин эске салып, анын Трамптын уулунун тоюн каржылоого катышуусу орундуубу деп сурашкан. Буга жооп кылган Трамп мындай жардам берүү "толук эле жол берилчү нерсе" экенин айтты.
Былтыр сентябрь айында ондогон ишкер жана спорт жетекчилери Стамбулда Эл аралык бокс ассоциациясы (IBA) уюштурган кечки сый тамакка жана жыйынга чогулган.
Иш-чараны Кремль менен байланышы бар ишкер, бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлев уюштурган. Ал сахнада туруп, "бизнести баалуулуктар, боксту калыстык, ал эми мурасты инновациялар менен айкалыштырган" жаңы демилге жарыялаган.
Жыйында сахнанын төрүндө иш-чаранын сыйлуу коногу АКШ президенти Дональд Трамптын тун уулу Дональд Трамп отурган. Ал Кремлевду мактап, буга чейинки Жайкы Олимпиада оюндарындагы эки аял мушкерге байланышкан чуулгандуу окуяны да кыйытып өткөн.
Умар Кремлев (ортодо), Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Стамбулдагы жыйында. Анын сол жагында Дональд Трамптын тун уулу отурат. 2025-жылдын сентябрь айы.
"Бул жөн гана бокс жөнүндө эмес. Бул жашоодогу сабак, тартип, ак ниеттик жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу. Бизге дал ушундай мурас керек. Мен Умарды жөн гана лидер эмес, досум деп сыймыктануу менен атай алам", - деген Трамптын уулу.
Стамбулдагы иш-чаранын видеолорунан америкалык сыйлуу конок ал кездеги колуктусу Беттина Андерсон менен келгенин көрүүгө болот.
Сегиз айдан кийин Трамптын уул-келини Флоридада үйлөнүү үлпөтүн өткөрүп, андан соң Багам аралдарындагы менчик аралда бир нече күнгө созулган той өткөн.
Дал ошол кечени Умар Кремлев каржылаган.
Бул тууралуу алгач ProPublica редакциясынын журналисттери иликтеп, андан соң The New York Times жазган. Басылмалар Трамптын тун уулунун Владимир Путин менен байланышы бар, ызы-чуудан башы чыкпаган Бокс федерациясынын жетекчиси менен болгон мамилесине көңүл бурган. Ошондой эле федерациянын уюшкан кылмыштуу топтор менен байланыштары тууралуу эбактан бери айтылган дооматтар да кайра калкып чыккан.
ProPublica жарыялаган макаладан көп өтпөй Трамптын уулу колуктусу Беттина менен билдирүү таратып, маалыматты тастыкташкан. Жубайлар муну жөн гана "досунун белеги" деп түшүндүрүшкөн.
"Жакын досубуз Умар үйлөнүү тоюбуздан КИЙИН биз үчүн укмуштуудай эки майрамдык кечени өтө кең пейилдик менен уюштуруп берди", - деп алар Instagram баракчасына жазышкан.
"Бул досубуздун биздин үйлөнүү тоюбузга өтө берешен белеги болду жана ага терең ыраазыбыз".
Жубайлар ошондой эле досунун белегинин артында кандайдыр бир саясат жоктугун белгилешкен:
"Жеке ак тилек кимдир бирөөнүн тек-жайына же кайдан келгенине байланыштуу саясий же күмөндүү көрүнүш болуп чыга келгени өкүнүчтүү. Достукка сөзсүз эле саясий себептин кереги жок. Берешендиктин артында такай эле жашыруун сыр жатпайт. Кээде үйлөнүү тойго берилген белек жөн эле белек болуп саналат".
The New York Times басылмасына Ак үйдөн келген билдирүүдө президент Дональд Трамп:
"Умардын ким экенин билбейм, ал тууралуу уккан дегеле уккан эмесмин. Ал Дон менен Беттинанын үйлөнүү тоюнун чыгымын көтөргөн эмес. Ал той башка жерде жана башка күнү өткөн", - деп түшүндүрмө берген.
Сөз уул-келининин "үйлөнүү тоюнан кийинки кечеси" тууралуу болуп жатканын айтып, "ал жерде эч бир маселе жок" деген Трамп.
Лутфуллоевден Кремлевге чейин
Умар Кремлев 1982-жылы Москванын түштүгүндөгү Серпухов шаарында туулган. Анын атасы Назар Лутфуллоевдун улуту тажик. Маалыматтар боюнча Умар кенедей кезинде атасы үй-бүлөсүн таштап кеткен. Апасы тууралуу маалымат жокко эсе.
2010-жылы Умар фамилиясын Кремлев деп өзгөрткөн. Ошентип Кремлев деген орусча кулакка жагымдуу фамилиясы менен бокс промоутери болуп иштей баштаган.
