Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:59

Эрдоган элди көчөдө калууга чакырды


Президент Эрдогандын жактоочуларынын Анкарадагы жүрүшү. 16-июль, 2016-жыл.
Президент Эрдогандын жактоочуларынын Анкарадагы жүрүшү. 16-июль, 2016-жыл.

Түркияда ишке ашпай калган аскерий төңкөрүш аракетинен кийинки коопсуздук операциялары уланууда. Төңкөрүш аракети учурундагы кагылыштардан 200дөн ашуун адам өлүп, миңден ашууну жараат алды. Президент Режеп Тайып Эрдоган жактоочуларын көчөдө кала берүүгө чакырды.

Түркия президенти Эрдогандын жактоочуларын көчөдө кала берүүгө чакырганы Twitter социалдык түйүнү жана СМС аркылуу тараткан катта айтылат.

Түрк президенти белгилегендей, анын жактоочулары көчөлөрдө төңкөрүш аракети кайра тутануусуна жол бербөөгө тийиш.

15-июлдун түнүндөгү окуяларды Түркиянын демократиясы үчүн “кара так” деп атаган премьер-министр Бинали Йылдырымдын пресс-конференцияда билдиргенине караганда, төңкөрүш аракетин колдогон аскер кызматчылардын 2839у камалды.

Кеминде беш генерал жана 29 полковник аскерий төңкөрүш аракетине катышы бар деген шек менен кызматынан четтетилди.

Багынып берген жоокерлер сабалууда. Стамбул, 16-июль, 2016-жыл.
Багынып берген жоокерлер сабалууда. Стамбул, 16-июль, 2016-жыл.

Төңкөрүш аракетине катышкан аскерлердин сегизи Грецияга тик учак менен учуп өтүп, грек бийликтеринен саясий башпаанек сураган. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглы Афинага аларды өткөрүп берүү талабы коюлганын айтып чыкты.

Ал эми кагылыштарда өлгөндөрдүн санын премьер-министр Йылдырым 161, жаракат алгандар 1440 деп айтты. Бирок ал төңкөрүш аракетине катышты делген аскерлер арасынан өлгөндөрдүн санын эске алган жок окшойт.

Премьердин алдында Башкы штаб башчысынын милдетин аткаруучу генерал Үмүт Дүндар төңкөрүш аракетин колдогон аскерлердин 104ү өлтүрүлгөнүн, алардан башка каза тапкан 90дой адамдын 41и полиция офицерлери, 47и жөн-жай тургундар экенин маалымдаган.

Президент Режеп Тайип Эрдогандын кеңсеси тараткан билдирүүдө, "Демократиялуу шайланган өкмөттү кулатууга армия ичинде, командалык тутумдан тыш турган топ аракет жасады" айтылды.

Босфордогу көпүрөдө багынып берген жоокерлер. Стамбул, 16-июль, 2016-жыл
Босфордогу көпүрөдө багынып берген жоокерлер. Стамбул, 16-июль, 2016-жыл

Эс алууда жүргөн жеринен өткөн түнү Стамбулдун аэропортуна кайтып келип, алгач ошол жерде эл алдына чыккан Эрдоган өзү буларды белгиледи:

- Булар армия ичиндеги азчылык. Эл тарабынан шайланган башкаруучу партия бар, эл тарабынан шайланган президент бар. Биз кызматтабыз, Кудай колдосо, милдеттерибизди акыр-аягына чейин аткарабыз. Өлкөбүздү бул кутумчуларга эч качан таштабайбыз.

Эрдоган төңкөрүш аракетин жасагандар ал эс алып жаткан мейманкананы бомбалоо аркылуу өзүн өлтүрүүнү көздөгөнүн ырастоодо.

Армиянын Башкы штабынын жетекчиси, генерал Хулуси Акар өткөн түнкү төңкөрүш аракетинин колдоочулар тарабынан барымтага алынып, бүгүн эртең менен гана бошотулганы айтылган.

