Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:51

БУУнун Сириядагы миссиясын Брахими жетектейт


Президент Башар Асад (оңдон экинчи) Дамаскинин ах-Хамад мечитинде Айт намазда. 19-август 2012
Президент Башар Асад (оңдон экинчи) Дамаскинин ах-Хамад мечитинде Айт намазда. 19-август 2012

20-августка караган түнү БУУнун Сириядагы байкоочуларынын миссиясы расмий түрдө аягына чыкты.

Апрелде Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чечими менен түзүлгөн миссиянын милдети - БУУ жана Араб Лигасынын чабарманы Кофи Аннандын Сирияда тынчтык орнотуу жөнүндөгү планын каршылашкан тараптардын аткаруусун көзөмөлдөө эле. Бирок не Асаддын өкмөтү, не козголоңчулар ок атышуунун шартын эгерим аткарган эмес.

Жарандык согуш ар качан эч кимди аябаган каардуу жаңжал. Бул коңшу-коңшуну жана кээ кезде иниси агасын өлтүргөн жаман калаба.


Сириядагы эл аралык байкоочулардын миссиясы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин өткөн бейшемби күнкү чечимине жараша токтотулду. 300 адамдан турган миссиянын мандатын узартпоого Сириядагы уруштун күчөшү жана не өкмөттүк күчтөрдүн, не адаватчылардын атайын чабарман Кофи Аннан сунуш кылган алты беренеден турган тынчтык планын аткарганга кызыкпагандары негиз болду.

Мындан улам Кофи Аннан августтун башында БУУ жана Араб лигасынын атайын чабармандыгынан баш тарткан. Аннан өз вазийпасын аткара албаганына согуштун кеңири кулач жайуусу жана Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү арасында биримдиктин жоктугу себеп болгонун айткан.

Орусия жана Кытай үч ирет Коопсуздук Кеңешинин Сирия өкмөтүнө санкцияны күчөтүү боюнча резолюциясына - бул Башар Асад башындагы режимди сырттан күчтөп алмаштыруу катары бааланышы мүмкүн дешип, каршы чыгышкан.

Лахдар Брахими
Лахдар Брахими
Сирия боюнча чабармандыкка алжирлик тажрыйбалуу дипломат Лахдар Брахиминин дайындалышын эл аралык коомчулук кеңири колдогон. Атүгүл Башар Асаддын өкмөтү да Брахими менен кызматташканга даяр экенин билдирген.

Брахими жекшемби күнү France 24 телевидениесине берген интервьюда анын милдети жарандык согуштун алдын алуу эмес, аны токтотуу экенин баса белгилөө менен Сирияда жаатташтык согушу алоолоп жүрүп жатканына көңүл бурду:

- Жарандык согуш ар качан эч кимди аябаган каардуу жаңжал. Бул коңшу-коңшуну жана кээ кезде иниси агасын өлтүргөн жаман калаба. Көптөгөн адамдар биз Сирияда жарандык согушту болтурбообуз керек дешет. А мен болсо өлкөдө анча мезгилден бери жарандык согуш жүрүп жатат деген ишенимдемин. Жарандык согуш токтотулуш керек. Бул жеңил иш болбойт.

78 жаштагы Брахими Алжирдин мурдакы тышкы иштер министри. Ал Ливандагы граждандык согушту токтотууга арачылык кылган. Ал эми 2001-жылдан баштап Улуттар Уюмунун ал кездеги башкатчысы Кофи Аннандын Ооганстан жана Ирактагы өкүлү болгон.

Талдоочулардын айтымында, Лахдар Брахимини атайын чабармандыкка дайындоо Улуттар Уюмунун Сириядагы кризисти саясый жол менен басуу ниетин көрсөтөт.

- Cириядагы конфликтти тынчтык жолу менен жөнгө салуу - Улуттар Уюмунун эң бийик дипломатиялык мүдөөсү. Уруш жана куралдануу элге дагы мүмшкүл салат жана кризисти тынч жөнгө салууну кыйындатат. Тынчтык Сирия элинин мыйзамый мүдөөсүнө ылайык саясый өзгөрүүгө алып барат, - деп билдирген 17-августта БУУнун өкүлү Эдуардо дель Буи.

Улуттар Уюмунун эсебинче, 17 айдан берки Сириядагы кандуу булоондо 18 миңден ашуун адам набыт болду жана 170 миңдей адам тууган жерин таштап, сырт жактарга бозгун болуп кетти.

XS
SM
MD
LG