Умар Кремлев тарыхый мекенине каттап турат. 2023-жылы тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолуккан.
2000-жылдардын ортосунда эки кылмыш иши: опузалап акча талап кылуу жана кол салуу фактысы боюнча соттолгон.
Кремлев эл алдына чыкканда өспүрүм кезинен бокс менен машыкканын, бирок профессионал спортка аралашпаганын айткан.
Көп өтпөй Кремлев Путиндин колдоосуна таянат жана мамлекеттен каржыланат деп айтылып жүргөн улутчул "Түнкү карышкырлар" деген мото клубунун жыйындарына катыша баштаган.
Ошондой эле Федералдык коргоо кызматынын (ФСО) жогорку кызматкери Алексей Рубежный менен жакын тааныш. Бул кызмат Путиндин жана башка жогорку даражалуу мамлекеттик жетекчилердин коопсуздугун камсыздайт. Рубежный 2016-жылы бул мекеменин жетекчиси болуп дайындалган.
Дүйнөлүк боксту тооруган чыр
Рубежный ошол эле учурда Орусиянын бокс федерациясынын байкоочу кеңешин жетектеп турган. Кийинчерээк анын карындашы Кремлевге турмушка чыкканын Proyekt басылмасы жазган.
2017-жылы Кремлев Орусиянын бокс федерациясынын президенти болгон.
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Умар Кремлев Москвадагы "Лужники" спорт комплексиндеги бокс борборунда, 10- сентябрь, 2022-жыл.
Үч жылдан кийин Эл аралык бокс ассоциациясынын (IBA) президенти болуп шайланып, өзбекстандык ишкер Гафур Рахимовдун ордун баскан.
АКШ бийлиги Рахимовду эл аралык героин соодасына байланышкан ири кылмыштуу топтун жетекчилеринин бири деп айыптаган. Ал болсо бардык күнөөлөрдү четке каккан.
Кремлев федерациянын башына келген соң Орусиянын мамлекеттик "Газпром" компаниясы IBAнын ири каржылоочусу болуп чыга келген.
Анын тушунда IBA Эл аралык Олимпиада комитети (ЭОК) менен башкаруу системасы, каржы маселелери жана калыстыкка байланышкан күмөндүү иштерден улам ачык тирешүүгө өткөн.
Кремлев англисче субтитрлер менен чыккан видеолорунда ЭОКту жана анын ошол кездеги президенти Томас Бахты катуу сындаган.
2023-жылы Париж Олимпиадасында аял мушкерлердин ызы-чуусу чыга электе эле Олимпиада комитети Бокс ассоциациясын расмий тааныган чечимин артка кайтарып алган. Бул дүйнөлүк спорт тарыхындагы сейрек кездешкен чечим болгон.
Мындан тышкары IBA 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада оюндарындагы бокc таймаштарын уюштуруу укугунан ажыратылган.
2024-жылы Кремлев Орусиядагы эң ири автодилердик тармактардын бири болгон Rolf компаниясын өз көзөмөлүнө алган. Компаниянын негиздөөчүсү Сергей Петров өлкөдөн чыгып кеткенден кийин ал мамлекеттин карамагына өткөн.
Proyekt басылмасынын маалыматына караганда, компанияны улутташтыруу жана андан соң Кремлевге өткөрүп берүү чечимине ошол эле Алексей Рубежный катышкан.
Кремлев пайдалуу тамак-аш кошулмалары, автоунааларды жаңылоо жана башка тармактарга да инвестиция салган. "Коммерсант" басылмасы анын орусиялык Лига Ставок жана Фонбетте деген ири букмекердик компанияларда чоң үлушү бардыгын жазган.
Анын орусиялык бизнес чөйрөлөрдөгү өсүшү Путиндин да көңүлүн бурган.
Быйыл апрелдин ортосунда Кремлев Трамптын тун уулунун үйлөнүү тоюна баруудан бир нече жума мурун Кремлде сыйлык алган. Путин ага өз колу менен "Достук" орденин таккан.
Путин Умар Кремлевду "Достук" ордени менен сыйлаган. 22-апрель, 2026-жыл.
Андан бир нече жума өткөн соң Кремлев делегациянын курамында Бээжинге барып, Путиндин кытайлык жетекчилер менен жогорку деңгээлдеги жолугушууларында отурган.
Кремлев атасы Назар Лутфуллоевдун мекени Тажикстандагы туугандары менен катышып, кайрымдуулук иштерине да аралашып жүрөт.
Өткөн жылы Москвадагы мектептердин биринде кол салууда бычак жеп набыт болгон тажик өспүрүмдүн апасына Дүйшөмбү шаарынан батир сатып бергени маалым.