"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.
Түштүк Азиядагы зилзаладан өлгөндөр саны 300дөн ашканы кабарланууда.
Жапон премьер-министри Синдзо Абэнин Борбор Азияга жана Кыргызстанга расмиий иш сапары, кыргыз-жапон мамилелеринин өнүгүшү, алардын мааниси жана келечеги туурасында көп жылдардан бери Токио шаарында иштеп жүргөн жапон таануучу Мунара Жалил кызы “Азаттыкка” маек курду.
"Азаттыктын" “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында шайлоодон кийинки мандат бөлүштүрүү процессинин мыйзамдык жана моралдык жагы талкууланды.
Кыргызстандагы №50 түрмөдөгү кызматкерлердин өлүмү менен коштолгон каргашалуу окуя системанын ичиндеги көйгөйдү сыртка алып чыкты.
Парламенттик шайлоодо партиялар жеңишке кантип жетишти? Утулган партиялар эмнеден өксүдү? Шайлоочулар тандоосун өлкө келечегине байладыбы же утурумдук акчага алдандыбы?
Кыргызстанда 4-октябрда боло турган шайлоого карата бүгүн “жымжырттык күнү” өкүм сүрүүдө. Мыйзам боюнча добуш берүүгө бир күн калганда талапкерлер өзүн жарнамалоону токтотот.
"Акыйкат" кыймылынын төрагасы Эркинбек Мергенбаев коррупцияга шектелип камалды. Мергенбаевдин тарапкерлери анын камалышын бийликтин “Көчмөндөр оюну” учурундагы кыңыр иштерди бир кишиге оодаруу аракети деп баалашууда.
Бул жолу “Кыргызстан элдер конгресси” партиясынын лидери Шамшыбек Медетбеков маек куруп, эмне үчүн башка партиялардын өзгөчөлөнүп турганын, жерлерди мыйзамсыз менчиктештирди деп айыпталып жаткан “Биримдик” партиясынын лидери Карганбек Самаков менен кандайча бириккени, шайлоого карата партиянын чам
“Азаттык” парламенттик шайлоону утурлай партия лидерлеринен маек уюштурууну улантууда.
Кыргызстандын Москвадагы элчилиги "кара тизмеден" чыгып, тазаланып алуу мүмкүнчүлүгү бар мигранттарды 1-ноябрга чейин Орусиядан чыгып, кайра кирип алууга чакырууда.
“Эгемен Кыргызстан” партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын үстүнөн жазган арызын Бишкектин Биринчи май райондук соту канааттандырган жок.
Кыргыз коому келечек муунду тарбиялап келе жаткан билим берүү тармагынан эмнени күтөт? Канткенде заманбап билимге сугарылган, коомго керектүү кадрлар даярдалат?
Кыргызстандын мектептеринде китеп тартыштыгы курч маселе бойдон калууда. Өзгөчө башталгыч класстарда балдары окуган ата-энелер дээрлик бардык китептерди дүкөндөрдөн сатып алууга аргасыз.
Чоң-Өрүктү айылындагы “Керемет суу” пансионатында киши өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелгендер толук колго түшө элек. Бүгүнкү күндө дагы үч-төрт киши качып жүрөт.
Биринчи май райондук соту доогер Александр Рябушкиндин арызын канааттандырып, “Вечерний Бишкек” басылмасынын акцияларын жана "Рубикон" ишканасынын калган 50 пайыз акциясын ага өткөрүп берүү чечимин чыгарды.
Ички иштер министрлиги 30-августта Көк-Жар жаңы конушунда кызматкерлер үчүн салынган үйлөрдү ээлерине тапшырганы жатат. Бирок үй кезегин чыдамсыздык менен күтүп жаткан айрым кызматкерлер үй берчү маал жакындаганы тизмеден чийилип калышканына нааразы.
Кыргызстанда мектеп окуучуларына бирдиктүү форма кийгизүү аракети ата-энелер арасында түшүнбөстүк жаратууда. Алар Билим берүү министрлиги сунуштаган бычым менен тигилген формалардын сапаты начар, бирок баасы кымбат экенин айтышууда.
Бишкекте бир суткада беш аял күйөөсүнөн таяк жеп, тез жардам кызматын чакырган. Ур-токмоктун айынан ар кандай жаракат алган аялдар шаардык ооруканаларга жеткирилди.
Бишкектеги №4 төрөтканада чарчап калган ымыркайдын ата-энеси дарыгерлерди күнөөлөп жатышат. Көз жарган келин дарыгерлердин кайдыгерлигинен улам уулун жоготуп алганын айтууда.
Башкы прокуратура Софияда кармалган Centerrа Gold компаниясынын мурдагы башкы директору Леонардо Хоменюкту Кыргызстанга өткөрүп берүү өтүнүчү менен Болгарияга кайрылды.
Дагы жүктөңүз