"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.
Кыргызстанда Бирдиктүү оппозициялык күч деп аталган кыймыл түзүлдү. Саясий айдыңдан четтеп калган саясатчыларды кандай кызыкчылыктар бириктирди?
"Ыңгайсыз суроолор" оппозициянын максаттары тууралуу кеп козгоду. Талкууга Өмүрбек Суваналиев жана депутат Рыскелди Момбеков катышты.
Бишкекте мектептен тышкары балдарды окутуунун жаңы технологиялары пайда болууда. Ушул тапта эсепти оозеки чыгартууга үйрөткөн менталдык арифметика сабагы балдардын кызыгуусун арттырууда.
Москвага иш сапар менен барган кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев кечээ Орусия башчысы Владимир Путин менен кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылуусу жана мындан аркы евразиялык интеграция талкууланды. Президенттин иш сапарынын максаты туурасында “Азаттыктын” суроолоруна мурдагы тышкы иштер министри, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев жооп берди.
Кыргызстанда жемкорлукка каршы күрөш кайсы нукта баратат? Бийлик бул илдетке каршы күрөшүүдө алдын алуу иштерине караганда анын кесепети менен күрөшүү, жазалоо ыкмасына көбүрөөк ыктап жатабы? "Азаттыктын" суроолоруна өкмөт аппаратынын коррупцияга каршы саясат бөлүмүнүн башчысы Тилек Саякбаев жооп берди.
Жалал-Абад шаардык прокуратурасынын имаратынын өрттөлүшү боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат. Буга чейин 2010-жылы апрель апаатында Бишкекте Башкы прокуратуранын имараты өрттөлүп, азыркыга чейин ээнсиреп турат. Күч түзүмдөрүнө тийиштүү имараттардын өрттөлүшүнүн артында кандай сыр болушу мүмкүн же бул кокустукпу? Ушул жана башка суроолордун тегерегинде саясатчы Азимбек Бекназаров “Азаттыкка” маек курду.
Март айында Вашингтондо өтө турган кыргыз-америка бизнес форумунда эки өлкөнүн ортосундагы бизнес ишкердүүлүктү өнүктүрүү жолдору талкууланат.
Кыргызстанда 42 миңден ашык үй-бүлө "Жер участокторун трансформациялоо жөнүндө" мыйзамдын кабыл алынышын күтүүдө.
“Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку коногу “Республика Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев болду.
Быйыл мамлекеттик кызматкерлер тапшырчу декларацияга киреше менен катар чыгашасы тууралуу маалыматтар дагы камтылмай болду.
Кыргызстанда Социалдык фондго төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери кайра каралып чыгат. Мындай талапты президент Алмазбек Атамбаев Соцфонддун жетекчиси Мухамметкалый Абулгазиев менен жолугушууда койду.
Кыргызстанда тигүү тармагында жумуш берүүчү менен тикмечилердин ортосундагы эмгек келишиминин жоктугу соңку кездери чоң көйгөй жаратып келет.
Бишкек мэри Кубанычбек Кулматов күтүүсүз кызматтан кетти. Ушул темага арналган берүүгө шаардык кеңештин депутаты Эрнис Докенов жана мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун катышты.
Жөлөк пулга үмүт арткандар
Улуттук стратегиялык иликтөө институту мамлекеттик органдарга карата элдин ишеними өсүп жатканын билдирүүдө.
Өкмөт “Центерранын” кошумча эмиссия чыгаруу чечими боюнча сотко кайрылат. Бул үчүн атайын юридикалык компания жалданып, сотко кайрылуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасы “Кыргызалтын” ишканасына берилди.
Москвадагы тигүүчү цехте чыккан өрт сегиз кыргыз жаранынын өмүрүн алды. Бүгүнкү күндө өрт атайын уюштурулган деген негизде кылмыш иши козголду.
"Чет элдик агент жөнүндөгү" мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышынын кароосуна февраль айында кайрадан берилгени жатат.
Кенди иштетүүнү 2016-жылга планы, алтындын корун тактоо, геологиялык изилдөө иштери, Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоо маселеси көтөрүлгөнү маалым болду.
Кара-Балтадагы кыргыз-кытай "Жунда" мунай иштетүүчү заводу салык төлөбөй, кирешесин жашырууда деген салык кызматынын арызынын негизинде учурда тергөө жүрүүдө.
Дагы жүктөңүз