Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:01

АКШ жана Түркия Сирия боюнча эриш-аркак иштейт


Иорданиядагы сириялык качкындар. 31-июль, 2012.
Иорданиядагы сириялык качкындар. 31-июль, 2012.

АКШ менен Түркия Сирия оппозициясын колдоо боюнча деталдуу пландын үстүнөн иштөөдө.

АКШ Мамлекеттик катчысы дем алыш күндөрү Түркияда болгон учурунда айтылгандай, бул эки өлкөнүн стратегиялык милдети - Сириядагы кан төгүүнүн токтошуна жана президент Башар Асаддын режими тезирээк кулашына жетишүү.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон билдиргендей, ал Түркия тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы менен Стамбулда өткөргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин эки тарап Сирия боюнча аракеттерин координациялоо үчүн өзүнчө жумушу топ уюштура турган болушту:

Хиллари Клинтон жана Ахмед Давутоглы Стамбулдагы басма сөз жыйында. 11-август, 2012-жыл.
Хиллари Клинтон жана Ахмед Давутоглы Стамбулдагы басма сөз жыйында. 11-август, 2012-жыл.
- Министр жана мен бүгүн макулдашкан нерсе – оперативдик пландоону күчөтүү. Бул жаңжалдын учурунда биз тыгыз байланышта иштеп жатабыз, бирок биз оперативдик планды абдан деталдуу карап чыгышыбыз керек. Ал эки өлкөнүн өкмөтүндө тең болушу абзел. Албетте биздин эки министрлик көп нерсени координациялоодо, бирок мында биздин чалгын кызматтар, армия ойноочу роль маанилүү. Андыктан муну жасоо үчүн биз жумушчу топ түзөбүз.

Гуманитардык кризис

Сириянын чек аралаш коңшусу Түркия президент Асаддын режимине каршы элдик толкундоо башталгандан бери эле Дамаск козголоңчуларга каршы көргөн чараларды кескин сынга алып келүүдө.

Түрк тышкы иштер министри Ахмед Давутоглы Стамбулдагы сүйлөшүүлөрдөн кийин эл аралык коомчулукту Сириянын Алеппо өңдүү өкмөттүк күчтөрдүн бомбалоосуна кабылган шаарларындагы гуманитардык кризисти жөндөөгө жигердүү катышууга үндөдү.

Сирия качкындарынын Иорданиянын Мафрак шаарындагы лагери.
Сирия качкындарынын Иорданиянын Мафрак шаарындагы лагери.
Сириядан Түркияга азыркыга чейин эле оң миңдеген качкындар ооп келген.

АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун айтымында, Вашингтон менен Анкара президент Башар Асаддын режими кулаган учурга, химиялык куралдын колдонулуп кетүү жана качкындар саны көбөйүү ыктымалдуулугуна да даярдыктарды көрүүдө:

- Биз Асаддын режими кулашын тездетүүгө умтулганыбыз менен андан улам жаралган массалык гуманитардык кризиске да жооп берүүдөбүз. БУУнун эсеби боюнча, Сириянын ичинде эки миллиондой киши жардамга муктаж. 140 миңден ашууну Сириянын коңшуларын көздөй качышты. Сиздер түркиялык министрден уккандай 50-55 миңи азыр Түркияда жана дагы жолдо келе жаткандары да болсо керек.

Хиллари Клинтон кошумчалагандай, АКШ менен Түркия Сириянын президент Асадга каршы күрөшүп жаткан козголоңчулар көзөмөлүбүздө деп ырастаган аймактарын учууга болбой турган аймак деп жарыялоону караштырууда.

Эки тарап макулдашкандай бул маселе али “терең талдоону” талап кылат.

Былтыр дүйнө державаларынын Ливиянын аймагын учууга болбой турган аймак деп жарыялашы бул жердеги козголоңчулар Муаммар Каддафини бийликтен кулатышында маанилүү роль ойногон. Башкача айтканда жогорудагыдай кадам Кадаффинин авиациясын козголоңчуларга сокку уруу мүмкүнчүлгүнөн ажыраткан эле.

"Ал-каида" жана террорчулар

Сирия оппозициясын колдогону менен АКШ бул өлкөдөгү козголоңчуларга аскерий жардам көргөзө элек. Аналитиктер мунун бир себебин АКШнын Сирияда “ал-Каиданын” согушкерлери болушу мүмкүн деген тынчсызданууларына байланыштырууда.

Мындай кооптонуулар бардыгын мамкатчы Клинтон да четкке каккан жок:

- Биз Күрт жумушчу партиясынын, “ал-Каиданын” жана башкалардын террорчулары Сирия элинин эркиндик үчүн мыйзамдуу күрөшүн колдонуп кетишинен, Сирияны өз кызыкчылыктарын алга жылдыруу, балким башкаларга кол салууда таяныч катары пайдалануусунан кооптонобуз.

АКШ өткөн аптада Сириянын мамлекеттик Sytrol мунай компаниясына каршы санкцияларды киргизди.

Каржы министрлигинин билдиргенине караганда, алар “Хезболла” тобун Сирия боюнча санкцияга жайылтылуучу уюмдардын кара тизмесине кошту.

Өкмөттүк аскерлер Алеппонун борборунда. 9-август, 2012-жыл.
Өкмөттүк аскерлер Алеппонун борборунда. 9-август, 2012-жыл.
Ливандагы шийиттердин бул согушчан тобун Вашингтон мурда эле террорчул уюмдардын тизмесине киргизген жана ал АКШнын санкциясы алдында болчу. Эми жума күнкү кадам бул топту Сириядагы кыянатчылыктарга ачык байланыштырып турат.

Бул аралыкта жекшемби күнү кагылыштар, Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы деген уюмдун айтымында, борбор Дамасктын чет жакасында, Алеппо, Дераа шаарларында, Хомс провинциясында орун алган. Аталган уюмдун эсебинде, былтыр марттан берки козголоңдон өлкөдө 20 миңдей кишинин өмүрү кыйылды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG