Үркүн. Эс тутум жайлар каткан сыр
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Үркүн – кыргыз тарыхындагы эң трагедиялуу окуялардын бири. Мындан 110 жыл илгери - 1916-жылы жайында Борбор Азиянын айрым жерлеринде 19 жаштан 43 жашка чейинки эркектерди оорук ишине тартуу боюнча Орус падышалыгынын жарлыгынан кийин көтөрүлүш башталган. Көтөрүлүш Орусиянын оторчул аскерлери тарабынан ырайымсыздык менен басылып, кыргыз менен казактардын жазалоочу аскерлерден кырылганы кырылып, аман калганы Кытайга жер оодарып кетүүгө аргасыз болгон. Бир кылымдан ашык убакыт өтсө дагы айрыкча кыргыздардын эс тутумуна бул кандуу окуя терең из калтырып кетти.