Туздуу тамак жүрөккө зыян

Виртуалдуу рельсте жүрчү поезд. Уулуу химиялык заттарды нейтралдаштырчу кездеме. Робот-композитор. Гипертония же кан басымынын бийик болуусунун зыяны.

Гипертониядан сактаныңыз!

Кан басымы жогорулаганда жүрөккө зыян келтирет. Андай дарттан АКШда ар бир үчүнчү адам, дүйнөдө 1 миллиард адам жабыр тартат. Эгер гипертония көзөмөлгө алынбаса, жүрөк оорусуна жана инсультка кабылуу коркунучу көбөйөт. Ошондуктан, ар бир адамга кандын басымын дарысыз эле табигый түрдө төмөндөтүүнүн айрым жолдорун билип алган пайдалуу дешет окумуштуулар.

- Күн сайын басып, денени чыңдоочу көнүгүүлөрдү жасоо. Себеби такай баскан жана көнүгүү жасаган жүрөктү күчтүү кылып, кандын жүгүрүүсүн жакшыртат, артериялардагы басымды ылдыйлатат. Ал үчүн жумасына 150 мүнөт басуу же 75 мүнөт спорттун активдүү түрлөрү менен машыгуу, чуркоо керек.

- Тузду пайдаланганды азайтуу. Изилдөөлөргө караганда, ар бир экинчи адамдын кан басымы бийик жана кан басымы нормалдуу адамдардын ар бир төртүнчүсүнүн организми тузга сезимтал келет. Ошон үчүн помидор, бадыраң сыяктуу жашылча-жемиштерди туздагандын ордуна түркүн чөптөрдү жана татымалдарды пайдаланган оң. Акыркы изилдөөлөр Орусияда АКШ жана Европадагыдан тамак-ашка туз көп кошулгандыктан, артериалдык гипертония менен ооругандар көп экенин көрсөткөн.

- Алкоголду азайтуу. Арак-шарап ичимдиктери кан басымды жогорулатышы ыктымал. Дүйнө боюнча, кан басымы бийиктеп кеткен учурлардын 16% алкоголь менен байланышкан.

- Калийге бай азыктарды көп жеңиз. Калий денеден туздарды жууп чыгат жана тамырлардагы басымды жеңилдетет. Калий менен туздун балансы оптималдуу болуусу үчүн жашылча-жемиштерди бышырбай көп жеш абзел. Калий помидор, картошка, коон, банан, апельсин, өрүк, сүт, айран, форель балыгы, жаңгак, буурчакта көп болот. Эң жакшысы күндөлүк ачып, бир жума бою байкоо жүргүзсөңүз, кандай тамакты көп жегениңизди билесиз жана тамакты мүнөздөп жегенге биринчи кадамды таштайсыз.

- Ашыкча салмагыңызды жоготуп, куруңузга көз салыңыз. Салмактын өсүүсү демейде кан басымынын жогорулоосу менен коштолот. Ашыкча салмак уктап жатканда адамдын дем алуусун бузуп, анын кесепетинен кан басымы көтөрүлүп кетет. Салмак 4,5 кг азайса, кандын басымын төмөндөтүүгө жардамдашат. Эркектин бели 102 см ашса, аял кишинин бели 89 см ашса, ден соолугуна коркунуч күчөйт.

- Чылым чеккенди токтотуңуз. Ар бир чылымды чегип бүткөндөн кийин кан басымыңыз бир нече мүнөткө көтөрүлөт.

Окумуштуулар ошондой эле ар бир адамга ден соолугуна кылдат мамиле кылып, активдүү жашоо жолоюн карманууну, кан басымын такай текшерип турууну сунуш кылышат.

(Булагы: https://authoritynutrition.com, http://www.mayoclinic.org)

Виртуалдуу рельсте жүрчү поезд

Биринчи виртуалдык поезд Кытайдын Хунян провинциясынын Чжучжоу шаарында сыноодон өтүүдө. ART (Autonomus Rail Rapid Transit) поездинде үч вагону бар, кеңейгенде беш вагондуу болот. Поезддин ар бир вагонунун узундугу 9 метр, үч вагондуусунун жалпы узундугу 31. 64 метр. Эки локомотиви көчөлөрдө анын жеңил бурулуусун мүмкүн кылат; поезддин эки башы болгондуктан, ага алдына жана артка жүрүп (U-turns) бурулуу зарыл эмес.

Ал үч вагондуу абалында 300 жүргүнчүнү, ал эми беш вагону менен 500 жүргүнчү ташыйт.

Желим (резина) дөңгөлөктүү ART поезди өз маршрутун жана бараткан ордун сенсорлордун жардамы менен так аныктайт, максимум саатына 70 км ылдамдыкта жүрөт. Жолдо тыгын же кандайдыр бир тоскоолдук бар болсо, сенсорлор виртуалдык поездге маршрутун өзгөртүп, жаңы оптималдуу жолду тандап берет. Аккумулятордук батареясы 10 мүнөттө заряддалып, 24 км аралыкка жетет.

Мындай поезддин баасы 2, 2 миллион доллар турат жана келерки жылы Чжучжоудагы 6, 5 км эксперименталдык маршрут боюнча каттай баштайт.

ART поездинин технологиясын 2013-жылдан бери сынап жүргөн компаниянын билдиришинче, виртуалдык поезд 2018-жылы кеңири пайдаланууга толук даяр болот.

Кытайдын CRRC Zhuzhou Locomotive компаниясы жасаган виртуалдык поезд шаарлардагы тыгындарды жана автомобилдер абага бөлгөн зыяндуу заттарды азайтууга салым кошот.

(Булагы: http://www.firstpost.com, https://www.metrorailnews.in)

Уулуу химиялык заттарды нейтралдачу кездеме

Ууландыруучу химиялык заттардан коргоочу жаңы кездеме катализатордун милдетин аткарчу цирконийдин базасында жасалган. Анын негизи катары органикалык металл структуралар (metal-organic framework, MOF) кызмат кылат. Порошок түрүндөгү берегидей структуралар ууландыруучу химиялык заттарды нейтралдаштырып, түрдүү бөлүктөргө ажыратып жиберет. MOF порошогу кээ бир ууландыруучу газдарды жана башка субстанцияларды өзүнө сиңирип (абсорбациялап) алат. Бирок MOF химиялык аралашмасы өз касиетин узак убакытка туруктуу сактабайт же стабилдүү эмес.

АКШдагы Түндүк Каролина университетинин (Department of Chemical & Biomolecular Engineering, North Carolina State University, Edgewood Chemical Biological Center, Maryland) окумуштуулары полипропиленден жасалган кездеменин сыртына бөлмө температурасынын шартында кристаллдарды өстүрүүнүн технологиясын ойлоп табышкан.

Жаңы кездеменин үлгүсүн зарин, зоман жана башка нервди шал кылчу ууландыруучу газ түрүндөгү заттарга (химиялык куралдар) окшош DMNP (dimethyl 4-nitrophenyl phosphate) затты пайдаланып, сынап көрүшкөн. Ошондо жаңы кездеменин бетиндеги уулуу заттар беш мүнөттүн ичинде толук нейтралдаштырылган.

Берегидей химиялык куралдар массалык кыргын салчу куралдын түрүнө кирет. Андай затты абада чачып жиберсе, чоң аянттагы көп адамдарды жабыркатат. Бүгүнкү ууландыруучу химиялык заттар бир нече секундада теринин корголбогон жеринен организмге кирип кетет.

Америкалык изилдөөчүлөр ойлоп тапкан коргоочу кездемени ууландыруучу химиялык заттардан аскерлерди коргоочу кийимдерди жана чепкендерди тигүү үчүн пайдаланса болот. Андан техногендик кырсык болгон жерлерде иштеген куткаруучулар кийчү жана коркунучтуу химиялык заттардан коргоочу кийимдерди да тигүү мүмкүн.

(Булагы: http://pubs.acs.org, https://www.acs.org, http://indiatoday.intoday.in)

Робот-композитор Shimon

Робот- музыканттын төрт колу бар, ал өзү жазган музыкаларды ойнойт. Shimon деп аталган робот-музыкантты АКШдагы Жоржия технологиялык институтунун (Georgia Institute of Technology) окумуштуулары жасашкан. Роботтун төрт колуна сегиз даана урма таякча байланган. Ал ойногон эки композициянын узундугу азырынча 30 секунда гана.

Шимонду музыка жазууга жана музыканы аткарууга үйрөтүү маалында, анын эс-тутумуна түрдүү стилдеги беш миңге жакын музыкалык чыгарма киргизилген. Алардын арасында Бетховендин чыгармаларынан тартып, бүгүн классикага айланган "Битлз" менен тирүү поп-жылдыз Леди Гаганын ырлары бар. Булардан тышкары робот-музыканттын мээсине 2 миллиондон ашык музыкалык фрагменттер, ноталар менен аккорддор да жазылган. Береги маалыматтын баарын даярдоо жана алдын ала классификациялоо боюнча жумуштарды адамдар бүткөргөн.

Алгач Шимон монофониялык мелодиялар менен жөнөкөй ноталардан түзүлгөн мелодияларды аткарган. Бирок роботтун мээсиндеги маалыматтар критикалык чектен ашкандан кийин ал ирети түрдүү аккордордогу мелодияларды ойночу болгон. Робот жаңы композицияны жазганда, композиторлор сыяктуу чыгарманын келерки бөлүгүнө байланбайт; анын мээ системасы ошол замат чыгарманын толук планын түзүп алат. Ага жаңы мелодияны жазуу үчүн кайсы бир музыканын фрагменти гана керек. Робот-композитор ага берилген заказдын негизги талаптарын аныктаган соң болочоктогу чыгарманы бир нече вариантта жазып, алардын ичинен эң гармониялуусун тандап алат.

Музыканттардын айтмында, робот-композитор классикалык музыка менен джаздын ортосундагы жаңы стилди жараткан. Ал жазган жана ойногон музыкалардын кээ бирөөлөрүндө Моцарттын таасири даана сезилет. “Азыр Шимондун композициялары - адам колунан жаралган жана миллиондогон сегментти түпкүрдөгү нерв системаларын пайдаланып жазган добуштарга үндөшүп турат”, - дейт аспирант Мейсон Бретан (Mason Bretan). Ал жети жыл бою Shimon менен иштеп, роботту адам ойногон музыканы уккандай жана ноталарды ойноп, жөнөкөй мелодия жараткандай жөндөмдүү кылган.

Шимонду М. Бретандын илимий кеңешчиси, Жоржия технологиялык институтунун Музыкалык технология борборунун мүдүрү Гиль Уайнберг (Gil Weinberg) жасаган.

“Шимондун азыркы музыкалык квалификациясы чоң жетишкендик. Себеби ал түзүлүшү татаал жана сыйда композиция жаратуу үчүн музыканы терең өздөштүрүүдө. Биз робот чыгармачылык менен иштеп, керемети адамдарды суктандырып, дем берчү жаңы музыканы жаратууга кудуреттүү же жок экенин изилдеп жатабыз”, - дейт профессор Уайнберг.

(Булагы: http://www.engineering.com, https://www.digitaltrends.com)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.