"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.
Кыргызстанда көкбөрү оюнунда улактын ордуна жасалма кепти пайдалануу демилгесине каршылар социалдык тармакта “Мен муляжга каршымын” деген акцияга биригип, улуттук оюндун барк-баасын сактоого чакырып жатышат.
Казакстан өз аймагына Кыргызстандын картошкасын убактылуу киргизбей туруу чечимин кабыл алды.
27-апрелде Жогорку Кеңеш спикерди шайлады. Ушул маселени талкуулаган берүүгө Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков жана укук коргоочу Рита Карасартова катышты.
Акыйкатчы чет мамлекеттердеги абактарда камалган кыргызстандыктарды кайтарып алуу маселесине жакшы көңүл бурулбай жатканын билдирүүдө.
Кыргызстанда жаштар арасында кылмыштуулук күчөп баратат. Талдоочулар өспүрүм куракта жасаган бейбаштыгы үчүн татыктуу жаза албай калгандар чоңойгондо андан дагы оор кылмыштарга коркпой эле барарын белгилешет.
Өткөн аптада Бишкектеги Шабдан баатыр көчөсүндө ири жол кырсыгы катталды. Курулуш жүрүп жаткан жолдо “Хонда Фит” үлгүсүндөгү машине КамАЗ автоунаасынын алдында калып, эки адамдын өмүрү кыйылды.
Мамлекеттик жана менчик медициналык тейлөө мекемелеринде адам факторуна байланышкан калпыстыктар жана алардын кесепеттери тууралуу элде көп дооматтар айтылып келе жатат.
Жогорку аттестациялык комиссия илимий даража берүү учурундагы сый тамактарды токтотууну эскертүүдө. Бул туурасындагы буйрукту бузгандарга жаза колдонулуп, керек болсо диссертацияны коргоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы мүмкүн.
Жапониядагы жер титирөө болгон Кумамото шаарында жашаган эки кыргыз жараны Токиого келет. Алардын бири Жази Келгенбаева “Азаттыкка” маек курду.
Прокурорлор бала багуу үчүн эмес, жумуш ордун сактап калуу максатында ушундай ыкманы эң мыкты өздөштүрүп алганын билген адистер айтышат.
Сот системасындагы аялдардын саны жана орду парламентте айрым депутаттарды ойго салууда.
12-апрелде парламент комитети “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулабастан эле кабыл алды. Эми ал 14-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.
Кыргызстанда соңку жылдары ара төрөлгөн балдардын саны өсүүдө. Адистердин айтуусунда, мындай балдардын салмагы канчалык көбүрөөк болсо, алардын адам болуп кетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору. Ал эми өтө аз салмакта көз жарган муштумдай ымыркайлардын көбү бир жашка чыкпай чарчап калууда.
«Чет элдик агенттер» боюнча мыйзамды кабыл алуу аракети кайрадан башталганына байланыштуу бүгүн укук коргоочулар Ак үйдүн жанында нааразылык акциясына чыгышты. Бул демилгени көтөрүп чыккан депутаттардын өздөрү азыркы парламентте жок экенин айткан активисттер эл аларды шайлабай койгонун, мыйзам долбо
Үңкүр-Тоо маселесин парламент өкмөттүн катышуусунда жабык талкуулады. Башкы прокуратурага 22-мартта Кербен шаардык кеңешинин кароосуна жиберилген өкмөт токтомунун аныктыгын иликтеп чыгуу тапшырылган.
Кыргызстандан согуш жүрүп жаткан Сирия менен Иракка кеткендердин 135и балдар экени белгилүү болду. Жогорку Кеңеште экстремисттик-террордук иш-аракеттерге аралашкан жеткинчектерди да жоопко тартуу сунушталууда.
Милициядан "Азаттыкка" кабарлашкандай, кырсык 27-мартта болжол менен кечки саат жетилерде болгон. Чүй жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде бак кулап, токтоп турган бир унааны жана жолдо жүрүп бараткан унааны басып калган. Анын айдоочусу ошол жерден көз жумган. Бишкек шаар мэриясынын көзөмөлү мен
"Ыңгайсыз суроолор" кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды талкуулады. Талкууга өкмөттүн өкүлү Курбанбай Искандаров жана эксперт Талант Кушчубеков катышты.
Чек арадагы Ала-Бука - Кербен жолундагы соңку кырдаал, ал жердеги өзбек чек арачыларынын аскер техникасы менен келип алышынын себептери, бул жагдай боюнча кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшү туурасында “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөмбиев айтып берди.
Дагы жүктөңүз