Президент Эрдогандын жактоочулары. Анкара, 16-июль, 2016-жыл.
Президент Эрдогандын жактоочулары. Анкара, 16-июль, 2016-жыл.

Генерал Акар премьер-министр Бинали Йылдырым бүгүн пресс-конференция өткөрүп жаткан кезде аны менен чогуу турду.

Түркия бийликтери бул төңкөрүш аракети үчүн армия ичиндеги топ менен катар алардын артында турган күч катары акыркы бир нече жылдан бери АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди да күнөөлөштү.

Жашы 75ке келип калган, Түркия армиясында, өкмөтүндө бир топ колдоочулары бар деп саналган Гүлен өз билдирүүсүндө бул айыптарды кескин түрдө четке кагып, ал өзү да акыркы 50 жылдагы бир нече аскерий төңкөрүштөн жабыр тартканын айтып чыкты.

Түркия парламентиндеги АК партиядан башка саясий күчтөрдөн Республикалык-элдик партиянын лидери Кемал Кылычдар оглы, Улуттук кыймыл партиясынын лидери Давлет Бакчели жана күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партиянын лидери Салахиттин Демирташ аскерий төңкөрүш аракетине каршы билдирүү жасашты.

Дүйнө лидерлери төңкөрүш аракетин айыпташты

Өткөн түнкү окуялар учурунда Кошмо Штаттар, Евробиримдик, НАТО Түркиянын демократиялуу шайланган өкмөтүнө колдоо көргөзүштү,

Президент Барак Обама тараптардын баарын Эрдогандан демократиялуу шайланган өкмөтүн колдоого, сабырдуулук көргөзүп, кыянатчылыктардан, кан төгүүдөн оолак болууга чакырган.

Президент Эрдоган үй-бүлө мүчөлөрү менен Стамбулдун аэропортунда. 16-июль, 2016-жыл.
Президент Эрдоган үй-бүлө мүчөлөрү менен Стамбулдун аэропортунда. 16-июль, 2016-жыл.

Аймактык оюнчулардан Израил, Иран ишемби күнкү билдирүүлөрүндө аскерий төңкөрүш аракетин айыпташты.

Сауд Арабия да “кырдаалдын Эрдогандын жетекчилиги астында туруктуу абалга” кайта баштоосун кубаттады.

Босфор кысыгында кемелердин каттамы калыбына келди. Turkish Airlines авиакомпаниясы Стамбулдун Ататүрк аэропортунан каттамдар кадимки графигине кайтканын билдирүүдө.

Аскерий төңкөрүштөрдүн тарыхы

Аскерий төңкөрүштөр Түркиянын 20-кылымдагы жаңы тарыхы үчүн да мүнөздүү көрүнүш болгон.

Армия генералдары 1960, 1971, 1980-жылдардагы саясий чалкештиктер учурунда аскерий төңкөрүш аркылуу бийликти алышкан же өкмөттү өзгөртүшкөн.

1971-жылкы аскерий төңкөрүш учурунда ошол кездеги премьер-министр, Түркиянын Кыргызстанга жакшы таанымал саясий ишмери, маркум Сулейман Демирел бийликтен кулатылган.

1997-жылы Демирелдин президенттиги учурунда армия генералдары, ошол кездеги өкмөт башчы жана исламчыл саясатчы Нежметтин Эрбаканды бийликтен кетүүгө мажбурлашкан.

Анын артынан Эрбаканга Түркиянын Конституциялык соту Баш мыйзамдын динди жана саясатты ажырткан талаптарын бузганы үчүн саясатка аралашуусуна тыюу салган.

Түркиянын бийликтен армия тарабынан четтетилген акыркы лидери Эрбакан 2011-жылы дүйнөдөн өткөн. Президент Эрдоган мурдагы премьер-министр Эрбакандын саясий шакирттеринин бири болуп саналат.

Эрдогандын жактоочулары

Түркия: Эрдогандын жактоочулары көчөгө чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:57 0:00

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG