АКШ: президент Трамп талоонго калды

Дональд Трамп. 8-май, 2018-жыл.

Дональд Трамп менен Владимир Путиндин көптөн бери күтүлгөн жолугушуусунан кийин америкалык лидердин дарегине сын күчөдү.

АКШда мыйзам чыгаруучулар менен саясатчылар Трамптын 16-июлдагы Хелсинкидеги жолугушуу соңунда айткандарын айыптап, айрымдары аны "сөзгө сынды" деп сындашты.

Сенаттын коргонуу күчтөрү боюнча комитетинин мүчөсү, Трамптын саясатын колдоп жүргөн республикачыл Линдси Грэм президент Хелсинкидеги жолугушууда “чабалдыгын” көрсөттү деп сындады.

Сенатор "Твиттер" баракчасына “Президент Трамп Орусияны шайлоого кийлигишкени үчүн чечкиндүү жоопкерчиликке тартуу мүмкүнчүлүгүн жана келечекте андайга жол бербөөнү эскертүүнү колдон чыгарды. Трамптын жообу Орусия менен алакада алсыздыкты көрсөттү, көйгөйлөрдү чечмек тургай кайра көбөйтөт” деп жазды.

Таасирдүү сенатор-республикачыл Жон Маккейн “Тарыхта Хелсинкидеги басма сөз жыйынындагыдай америкалык президенттер “сөзгө сөлтүк болгон” эмес. Трамптын баёолугунан, өзүн ашкере баалагандыгынан жана авторитардык лидерлерди жактырганынан [америкалыктар] ченемсиз зыян тартты” деп айыптады.

Жон Маккейн.

Сенаттагы демократтардын лидери Чак Шумер Хелсинкидеги саммит аяктары менен Конгрессте билдирүү жасады. “Америка өз тарыхында президент Трамптын президент Путинди колдоп, жан тартканындай мамлекет башчыны көргөн эмес. Кошмо Штаттардын лидери президент Путин менен бирге туруп, Американын укук коргоо органдарына, америкалык коргонуу кызматтарына, чалгын агенттиктерине каршы болгону – акылсыз, кооптуу жана чабал экенин көрсөткөнү" - деп баалады.

Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери Пол Райан 2016-жылы АКШда өткөн президенттик шайлоого сырттан кийлигишүү болгонун эске салды. Республикачыл саясатчынын баамында, "Орусиянын биздин шайлоого кийлигишкенинде шек жок жана дагы эле дүйнөдө демократияны алсыздандыруу аракетин улантууда. Америкалык баалуулуктар менен идеяларга каршы турган Орусия менен биздин ортобуздагы моралдык теңдикти барабар деп кароого болбойт".

Аризона штатынан шайланган сенатор, Тармптын такай сынчысы Жефф Флейк "америкалык президент орусиялык президент менен катарлаш туруп алып, Орусиянын агрессиясы үчүн күнөөнүн баарын АКШга коёр күн да келээри үч уктасам түшүмө кирмек эмес. Бул - уят!" - деп ачууланды.

АКШнын Улуттук чалгын кызматынын жетекчиси Дэн Коутстун билдирүүсүндө “2016-жылкы шайлоого орусиялыктардын кийлигишкени жана Орусиянын биздин демократияны алсыздандыруу үчүн талбаган аракети уланып жатканына так-таамай баа айтылат деп күткөнбүз” деп айтылат.

16-июлда Хелсинкиде өткөн жолугушуунун аягында Дональд Трамп менен Владимир Путин АКШ - Орусия ортосунда сууп кеткен мамилени жандантуу үчүн "алгачкы кадамдар" жасалганын белгилешкен.

Трамп менен Путиндин Финляндия борборундагы жолугушуусу.

Америкалык лидер жолугушууну эки держава ортосундагы "конструктивдүү диалог – дүйнөдө тынчтыкты жана туруктуулукту камсыздоонун жолдорун табуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүк" деп билдирди. "Тынчтыкка жетүү үчүн мен саясий тобокелдикке барууга даярмын. Саясат үчүн тынчтыкты тобокелге салбаймын. Президент катары Америка жана америкалыктар үчүн эң пайдалуу ишти көздөйм. Бүгүн президент Путин менен жолукканда Орусиянын биздин шайлоого кийлигишкени тууралуу суроону койдум" – деди Трамп дүйшөмбүдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Путин Хелсинкидеги жолугушууну "ийгиликтүү жана пайдалуу" болду деп баалап, АКШдагы 2016-жылкы шайлоого Орусия "эч кандай кийлигишкен эмес" деген сөзүн кайра кайталады. Ал шайлоодо Трамптын жеңишин каалаганын, анткени Республикачылардын талапкери Орусия менен алаканы оңдоо ниетин билдиргенин жүйө келтирди.

Хелсинкидеги жолугушуусунун жуп алдында, өткөн жуманын этегинде АКШнын Башкы прокуратурасы Орусиянын башкы аскерий чалгын мекемеси - ГРУнун он эки офицерине расмий айып коюлганын жарыялаган. Алар атайын прокурор Роберт Мюллер жетектеген иликтөөнүн алкагында, 2016-жылы Демократиялык партиянын компьютерлик түйүндөрүн "хакерлик жол менен бузууга аралашкан" деп айыпталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.