Кумтөрдүн азыркы абалы

Кумтөр кенинин негизги карьери. 

Карьердин жанында Давыдов жана Лысый мөңгүлөрү жайгашкан. 

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманованын айтымында, “Кумтөр Голд” ишканасы 1995-жылдан тарта 2017-жылга чейин топурак, башкача айтканда калдыктарды төгө бергендиктен Давыдов жана Лысый эки мөңгүсүнүн этеги ээрип кеткен. 

Учурда карьердин жанындагы кертилип турган мөңгүлөрдүн негизги бөлүгүн сактоо чаралары зарыл болуп турат. 

Экологиялык талапка ылайык, калдыктар үчүн мөңгүсү жок атайын өрөөн тандалып, ошол жерге бийиктиги 60 метрден ашпагандай кылып топтолушу керек болчу. Ишкана мындай ишти 2017-жылдан баштап аткара баштаган.  

Биз көрүп турган 160 млн. куб таш-топурак курамында алтыны жок калдык.

Заводдон алтыны иргелип алынгандан кийинки таш-топурак суйуктук түрүндө атайын уу калдык сакталган жайга төгүлөт.

“Кумтөр Голд” ишканасынын маалыматында уу калдыктар сакталган жайда 106 тонна алтын бар. 

Кумтөрдөгү Петров мөңгүсүнөн пайда болгон көлдүн суусун тазалап, ишкана ичүү жана өндүрүш үчүн пайдаланат. Көлдүн аянты 400 гектардан ашат, 65 млн куб суу бар.

Петров менен уу калдык сактоочу жайдын аралыгы беш чакырым. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова уу калдыктар сакталган  жай талапка ылайык эмес курулганын айтат. 

2021-жылы түзүлгөн Кумтөрдү иликтеген мамлекттик комиссия жалпы "Кумтөр Голд" ишканасы Кыргызстанга төлөп бериши зарыл деп, 4 миллиард 252 миллион 800 миң доллар доо койгон. Анын 3 миллиард 86 миллиону экологиялык зыян деп эсептелген. Бирок, 16-майда “Центерра Голд” айыптарды четке кагып, кыргыз өкмөтүнө каршы Эл аралык арбитражда териштирүү баштаганын жарыялаган. 

Кыргыз өкмөтү 17-майда "Кумтөргө" убактылуу тышкы башкаруу киргизген.15-майда Кумтөр кениндеги мөңгү, калдык, өндүрүш жана карьер жөнүндө маалымат берип турган системанын компьютерлери өчүп калган. Система 3-4 күндөн кийин калыбына келтирилген, ага чейин ушул жерден кол менен башкарылып турган.

Алтын кендин өндүрүш боюнча аткаруучу директорунун милдетин аткарып жаткан, алтын иштетүүчү фабриканын менеджери Нурдин Усенов учурда Кумтөрдө кадимкидей иш жүрүп жатканын билдирди. 

Азыркы тапта кенде жалпы 3500 адам эмгектенүүдө. Алардын баардыгысы кыргыз жарандары.

Канадалык "Центерра Голд" ишканасы 24 жылдан бери Кумтөрдөн 400 тонна алтын өндүрдү.

«Кумтөр» долбоору - өлкөдөгү эң ири ишкана. Орточо эсеп менен компания жыл сайын 16-17 тонна алтын казат. Быйыл 14,62 же 15,86 тонна алтын өндүрүүнү пландаган.

Кумтөрдөгү оор техникаларды оңдоочу жай. 

Кумтөр өзгөчө кайтаруудагы жай. Жумушчулардан башка кишилер атайын уруксат менен гана кирет. 

Кумтөргө кеткен жол. 

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитет 1995-жылдан бери алтын казган “Кумтөр Голд Компани” ишканасы Давыдов жана Лысый мөңгүсүнөн 178 млн куб метр музду жок кылганын билдирди.