Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:24

Баткенде президенттин атайын өкүлү дайындалат


Баткенде чек арадагы коогада ондогон адам там-ташы жок калды.
Баткенде чек арадагы коогада ондогон адам там-ташы жок калды.

Президент Садыр Жапаров 5-майда “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндөгү” жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, бул максатта премьер-министр төрагалык кылган мамлекеттик комиссия түзөлөт жана аталган облуста президенттин атайын өкүлү дайындалат.

“Комиссиянын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылуу, мамлекеттик органдардын ишин координациялоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү жана жергиликтүү элге жардам көрсөтүү президенттин атайын өкүлүнүн негизги милдеттери болуп эсептелет деп белгиленсин”, - деп жазылган жарлыкта.

Документке ылайык, өкмөткө, Улуттук банкка чек ара жаңжалынан жабыркаган аймакка, жарандарга ар тараптан жардам берүүнүн жол-жобосун, тартибин иштеп чыгуу, долбоорлорду, программаларды даярдоо тапшырылды.

28-30-апрель жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алды.

Тажикстанда 20 киши көз жумганын, 90дой киши жарадар экенин "Азаттыктын" тажик кызматы кабарлаган. Айрым кыштактарда турак-жайлар талкаланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG