Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:50

БУУ Сирия боюнча резолюцияны карайт


Хомс шаарындагы жардыруу, 21-июнь, 2012-жыл
Хомс шаарындагы жардыруу, 21-июнь, 2012-жыл

Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Сирия боюнча Коопсуздук кеңешин сындаган резолюцияга добуш берет. Эл аралык коомчулук Сирияда жаңжалды басуу боюнча орток пикирге келе элек.

Башкы ассамблеянын добушуна коюлган резолюция долбоорунан Сирияга санкцияларды киргизүү жана президент Башар ал-Асаддын кызматтан кетүүсү тууралуу эки шарт алынгандан кийин 193-өлкөнүн дипломаттары толук жактырат деп күтүлүүдө. Резолюцияны жактыргандардын саны каршылардан көптүк кылса, анда документ кабыл алынды деп саналат. Резолюция мыйзамдык күчкө ээ болбогону менен Коопсуздук кеңешине басым жасайт.

Документтин долбоору добушка коюлат деп турганда Улуттар Уюму менен Араб лигасынын Сириядагы атайын чабарманы Кофи Аннан август айынын соңунда мөөнөтү аяктаары менен бул милдетти тапшырып берээрин билдирди. Аннан Сириядагы кулачын жайып бараткан аскерий операциялар Улуттар Уюмунун байкоочуларынын ишмердүүлүгүн токтотууга мажбурлап жаткандыгын айтып, Коопсуздук кеңешин жаңжалды басуу боюнча иштиктүү чечим кабыл албаганы үчүн сынга алды:

- Бизге, Сириянын калкына конкреттүү чаралар абадай зарыл болуп турганда, Коопсуздук кеңешинде сөөмөй кесөө менен курулай айтыш уланууда.

Франциянын Улуттар Уюмундагы элчиси Жерар Аро журналисттерге Орусия менен Кытай Коопсуздук кеңешинин расмий Дамаскка каршы санкцияларды киргизүүсүнө бөгөт коюп келгендигин сындады:

- Биз жардам берсек эле дейбиз. Эмне кылсак деп карап жатабыз. Балким эч нерсе кыла албайбыз, балким ишибизден майнап жок болот. Бул мамиле {Коопсуздук} Кеңешти эки топко бөлүп койду. Эгерде сыналгыны карасаңар, Алепподо, Сирияда эмне болуп жатканын көрүп туруп, кайра эле Кытай менен Орусиянын каршылыгына туш болуудабыз. Эми бул жүрөк оорутат.

Орусиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Виталий Чуркин Москва Башкы ассамблеянын “бир жактуу жана балансталбаган” резолюциясын колдой албастыгын билдирет. “Резолюцияны өтүп кетсин деп түрткөн ал өлкөлөр Сириядагы оппозициялык топторду курал менен жабдууда. Бул болсо Кофи Аннандын бейкуттук орнотуу аракеттерине бөгөт койду”, деген Орусиянын өкүлү күнөөнү Батышка оодарды.

Сирияда куралдуу кармашты токтотуу боюнча Кофи Аннандын 6 шарттан турган планын жаңжалга баткан эки тарап тең сактаган жок. Бейшембиде укук коргоочулар Сириянын эң чоң шаары Алепподо өкмөттүк күчтөрдүн козголоңчуларга каршы куралдуу чабуулу уланганын билдиришти.

Улуттар Уюмунун тынчтыкты камсыздоочу күчтөрүнүн башчысы Эрве Ладсус байкоочулар Алепподо “аскерий маанидеги өтө чоң жайларды" көрүшкөнүн, бул болсо "катуу кармаш алдыда" турганынан белги берет деген кооптонуусун айтты.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG