Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Сирия АКШ жана Орусия президенттеринин көңүл чордонунда


Барак Обама жана Владимир Путин Сириядагы кризисти талкуулашты, Лос Кабос, Мексика,18-июнь 2012-жыл.
Барак Обама жана Владимир Путин Сириядагы кризисти талкуулашты, Лос Кабос, Мексика,18-июнь 2012-жыл.

Чоң Жыйырманын Мексика саммиттине катышып жаткан АКШ жана Орусия президенттери эки тараптуу жолугушууда Сириядагы кризисти талкуулашты. Бүгүн болсо БУУнун Сириядагы байкоочулар миссиясынын жетекчиси генерал Роберт Муд Коопсуздук кеңешинде чыгып сүйлөйт.

Ишембиде БУУнун байкоочулар миссиясы зордук-зомбулуктун күчөшүнөн улам кырдаал кооптуу боло баштагандыктан өз ишин убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды.

Кофи Аннандын тынчтык планынын алкагында апрелдин башынан бери Сирияга 300дөй байкоочу жайгаштырылган. Бирок ок атышууну токтотууга багытталган долбоордун шарттарын касташкан тараптар аткарбай келатышат. Абал курчугандыктан айрым эксперттер БУУ миссиясы жемиш алып келбейт деген күмөн саноолорун көбүрөөк айта башташты.

Байкоочулардын мандаты 20-июлда соңуна чыгууда жана Коопсуздук кеңеши аны узартар-узартпасы белгисиз. Бир нече күн мурун Хомс шаарынын жанында көк каскачандар аткылоого туш болушкан.

Дүйшөмбүдө Женевадагы жыйында БУУнун Адам укуктары боюнча комиссары Нэви Пиллай Сирия режимин адамгерчиликке каршы кылмыштар үчүн айыптады. Ал өкмөттүк армия айыл-кыштактарда оор техника колдонуп жатат, муну адамгерчиликке каршы кылмыш, а балким согуш кылмыштары катары сыпаттоого болот деп билдирди.

Пиллайдын айтымында, кылмышкерлерди, анын ичинде Улуттар уюмунун байкоочуларына кол салгандарды жоопко тартуу керек. Кризис тереңдеген сайын карапайым сириялыктардын абалы ого бетер оорлоду, - деп белгиледи Пиллай.

Сириядагы кризис Чоң Жыйырманын Мексика саммиттине катышып жаткан АКШ жана Орусия президенттеринин жолугушуусунун чордонунда болду. Барак Обама менен Владимир Путин биргелешкен билдирүүдө “кан төгүүнү дароо токтотууга” үндөп, БУУ жана Арб Лигасынын арачысы Кофи Аннандын аракеттерине толук колдоосун билдиришти.

Жолугушуудан кийин Обама зордук-зомбулукка чекит коюу үчүн саясий процесстин керектиги жөнүндө макулдашышканын айтты:

- Сириядагы абалды талкуулап, кан төгүүнү токтотуу керектиги, жарандык согуштун, соңку жумаларда күбө болгон үрөй учурган адам өлтүрүүлөрдүн алдын алуу үчүн саясий процесске өбөлгө түзүү зарылдыгы жөнүндө бир пикирге келдик. БУУ, Кофи Аннан өңдүү эл аралык арачылар жана бул проблеманы чечүүгө кызыкдар бардык тараптар менен иштешүү даярдыгыбызды кайталадык.

3-президенттик мөөнөткө киришкенден кийин америкалык мамлекет башчы менен алгачкы жолу кездешип жаткан Путин эки өлкөнүн позицияларында бирдей көз караштар көп болуп чыкканын кошумчалады:

- Биз бир катар эл аралык маселелерди, анын ичинде Сириядагы абалды кеп кылдык. Менин оюмда, бардык маселелерде көп учурларда пикирибиз бир жерден чыкты.

Лидерлер жолугушуп жаткан кезде орус маалымат каражаттары Деңиз аскерлеринин эки кемеси орус жарандарын жана Тартус портундагы орусиялык аскердик базаны коргоо максатында Сириянын жээгине жөнөп жатканын кабарлашты.

Акыркы 40 жылдын ичинде Сирия СССРдин кийин Орусиянын курал-жарак чөйрөсүндөгү ири кардарына айланган. Батыштын чакырыктарына карабай, Москва Дамаскты аскердик техника менен камсыздоону улантууда.

Өткөн аптада АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Орусия Сирияга согуштук тик учактарды сатып, ал өлкөдөгү кризисти курчутууга салым кошууда деп катуу сындаган. Ага жооп кайтарып, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ Сирия оппозициясын курал-жарак менен камсыздоодо деп айыптаган.

Вашингтон ошондой эле Москваны Коопсуздук кеңешинин Асад режимине каршы резолюциясына вето койгондугу үчүн сындап келатат. Орусия БУУнун байкоочулар миссиясын колдогон, бирок эл аралык күчтөрдүн интервенциясына каршы болууда.

БУУнун маалыматына ылайык, 15 айдан бери созулуп келаткан тирешүү 14 миңдей кишинин өмүрүн алып кетти.

XS
SM
MD
LG