Шайтанга окшош жексур гүл табылды

"Шайтан гүл" -Telipogon diabolicus

Анардын ширеси клеткалардын картаюусуна бөгөт болот. Кытайда машинени паркингдеги бош орунга өзү алып барып койчу көлүк-робот жасалды. Колумбияда шайтан гүл табылды. Ааламда үч Күндү айланган 16 миллион жаштагы планета табылды.

Шайтан гүл

Гүлүнүн чүкөдөй чанагы жана ыраңы шайтандын башына окшош бир нече жексур орхидеяны польшалык ботаниктер Колумбиянын түндүгүндөгү Путамайо (Putumayo) жана Нариньо (Narino) райондорунун чек арасындагы тоодогу токойдон табышкан.

Бул орхидея гүлү оболу 200 жыл мурда ботаниктер сүрөттөп каттаган Telipogon түркүмүнө кирет. Бийиктиги 10-15 сантиметрден ашпаган жексур орхидеянын гүлү кудум тилин жалаңдатып турган шайтанга окшош болгондуктан, илимпоздор аны Telipogon diabolicus (шайтан гүл) деп аташты. Анын бариктеринде тикенектер жана кылычтай ийрийген тырмактары бар.

Колумбияда орхидеянын 250гө жакын түркүмүнө кирген 3600дөй түрү өсөт. Польшанын Гданьск университетинин изилдөөчүсү, гүлдү тапкан эки ботаниктин бири, доктор Марта Колановсканын (Marta Kolanowska) билдиришинче, былтыр эле Колумбияда орхидея гүлүнүн 20 жаңы түрү табылган. Жаңы табылган “шайтан гүл” жоголуп кетүү коркунучу астында турат деп табылып, Кызыл китепке киргизилген. Анткени бул аймакка курулчу жаңы жол экологиялык абалды өзгөртүшү ыктымал дешет жексур гүлдү тапкан окумуштуулар.(Караңыз: www.eurekalert.org, www.ibtimes.co.uk, www.scienceworldreport.com)

Кытайда акылдуу көлүк-робот жасалды

Акылдуу робот машинеңизди автомобилдерди койчу жайдагы бош орунга өзү алып барып коёт. Сизге машинени паркингге жайгаштыруу үчүн аны металл блоктун үстүнө коюу гана жетиштүү. 1,5 метр/секунда ылдамдыкта жүргөн бул көлүк-робот салмагы 2.5 тоннага чейинки автомобилдерди бош орунга 120 секундада алып барып коёт. Ал диспетчердик компьютердик системага жалгаштырылып, бош орундар тууралуу кабардар болуп турат.

Шэньчжэнь шаарындагы Shenchen Yee Fung Automation корпорациясында жасалган көлүк-робот паркингде бар аянтка айдоочуларга караганда 30-40% көп машине батырат.

Себеби, жүрүп баратканда жана автомобиль жайгаштырып жатканда 5 милиметр тактык менен иштейт. Көп кабаттуу паркингде бир эле учурда 100 даана автоматтык түрдө башкарылчу берегидей AGV (automatic guided vehile) көлүк-роботу иштей алат. Aнын баасы 150 000 доллар экенине карабай AGVга Кытайдын өзүндө жана тыш өлкөлөрдө ага кызыккан кардарлар арбын.

Кытайда 2017-жылы 170 млн, 2020-жылы 200 миллиондон көп автомобиль болот. Ошон үчүн паркингдерди үнөмдүү пайдалануу өлкө үчүн абдан актуалдуу. 2014-жылы Лондондо парикнгдеги бир орун 530 миң долларга же Британиядагы орточо үйдүн баасынан 2.5 эсе кымбат сатылган. (Булагы: en.people.cn, www.mirror.co.uk.)

Эгиз жылдыз жайгашкан экзопланета табылды

НД 131399Ав деп аталган бул планетаны АКШдагы Аризона университетинин доктранты Кевин Вагнер (Kevin Wagner) тапты. Жерден жаңы планетага чейинки аралык 340 жарык жылына барабар. Ал Центавр үркөр жылдыздар үйүрүндө жайгашкан. Анын бетиндеги температура 530 С0 , салмагы Күн системасындагы эң чоң планета Юпитерден ¼ ге чоң. Ал бир айланганда үч күндү тегеренет.

Саманчынын жолу

Ошондуктан, анын төбөсүнөн үч Күн тиет же жарык күндүн узундугу 140 жылга жакын болот.

Береги 131399Ав жылдызы 550 жылда борбордук 131399А жылдызынын орбитасын айланып чыгат же жаңы планетадагы бир жыл Жердеги 550 жылга барабар. Мындай узун жыл ал орбитасында жайгашкан 131399А жылдызынан 80 астрономиялык өлчөмгө узак жайгашканы менен түшүндүрүлөт. (1 астрономиялык өлчөм Жерден Күнгө чейинки аралык же 150 миллион км). 131399А жылдызынын салмагы Күндүн салмагынан 80 процентке чоң. Үч эм жылдыз бири-биринен Күн менен Сатурн планетасы ортосундагыдай аралыкта жайгашкан.“Бул үч жылдызды асмандан көрүү мүмкүн. Алардын ичинен бүлбүлдөп жанган эки жылдыз бири-бирине жакын жайгашкан. Жылдын көп учурунда үйүрлөш үч жылдыз бир убакта чыгат жана бир маалда батат”, - дейт Кевин Вагнер.

Экзопланета Чилинин Атакама чөлүндө жайгашкан Европанын түштүк обсерваториясынын SPHERE деп аталган эң чоң телескобунун жардамы менен табылган. Science журналына 7-июлда чыккан макалада 131399Ав жылдызы 16 миллион жашта деп эсептелгени жана ал бул датага карай Аалам коюнунан табылган эң жаш планета экени айтылат. (http://www.space.com, https://crusaderjournal.com, http://www.techtimes.com/)

Анар карылык менен күрөшөт

Анардын ширесиндеги молекулалар клеткалардын булчуңдарынын картаюусун жайлатат. Анардын мындай касиетин Швейцариянын Лозанна Федералдык университетинин окумуштуулары менен жергиликтүү Amazentis компаниясы чогуу өткөргөн изилдөө аныктады.

Чычкандар жана нематод сөөлжанынын Caenorhabditis elegans түрү менен жасалган эксперимент анардын молекуласы ичегинин микрофлорасынын таасири астында клеткаларды өзгөртпөй коргоочу пайдалуу затка айланарын көрсөткөн. Убакыт өткөн сайын клеткага күч-кубат берчү же энергия менен камсыз кылчу митохондриялар өз милдетин аткара албай калат жана иштен чыккан органиддер организмге топтолот. Анардын ширесиндеги уролитин А заты клетканы жансыз митохондриялардан тазалап, бузулуудан сактайт. Илимпоздордун боолгошунча, жансыз митохондриялар Паркинсон илдетине алып барат.

Анар

Нематод сөөлжанынын Caenorhabditis elegans түрү карылыктын табиятын изилдөөдөгү маанилүү жандык.

Себеби ал 8-10 күндөн кийин картайды деп эсептелет.

Эксперимент учурунда уролитин жеген сөөлжандардын өмүрү көзөмөл топтогу андай ырыскыдан куру калган туугандарына салыштырганда 45% узарган. Ал эми кары чычкандардын күч-кубаты 42% жакшырган.

Лозанна университетинин окумуштуулары жана Amazentis компаниясы уролитин Аны белгилүү бир дозада клеткага жеткирүүнүн усулун иштеп чыгышкан. Бул ыкма азыр Европанын бир катар ооруканаларында кесел адамдарды дарылоодо пайдаланылат. “Тамак-аш жардамы менен дарылоо салттуу фармацевтика өндүрүшү эч качан изилдебеген багытты ачат. Бул илимий парадигмадагы чоң бурулуш экени айкын”, - дейт илимий ачылыштын авторлорунун бири Патрик Эйбишер (Patrick Aebischer).