Байден: АКШ Орусиянын Крымды каратып алышын эч качан тааныбайт

Эн белгисиз орусиялык жоокерлер ("жашыл кишилер") Симферополдогу аба майданды көзөмөлдөп турат. 2014-жылдын 28-февралы.

АКШ менен Украинанын мамлекет башчылары Крымдын Орусия тарабынан мыйзамсыз каратып алынышынын жылдыгына байланыштуу өз алдынча билдирүүлөр жасашты жана жарым арал дагы эле Украинанын ажырагыс бөлүгү деген буга чейинки турумдарын тастыкташты. Украина май айында Крым маселеси боюнча саммит өткөрүүгө беленденүүдө.

Жума күнү (26-февралда) эртең менен Ак Үй президент Жо Байдендин Орусиянын көз карандысыз Украинанын аймагына мыйзамсыз басып киришинин 7 жылдыгына байланыштуу билдирүүсүн жарыялады.

Ушул кара түндөй мааракеде биз жөнөкөй чындыкты тастыктайбыз: Крым – бул Украина
Жо Байден


Анда Орусия Федерациясы мындан жети жыл мурун Украинага таандык Крым жарым аралына басып киргенде "эл аралык мыйзамдарды, заманбап өлкөлөрдүн бири-бири менен өз ара аракеттенүү ченемдерин, ошондой эле коңшу Украинанын эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузган" деп белгиленет.

"Америка Кошмо Штаттары Украинаны, анын шериктерин жана өнөктөштөрүн ушул жаңжал башталгандан бери кандай колдосо, азыр да ошондой колдоп келе жатат", – деди президент Байден өз билдирүүсүндө. "Ушул кара түндөй мааракеде биз жөнөкөй чындыкты тастыктайбыз: Крым – бул Украина".

Жо Байден. 2021-жылдын 25-февралы.


Кошмо Штаттар ушул жылдардын ичинде Орусиянын жарым аралды каратып алуу аракетин "тааныбай келет жана эч качан тааныбайт дагы". АКШ Украина менен бирге Кремлдин баскынчыл умтулуусуна каршы тура берет жана, ошондой эле, "Украинадагы кыянаттыгы жана баскынчылыгы үчүн Орусияны жоопко тартуу" жаатында өз иш-аракетин уланта бермекчи, – деп айтылат билдирүүдө.

"Америка Кошмо Штаттары Украинанын мүмкүнчүлүктөрүнө ишене берет жана биз өз өлкөсүнүн тынч, демократиялуу жана гүлдөп өскөн келечегине умтулгандардын бардыгын колдойбуз", – деп Байдендин билдирүүсү жыйынтыкталган.

Дагы караңыз Путин Крымды "кайтарып алууну" өзү жетектеген


АКШ Конгрессинин Өкүлдөр үйүнүн Европа, отун-кубат, экология жана кибермейкиндик боюнча кичи комитетинин башчылары Билл Китинг менен Брайан Фицпатрик жума күнү (26-февралда) Крымдын аннексиясынын 7 жылдыгына байланыштуу билдирүү жасашты.

Алар белгилегендей, баскынчынын коркутуусуна жана кысымдарына карабастан, украиналыктар – азыр Крымда жашагандар дагы, жарым аралды таштап кетүүгө аргасыз болгондор дагы – Крымды басып алууга каршы каршылык көрсөтүп, Украинанын аймактык бүтүндүгү үчүн күрөшүп жатышат.

Перевальная шаарындагы украин аскер базасын сыртынан камалаган орусиялык жоокерлер ("жашыл кишилер" делгендер). Крым. 2014-жылдын 3-марты.


“Орусиянын Крымды жана Донбассты мыйзамсыз басып алуусунун улантылып жатышы жана жарым аралды аскерлештирүүсү – бул Европа континентин туруксуздаштыруу жана көңүлдү Орусия туш болгон ички көйгөйлөрдөн алаксытуу үчүн жасалган жарамсыз далбаса. АКШ Конгресси мындан ары да Украинанын элин колдоп, Орусиянын баскынчыл аракеттерин айыптоону улантышы керек. Орусия Крымды толугу менен көзөмөлгө алууну Украинага кайтармайынча, ошондой эле, Донбасстагы аскерлерин чыгарып кетмейинче, биз Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузууга катышкандарга каршы чектөө жазасын колдой бермекчибиз", – дешет бул конгрессмендер.

Киев шаарында нааразылык жыйындарына чыккандар кремлчил жана жемкордукта шектелген президент Виктор Януковичти бийликтен кулаткандан кийин, Орусия 2014-жылы Крым жарым аралын аскердик эн белгиси жок десантчыларын жиберип, бир тараптуу басып алган жана андан тышкары Украинанын чыгышындагы эки аймактагы жикчилдерди ар тараптуу колдоп чыккан. Бул жикчил аймактарга Орусиянын Азия бөлүгүнөн бери жоокерлер топтору келип, эгемен Украинанын аскерлерине каршы салгылаштарга ырааттуу катышкан.

