"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.
Кара-Балтадагы кыргыз-кытай "Жунда" мунай иштетүүчү заводу салык төлөбөй, кирешесин жашырууда деген салык кызматынын арызынын негизинде учурда тергөө жүрүүдө.
Кыргыз парламентиндеги соттук териштирүүлөр менен коштолуп жаткан мандат талаш чыры коомчулуктун көңүл чордонуна чыкты.
Астрологдор маймыл жылы төрөлгөн адамдардын арасында артисттер, жазуучулар жана саясатчылар басымдуу болорун, мындан улам жаңы жыл өзгөчө саясий чөйрөдө жүргөндөр үчүн бурулуш жыл болорун эскертишет.
Кыргызстанда 2015-жылы “Вечерний Бишкек” басылмасынын тегерегиндеги талаш- тартыш курчуп, айрым журналисттер ири доого жыгылып, сотко сүйрөлдү.
Кыргызстанда күн сайын жол кырсыгынан үч киши каза таап, отуздай адам ар кандай жаракаттарды алат.
Өткөн аптада парламент Акыйкатчыга көрсөтүлгөн сегиз талапкердин бирин да шайлабай койду. Мындан улам бул кызматка жаңы сынак жарыяланды.
Түркиядагы кыргызстандык ишкерлер эки өлкө ортосундагы ишкердүүлүктү өнүктүрүү демилгесин көтөрүп жатышат. “Кыргызстан-Түркия” достук жана маданият коомунун жетекчиси, ишкер Айбек Сарыгул “Азаттыкка” курган маегинде бул маселе жакында Анкара шаарында боло турган кыргызстандык ишкерлер форумунда талк
Тигүүчүлөрдү карайлаткан кризис
Кыргызстанда тигүүчү цехтеринин басымдуу бөлүгү кризистен улам жабыла баштады. ЕАЭБга мүчөсү болгондон бери соода солгундап, ишкерлер цехтерин сатып, башка иш издөөгө аргасыз болууда.
Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстанда 2017-жылы боло турган президенттик шайлоону жаңы биометрикалык паспорттор менен өткөргөнү жатат.
Өткөн аптада Кыргызстанда бир доллардын баасы 79 сомго чыгып барып, кайра бир аз ылдыйлады.
Улуттук банк бюджеттик кызматкерлердин доллар менен алган насыяларын сомго трансформациялоо боюнча механизмдерди бир апта ичинде иштеп чыкканы жатат.
Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы демилгелеп жаткан мыйзам долбоорунда балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө мунапыс бербөө, алардын жаза өтөө мөөнөтүн узартуу жагы каралган.
Жаңы акыйкатчы декабрда шайланып калышы мүмкүн. Ушул тапта талапкерлер парламент жарыялаган сынактын алкагында тийиштүү фракцияларга документтерин тапшырып бүтүштү.
Париж окуясы дүйнө өлкөлөрүнүн үрөйүн учуруп, коопсуздук маселесине олуттуу көңүл буруу зарылдыгын көрсөттү. Бул күндөрү кыргыз өкмөтү күч түзүмдөрүнө чукул коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды.
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жана ишканага караштуу аффинаж заводунун жооптуу кызматкерлери уурулукка шектелүүдө.
Президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамды өзгөртүп, өлкөнү толук парламенттик башкарууга өткөрүү зарылдыгын айтып чыкты. 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт деген шарты бар учурдагы Конституциянын өксүктөрү эмнеде?
Бул жолку апта темасы - окуу китептердин абалы. Көп улуттуу Кыргызстандын мектептеринде билим берүү негизинен кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлөт.
5-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев бир катар жетекчилерди кызматтан бошотуп, алардын ордуна жаңы кадрларды дайындады.
"Кыргызстан" партиясынан депутат болуп шайланган Кубанычбек Нурматовго байланыштуу кылмыш ишин Башкы прокуратура кайра жандандырды.
Дагы жүктөңүз