Түркияда аскердик көтөрүлүш аракети жасалууда

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Түркиянын бийлиги Европа менен Азияны бириктирип турган Босфор көпүрөсүн жаап салды. Түркиянын борбору Анкаранын үстүндө аскердик учактар учуп жүргөнүн Reuters маалымат агенттиги кабарлады. Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым түз эфирден НТВ түрк телеканалына берген интервьюсуна Анкарада аскердик төңкөрүлүш аракети болгонун ырастады. Ал Түркиянын атуулдарын сабырдуу болууга чакырды.