Обама менен Ромни телетаймашка чыкты

АКШда президенттикке талапкерлердин шайлоо алдындагы телетаймаштарынын алгачкысы аяктады. Бир жарым саат ичинде атаандаштар Обама менен Ромни негизинен ички турмуштун маселелери, анын ичинде экономикадагы көйгөйлөр боюнча талашып-тартышты. Айрым сурамжылоолор алгачкы телетаймашта Ромни жеңишке жеткенин көргөздү.
Ак үйдү азыр ээлеп турган Барак Обамадан кийинки төрт жылга талашып жаткан республикачылардын талапкери Митт Ромни телетаймаш учурунда атаандашын федералдык бюджет таңкыстыгын көбөйтүп жибергени үчүн күнөөлөп, муну “моралдык маселе” катары мүнөздөдү:

- Менимче, бул экономиканын гана эмес, моралдын маселеси. Ачыгын айтканда, менимче, биздин муун үчүн бул жүк эми кийинки муунга өтөрүн билип туруп, тапканыбыздан ашыкча чыгымдоо моралсыздык. Алар үстөктү жана калганын өмүрүнүн аягына дейре төлөшөт жана карыз өлчөмүнө биз жылына триллионду кошконубуз моралдуулук эмес.

Буга жооп кылган Барак Обама эбегейсиз бюджет таңкыстыгы ага мурдагы бийликтен мураска калганын айтып, ага экономикалык кризис кошул-ташыл болгонуна токтолду:

- Мен Сүйрү кабинетке ( Ак үйдүн) киргенимде, бир триллиондон ашуун бюджет таңкыстыгы тосуп алган. Биз ал таңкыстык кайдан келгенин билебиз. Эки согуш кредиттик картанын эсебинен төлөнгөн, салыктар эки ирет кыскартылып, орду жабылган эмес. Ошондой эле төлөнбөгөн программалардын чоң топтому. Андан кийин эбегейсиз экономикалык кризис.

Барак Обама телетаймаштагы сөзүндө алдыда билим берүүгө инвестицияны көбөйтүү, энергиянын жаңы булактарын өнүктүрүү, чакан бизнеске жана АКШга инвестиция салган компанияларга салык жеңилдиктерин берүү керектигине токтолуп, анын көз карашы атаандашы Ромниникинен таптакыр айрымаланарын дагы бир ирет эскертип өттү:

- Маселе бүгүн биз кайда болгонубуз эмес, кайжакка бара жатканыбыз жөнүндө.
Губернатор Ромни биз салыктарды кыскартсак, бай катмарга ыктасак, эрежелерден баш тартсак оңолобуз деген келечекти айтып жатат. Мен мындан бөлөкчө көз караштамын.


Барак Обаманын бул сөздөрүнө жооп кайрыган Митт Ромни ал Ак үйгө келсе калктын бай катмары үчүн салык жүгүн азайтат деген ырастоолорду четке кагып, аны пландары туура эмес чечмеленип жатканын белгиледи. Обама жүргүзүп жаткан саясатын АКШ үчүн жооп эмес атады:

- Президенттин көз карашы ал бул кызматка төрт жыл мурда талаптанган кездегиге абдан окшош. Чоңураак өкмөт, көбүрөөк чыгым, көбүрөөк салык, тескөөнү күчөтүү. Бул Америка үчүн туура жооп эмес.

Жеңиш Ромниде

Алтынчы ноябрга белгиленген шайлоо алдындагы үч телетаймаштын алгачкысын америкалыктардын 50 миллиондойу көрөт деп күтүлгөн.

Вашингтондо чыгуучу “Саясат” журналынын редактору Чарльз Махтесян “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде АКШ президенттигине талапкерлердин алгачкы телетаймашынын жыйынтыгын төмөнкүчө баалады:

- Менимче, сиз телетаймашты Ромни жеңгени боюнча мунаса таба аласыз. Бирок эки талапкер тең аткаруу керек болгон нерселерди жасай алышты. Ромни ичиндеги от ал буга чейин көргөзгөндүгүдөн көбүрөөк жалындап турарын, Барак Обама менен бир баскычта боло аларын ачыктоосу керек эле. Ал буга жетишти. Анын партиясы Ромнинин дебаттагы сөздөрүнө абдан ыраазы болот.

Телетаймашты көрүп жаткандар. Денвер, 3-октябрь, 2012-жыл.

Телетаймаштын артынан СNN телеканалы жүргүзгөн сурамжылоого тартылгандардын 67% да анда Ромни жеңип чыктты деген пикирин билдиришкен.

Анткен менен коомдук пикирди сурамжылоонун жалпы жыйынтыктары Обама атаандашынан алдыда экендигин көргөзүүдө. Маселен Геллап институнун соңку сурамжылоосу боюнча Обаманы шайлоочулардын 49%, Ромнини 45% колдойт экен.

Жакында Ромини анын шайлоо коруна акча төккөн донорлор менен жолугушуу учурунда америкалыктардын өкмөттүн эсебине жан баккан 47% аны колодошу арсар экендигин каңкулап жаткан сөздөрү жашырун жазылган видеотасма ачыкка чыгып кеткен эле. Бул анын беделине көлөкө түшүргөндүгү айтылууда.

Ошол эле учурда Обаманын дагы бир мөөнөткө президент болуу мүдөөсү терс таасир тийгизчү факторлрр катары эконмикалык өсүштүн төмөндүгү, жумушсуздуктун 8% дан азайбай жатышы аталып жатат.