БУУ: Сирия тез гумжардамга муктаж

Сирия менен чектешкен Иорданиянын аймагындагы качкындар лагери, 29-август, 2012

Сирияда 200 миңдей киши башка өлкөлөргө качты. Өлкөнүн өзүндө 3 млн. киши үй-жайын таштап, башка жактарга кетүүгө мажбур болууда.
БУУнун баш катчысынын орун басары Ян Элиассон июлда Сирияда 800 миңден ашык кишиге гумжардам берилгенин айтып, алдыңкы айларда бул көрсөткүч дагы төрт эсе өсүшү мүмкүндүгүн эскертти:

- Июл айында cириялык "Араб кызыл чырым" жана жергиликтүү шериктер аркылуу Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Сирия боюнча 820 миң кишиге азык-түлүк таратты. Апрелде бул көрсөткүч 250 миң эле. Биз ошондой эле азык-түлүктөн бөлөк саламаттык үчүн зарыл болгон оокат-кечек, суу жеткирип, тазалыкты камсыздоо боюнча кызматтарды көрсөтүп жатабыз. Бирок жаңжал күчөгөн сайын, жардамга муктаждардын саны биздин мүмкүнчүлүктөн көбөйүп кетти. Азыр биз эки жарым миллион кишиге жардам берүүгө даяр туруш үчүн гуманитардык пландарыбызды кайра карап жатабыз.

Эллиассон бейшембиде Сириядагы гуманитардык кризис менен күрөш боюнча БУУнун Коопсуздук кеңешинде тышкы министрлердин жыйынында сүйлөдү.

Бул жыйынга АКШ, Орусия жана Кытайдын министрлери келбегенинен улам, байкоочулар БУУнун Сирия жаңжалын токтотуу дареметинен күмөн санашууда.

Сириянын президентин сынга алып, бул өлкөгө санкция киргизүүнү караган үч резолюцияны Орусия менен Кытай четке каккан. Ошондон бери бул кризис боюнча сүйлөшүүлөр туңгуюктан чыга албай калды.

Ян Эллиасон

Эллиассон ошондой эле Сириянын аймагында «качкындар үчүн коопсуздук тилкелерин» түзүү маселеси боюнча жакын арада мунаса болоорунан күмөн санап жаткандыгын билдирди.

Сирияда 17 ай мурда башталган кризистен аз дегенде 200 миң киши башка өлкөлөргө качты. Өлкөнүн өзүндө үч миллион киши үй-жайын таштап, башка жактарга кетүүгө мажбур болууда.

Качкындарды эң көп кабыл алган Түркия Сириянын өзүндө "коопсуздук аймагын" түзүүнү сунуш эткен. БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги жыйында Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу дүйнөлүк уюмду чечкиндүү аракет болбой жаткандыгына сынга алды.

Ал эми Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин Сириядагы кан төгүү үчүн «айрым бир өлкөлөрдү жана аймактык бирикмелерди» айыптады, бирок ал эч кимди атынан атабастан, Сирия боюнча көз карандысыз комиссия да ушундай эле бүтүмгө келгендигин белгиледи.