"Wildberries'теги товарыбыз бүт күйдү". Ишкерлер миллиондогон чыгымга батты

Ишкер Гүлнара Турдумаматова. Коллаж сүрөт.

Орусиядагы Wildberries компаниясынын кампаларына жасалган дрон чабуулдары кыргызстандык ишкерлердин чыгымын дагы көбөйттү. Буга чейин Электросталь жана Котовск шаарларында кампалар өрттөнүп, жүздөгөн сатуучунун товары жок болгон. Эми Краснодар жана Невинномысск шаарлары бутага алынды.

"Баары токтоду..."

Кыргызстандык ишкер Гүлнара Турдумаматованын айтымында, Москва облусундагы Электросталь шаарында жайгашкан кампада анын товарларынын басымдуу бөлүгү сакталып турган. Краснодар шаарындагы кампада да товары болгон.

Жалпысынан, ишкер "Азаттыкка" 22-июлда айтып бергендей, аталган аймактар дрон чабуулуна кабылгандан бери жалпысынан 6-7 миллион сомдук чыгашага учурап турат:

"Биз Wildberries'те төрт жылдан бери иштейбиз. Товарыбыздын 80-90% Электросталь шаарында болчу. Товарыбыздын баары күйгөнүн ишемби күнү билдик. Болжол менен 5-6 миллион сомдук минуска кеттик. Товарыбыздын 10-15% Краснодарда болчу. Бүгүн эртең менен ал жакка да дрон түшүп, күйүп жатканын билдик. Азырынча толук маалымат ала элекмин. Ал жерде 1 миллион сомдук 2-3 миң даана товарыбыз бар. Буюртмаларыбыз да токтоду, баары токтоду".

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Wildberries кампаларына дрон чабуулу: Ишкерлер миллиондогон чыгымга учурады

Ишкердин айтымында, дрон чабуулдарынан бир гана ал эмес, ушул бизнес менен алектенген жакындары да жабыркады:

"Үй-бүлөдө 6–7 бир тууганбыз. Баарыбыз чыкчубуз Wildberries'ке. Баарыбызда тең ушундай окуя. Ар бири экиден аккаунт иштетишчү. Эң эле аз дегени 3-4 миллион, негизи 10 миллиондон чыгым болуп жатышат. Wildberries кандай чечим чыгарат, күтүп жатабыз, компенсация болобу же жокпу... Убакыт көрсөтөт го. Башка товар деле жөнөтө элекпиз ушул окуядан кийин".

Дагы караңыз

"100 млн рублга чейин жоготтук". Wildberries кампасындагы өрттө зыян тарткан кыргызстандык ишкерлер

Орусиянын Краснодар жана Ставрополь крайларына 22-июлга караган түнү жасалган дрон чабуулунан Wildberries компаниясынын логистикалык борборлору да бутага алынганын компания расмий билдирди.

Краснодар жана Невинномысск шаарларындагы логистикалык борборлордо учурда тийиштүү кызматтар менен биргеликте чабуулдун кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген компания, баштапкы маалыматтар боюнча, жабыркагандар бар экенин маалымдады.

"Алардын тезирээк сакайып кетишин каалайм, биз сөзсүз түрдө бардык зарыл жардамды көрсөтөбүз. Өнөктөштөрүбүзгө кайрылам. Кырдаал боюнча бардык ыкчам маалымат сатуучулар порталында жарыяланып жатат. Расмий маалымат булактарына гана ишениңиздер", - деди Wildberries'тин негиздөөчүсү Татьяна Ким.

"Жардам көрсөтүүгө даярбыз"

Бирок компания азырынча товарлары күйүп кеткен ишкерлерге компенсация төлөнөр-төлөнбөсү тууралуу так жооп бере элек.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев өкмөт Wildberries компаниясы менен байланышта экенин жана кыргызстандык ишкерлердин кайрылуусу каралып жатканын билдирди:

Данияр Амангелдиев

"Жабыркаган ишкерлердин чыгымынын так суммасын аныктоо азырынча кыйын. Анткени алардын так саны жана көлөмү бизде катталган эмес. Бирок биз жеңилдетилген насыялар аркылуу жардам көрсөтүүгө даярбыз. Эгер кандайдыр бир кайрылуулар болсо, аларды карап чыгып, сөзсүз түрдө компания менен сүйлөшүүгө даярбыз. Ошондой эле Wildberries компаниясынын камсыздандыруусу бар-жогун такташыбыз керек. Эгер товарлар камсыздандырылган болсо, анда жабыркаган кыргызстандык ишкерлердин чыгымын компенсациялоо маселесин кароого болот".

