Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

Лидерлер Асадды "сахнадан" кетире албай убара


17 ай мурун башталган жаңжалдан бери кошуна өлкөлөргө качып өткөн сириялыктардын саны 200 миңге жетти.
17 ай мурун башталган жаңжалдан бери кошуна өлкөлөргө качып өткөн сириялыктардын саны 200 миңге жетти.

Эгерде Сирия режими козголоңчуларга каршы химиялык куралдарды колдончу болсо, анда бул сырттан аскерий кийлигишүүгө жол ачат. Бул тууралуу Франциянын президенти Франсуа Олланд билдирди. Ушул эле күнү Египеттин президенти Мухаммед Мурси президент Башар Асадды кызматын тапшырууга үндөдү.

Президент Олланд Франциянын тышкы саясаты боюнча жылдык сөзүндө Сирияга өзгөчө басым жасады. Ал Бириккен улуттар уюмунун жаңжалды басуу аракеттерине бөгөт коюуда деп Орусия менен Кытайды да сындап өттү.

Франсуа Олланд эгер эле Башар Асаддын режими өз элине каршы химиялык курал колдонсо, анда сөзсүз аскерий кийлигишүү болорун эскертти:

- Биз өнөктөштөрүбүз менен бирге сириялык режим тарабынан химиялык куралдардын колдонулбашына кылдат көз салабыз. Эгер андай куралдар колдонулса, эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсүнө укуктук негиз болот.

Ал сириялык оппозицияны убактылуу өкмөт түзүүгө үндөп, оппозиция түптөгөн жаңы бийликти расмий Париж тааный турганын айтты.

Франсуа Олланд
Франсуа Олланд
Буга чейин АКШ президенти Барак Обама да химиялык курал колдонбоо тууралуу Сирия режимине эскертүү берген. Көп өтпөй Обаманын бул билдирүүсүн Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон колдоп чыккан.

Обама Ак үйдө өткөргөн маалымат жыйынында химиялык курал колдонуунун кесепети оор болоорун айткан:

- Бул бир гана Сириянын иши эмес. Бул аймактагы биздин жакын өнөктөштөрдү, анын ичинде Израилди да кооптондурат. Бул бизди тынчсыздандырат. Химиялык же биологиялык куралдар туура эмес адамдардын колуна түшкөнүн биз карап тура албайбыз.

Бирок Барак Обаманын бул эскертүүсүн Кытай катуу сынга алып, Батыш аскерий кийлигишүүгө шылтоо издеп жатат деп айыптап, муну "коркунучтуу жана жоопкерчиликсиз билдирүү" деп жазган Синхуа агенттиги.

Мурси Асаддан түңүлдү

Ал ортодо Египеттин президенти Мухаммед Мурси “өз элине кыргын салган президент Башар Асад” кызматтан кетиши керектигин айтты. “Кан төгүүнү токтотуп, элге бейпилдик орнотчу мезгил келди, ал эми Асад болсо "сахнадан" жоголушу керек”, - деди президент Мурси "Рейтерс" агенттигине курган маегинде:

- Бул режим кызматтан кетиши керектигин Сирия эли бүт дүйнөгө жар салды. Эркиндик үчүн күрөшүп, революция жасоо элдин каалоосу болуп турат. Азыр кан төгүүнү токтотуш керек. Сирияга жөн гана реформа эмес, өзгөрүү, режимдин алмашуусу зарыл. Азыркы кырдаалда президент Башар Асад кызматтан кетиши керек.

Мурси Орусия, Кытай жана Иранды Асаддын өкмөтүнүн кызыкчылыгын коргобой, карапайым сириялыктар тарапта болууга үндөдү.

Кечээ козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөрдүн кармашы жүрүп жаткан Сириянын түндүк райондорунан 9 миңге чукул адам Түркия менен чектеш жерге качып келишти.

28-августта Дамаск шаарынын четинде өкмөттүк күчтөрдүн соккусунан бери дегенде 30 киши набыт болуп, козголоңчулар болсо өкмөттүк бир тик учакты атып түшүрүштү.

Франция президенти Франсуа Олланд кечээ күнкү билдирүүсүндө Анкаранын Улуттар уюмуна качкындардын Түркияга агымын азайтуу үчүн Сириянын өз чегинде буффердик аймак түзүү чакырыгын колдоду. Буга чейин Түркиянын тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу Түркия 100 миңден ашуун качкынды батыра албай турганын билдирген болчу.

Эл аралык укук коргоочулар 17 ай мурун башталган жаңжалдан бери кошуна өлкөлөргө качып өткөн сириялыктардын саны 200 миңге жеткенин айтууда. Ал эми өлкө ичинде 2 жарым миллион адам жардамга муктаж, козголоң башталгандан бери 20 миңдей адам набыт болду.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG