Айзек Азимов: Тамак даамдуубу? Демек, ал - зыяндуу!

Америкалык чыгаан фантаст жазуучу жана биохимия профессору Айзек Азимовдун (Isaac Asimov; 1920‑1992) учкул сөздөрүнөн бир шиңгил.

* * * * * * *

Бюрократия дегениң – улам көбүрүп-жабырып өсүп чыккан бюрократиянын керектөөлөрүнө жетип алуу үчүн көбүрүп-жабыра өсөт.

* * * * * * *

Диетага отуруунун биринчи эрежеси: эгерде тамак даамдуу жасалып калыптырбы, демек ал – зыяндуу.

* * * * * * *

Эгерде дарыгер мага “болгону 5 мүнөттөй гана убакытка ичээр сууң калды” дечү болсо, анда мен чачымды жулуп улуп-уңшуп отурбаймын. Тек гана мен машинкеге отурам да, текстти мурдагыдан ыкчамыраак баса баштаймын.

* * * * * * *

Америкалык фантаст, биохимик Айзек Азимов (1920-1992).

Психиатр башка психиатр менен учурашканда: «Сиз телегейи тегиз болуп эле турасыз, а мен кантип калыптырмын?»

* * * * * * *

Жараткан бардыгыбызды сүйөт, бирок эч кимибиз үчүн кубанычка бөлөнө албай келет.

* * * * * * *

Мен өзүм Кудайды табуу үчүн далаалат кылып жатамбы? Кудай менден акылдуураак. Керек болсо мени тапканга Ал өзү далаалат кылсынчы!

* * * * * * *

(Интернет булактардан).

TT.