Wildberries-Russ менен кызматташкан кыргызстандык ишкерлерге келтирилген зыянды баалоо иштерин координациялоодо жүрүп жатканын 22-июлда Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги да билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 21-июлда министр Бакыт Сыдыков Wildberries-Russ компаниясынын өкүлү Александр Воробьев менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда айтылгандай, 18-июлга караган түнкү чабуулдан ошол кампаларда өз товарын сактаган кыргызстандык тигүү тармагынын ишкерлери дагы жабыркаган.

"Wildberries-Russ компаниясынын өкүлдөрү келтирилген зыянды баалоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Анын ичинде кампалардын жабыркаган көлөмүн аныктоо, ошондой эле кампаларда сакталган товарларды, анын ичинде Кыргызстандын ишкерлери өндүргөн продукцияны инвентаризациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Баалоо иштери аяктап, Wildberries-Russ компаниясынан тиешелүү маалыматтар алынгандан кийин, ошондой эле Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча келип чыккан маселелерди жөнгө салуу жана биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу максатында кошумча эки тараптуу жолугушуулар уюштурулат", - деп билдирди министрлик.

Тигүү тармагында алектенген, Wildberries-Russ компаниясынын кампаларында товарын сактаган кыргызстандык ишкерлерге келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо үчүн маалымат сурамжылоо жүргүзүү аркылуу чогултулуп жатканы да маалымдалды.

2021-жылдан тартып кыргызстандык ишкерлер Wildberries платформасына түз катталып, товарларын ортомчусуз сата баштаган. Бүгүн бул маркетплейс өлкөдөгү эң популярдуу онлайн соода аянтчаларынын бири болуп эсептелет. Бирок соңку апталардагы дрон чабуулдары товар жеткирүүнүн коопсуздугу, чыгымдарды ким көтөрөрү жана эл аралык маркетплейстер аркылуу иштеген ишкерлер кантип корголушу керектиги тууралуу маселени күн тартибине чыгарды.

Үч күндөн берки чабуулдар

Украин аскерлери 22-июлга караган түнү Орусиядагы эң ири онлайн-соода операторлорунун бири болгон Wildberries компаниясынын логистикалык борборлоруна жана бөлүштүрүү кампаларына сокку урду. Бул тууралуу "Свобода" радиосу жазды.

Бутага Краснодар крайынын Краснодар шаарындагы жана Ставрополь крайынын Невинномысск шаарындагы объектилер алынды. Эки кампада тең өрт чыкты.

Буга чейин, 18-июлда жана 20-июлда да Украинанын Куралдуу күчтөрү Москва облусундагы үч ушундай кампаны жана Волгоград облусунун Котовск шаарындагы бир кампаны бутага алган. Эки жерде өрт чыгып, кампалардын бири толугу менен күйүп кеткен.

Краснодардагы Wildberries кампасында чыккан өрттү өчүрүүгө 105 адам жана 37 техника тартылганын аймактын Ыкчам штабы билдирди.

Орусиялык Telegram каналдардын маалыматына караганда, Краснодар крайындагы дрон чабуулунан беш адам жабыркады.

Ал эми Ставрополь крайында үч киши жаракат алганы кабарланган. Кийинчерээк Ставрополь крайынын губернатору Владимир Владимиров Невинномысск шаарынын четиндеги «кампа комплексине» сокку урулганын ырастап, жабыркагандардын саны беш адамга жеткенин маалымдады.

Орусиянын Wildberries маркетплейси аркылуу кийим-кечек сатып иштеген кыргыз ишкерлери өкмөткө кайрылып, миллиондогон рублдик товарлары дрон чабуулунан кийин өрт чалган кампада калганын билдирип чыккан. Бул тууралуу "Азаттык" кеңири макала даярдаган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Wildberries компаниясынын логистикалык борборлорунда учкучсуз аппараттар үчүн тетиктер сакталганын билдирген.

Орусия коңшусуна каршы толук масштабдуу согушту 2022-жылдын февралында баштаган.