Украина Орусиянын "Протон" заводуна сокку урду

Орел. 23.10.26

Украина Орусиянын Орел шаарындагы жарым өткөргүч приборлорду, жарык диоддорун өндүргөн "Протон" заводуна ракета менен сокку урду. Бул тууралуу Exilenova мониторинг каналы жазып, Astra басылмасынын OSINT-талдоосу да маалыматты ырастады.

Жергиликтүү тургундар жарылуу угулганын жана өзгөчө кырдаал кызматтарынын сиреналары иштегенин кабарлашкан. Мониторинг каналдарынын маалыматына караганда, шаарга төрт «Фламинго» канаттуу ракетасы менен сокку урулган.

Орел облусунун губернатору Андрей Клычков абадан сокку болушу ыктымалдыгын эскерткен, кийинчерээк шаарга ракета менен чабуул коюлганын ырастаган. Анын айтымында, шаардын Совет районундагы «жарандык объект» жабыркаган. Губернатор соккудан сегиз адам жараат алганын билдирген.

"Протон" заводу жарым өткөргүч приборлорду, жарык диоддорун жана өнөр жай менен атайын техникага зарыл электрондук компоненттерди чыгарат. Украин тараптын маалыматына ылайык, заводдун компоненттери Орусиянын курал-жарактарында, анын ичинде "Искандер-М" ракеталарында жана "Панцирь-С1" комплекстеринде колдонулат.

Дагы караңыз

Орусия Украинанын энергетикасына кайрадан сокку урдуАк үй Орусия менен Украина Олешкиде ок атууну токтотууну макулдашканын билдирди Президент Жапаров Агартуу министрлигинин санариптештирүү ишин "нөл" деп бааладыОрусия менен Украина 270тен согуш туткундарын айырбаштады