Жеңиш Молдокматовду ИИМге суракка чакырышты

Жеңиш Молдокматов

Былтыркы парламенттик шайлоого “Замандаш” партиясынын жетектеп барган саясатчы Жеңиш Молдокматов Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка чакырылды. Ага ылайык, Молдокматов 6-майда саат 10:00 мекеменин Тергөө кызматына барышы керек.

“Кайсы маселе боюнча суракка чакырып жатканын так билбейм. Бирок саясатка байланыштуу айткан акыркы пикирлерим себеп болушу мүмкүн. Анткени, Баткендеги куралдуу кагылыш үчүн атайын кызматтын төрөгасы Камчыбек Ташиевдин отставкасын талап кылганбыз. Ага чейин Садыр Жапаров демилге кылган Баш мыйзамдын долбоорун сындап чыкканбыз. Мындан тышкары уу коргошун, казино жана экономикалык жагдайлар боюнча сын айтып келгенбиз. Президенттин кылган иштери аягына чыкпай, баш-аламан болуп жатат. Балким ушуларга байланыштуу болушу мүмкүн”, - деди Молдокматов.

Ички иштер министрлиги Молдокматовдун суракка чакырылганы тууралуу расмий маалымат бере элек.

Жеңиш Молдокматов учурда “Туран” партиясын жетектеп жатканын маалымдады. Ал буга чейин Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккан «Ханституцияга каршы» борборунун төрагасы да болгон. (MiK)

Дагы караңыз

Тажик бийлиги чек ара жаңжалында Исфаранын 10 тургуну өлгөнүн ырастадыШвейцариядагы кыргыз жарандары БУУнун алдына акцияга чыгыштыМинистрлер кабинетинин мүчөлөрү дайындалдыӨкмөт Министрлер кабинети болуп кайра түзүлдү"Чоң жетинин" саммитинде вакцина маселеси талкууланатБаткенде президенттин атайын өкүлү дайындалат