Дагы караңыз Малайзиялык учак “Бук” ракетасы менен атылган

Украинанын чыгышындагы согуш аракеттери ушул күнгө чейин 13 миңден ашуун кишинин өмүрүн алып, улам күчөп жатат.

Байден 2009-жылдан 2017-жылга чейин Барак Обаманын өкмөтүнүн тушунда Украина жергесиндеги Кремлдин баскынчылыгына каршы АКШнын колдоосун багыттоодо вице-президент катары чечүүчү ролду ойногон жана Украинанын чыгышындагы согуш аракеттери башталгандан кийин аймакка кеминде беш жолу барган.

Дагы караңыз Путин Крымды басып алууга даярдык болгонун айтты


Бирок АКШ президенти бийликке 20-январда келгенден бери украин кесиптеши, президент Владимир Зеленский менен алигиче сүйлөшө элек.

Зеленский мурдагы АКШ мамлекет башчысы Доналд Трамп менен болгон чыңалган мамилелерден кийин эми Байдендин өкмөтү менен тыгыз мамиледе болууга үмүттөнүп жатканын жакында билдирди.

Президент Зеленский 25-февралда Оксана Маркарованы Вашингтонго жаңы элчи кылып дайындады. Бул кадамды мамилелерди жакшыртуу ишаарасы аракети катары баалап жатышат, анткени мурдагы каржы министри Маркарова реформачыл көз караштары үчүн АКШда дурус бааланып келет.

Украинанын президенти Зеленский жума күнү (26-февралда) Крым жарым аралын Украинанын карамагына кайтарууга багытталган "Крым платформасынын" алкагында эл аралык саммитти даярдоо жөнүндө жарлыкка кол койду.

Владимир Зеленский. 2021-жылдын 10-февралы.


«Бүгүн мен Крым жарым аралын каратылып алынган кырдаалдан чыгарууга жана кайрадан жуурулуштурууга багытталган айрым чаралар жөнүндө жарлыкка кол койдум. Айрыкча, өкмөткө Крым платформасын уюштуруу жана ишке киргизүү милдети жүктөлдү», – деди Зеленский.

Документте, ошондой эле, "крым татар тилин, маданиятын өнүктүрүү жана колдоо жана Крым тургундарынын укуктарын коргоо боюнча чаралар" да каралган.

Дагы караңыз Украин бийлиги: Крым Кремль тарабынан убактылуу гана каратып алынган деп санайбыз


26-февралда эртең менен Зеленский Орусияга да кайрылган. Анын айтымында, украиндер менен орустардын ортосундагы жек көрүүнү токтотуу үчүн Орусия Крымды "кайтарып бериши" керек. «Жети жыл мурун биздин жүрөгүбүз жулуп алынган болчу. Биз муну ким жасаганын эч качан унутпайбыз жана ага ким уруксат бергенин да эч качан унутпайбыз», – деди Украинанын мамлекет башчысы.

2014-жылы 16-мартта Крым менен Севастополдун аймагында Крым жарым аралынын макамы боюнча "референдум" өткөрүлгөн.

Дагы караңыз Токаев Крымдын айынан Киевди капа кылды


Украина, Евробиримдик өлкөлөрү жана Америка Кошмо Штаттары Крым жарым аралынын Орусияга эн белгисиз орусиялык аскерлердин зомбулукчул көзөмөлү астында жүргүзүлгөн «референдум аркылуу бириктирилишин» нагыз баскынчылык деп атап, бул добуш берүүнүн жыйынтыгын эч тааныган эмес.

Крымга орусиялык жоокерлердин мыйзамсыз басып киришине каршы нааразылык чарасы Варшавадагы Орусиянын элчилигинин маңдайында өткөрүлдү. Польша. 2014-жылдын 2-марты.


Орус бийлиги болсо бул айыптоолорду четке кагып, «кошулуу жүрүмү эл аралык мыйзамдарга ылайык болгон» деп ырастоодо.

Дагы караңыз Крым татарларынын лидерлери абактан чыкты


Жарым аралдагы крым татар элинин лидерлери да Орусиянын баскынчылыгын терең айыптап, өздөрү Украинанын курамында автономиялык макамда калуу мүдөөсүн жакташаарын билдирип келишет.

Дагы караңыз Украинада крым татарча китеп латын арибинде жарык көрдү


Куугунтуктоолордон улам аргасыз жарым аралдан Украинанын башка тынч аймактарына көчүп кеткен крым татар айдыңдары өз эне тилиндеги китептерин латын алфавитинде жарыялай башташты.

Зеленский шардана кылган Крымга байланыштуу саммит 2021-жылдын май айына белгиленүүдө.