Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:50

Мамлекет эл ишенимин актадыбы?


Каркыра жайлоосу
Каркыра жайлоосу

Улуттук стратегиялык иликтөө институту мамлекеттик органдарга карата элдин ишеними өсүп жатканын билдирүүдө.

Улуттук стратегиялык иликтөө институту соңку жарым жыл бою жүргүзүлгөн иликтөөнүн негизинде Кыргызстандагы элдин мамлекеттик органдарга карата ишеним индексин минус жүз баллдан плюс жүз баллга чейинки ченемдин алкагында аныктады.

2012-жылдан тарта ар бир жарым жыл сайын жүргүзүлчү сурамжылоого ар бир облустан 400дөн киши, жалпы 3600 жаран катышты. Институттун директору Талант Султановдун “Азаттыкка” билдиришинче, 2012-жылкы алгачкы иликтөөдө элдин ишеними - беш баллды көрсөткөн. Андан берки иликтөөлөр улам жогорулап отуруп, соңку жарым жылдыкта көрсөткүч 22 баллга чейин өстү. Бул 2014-жылга салыштырмалуу 7,3 балл көбүрөөк дегенди түшүндүрөт.

- Жергиликтүү органдар жарандар менен тыгыз иштеген үчүн аларга көбүрөөк балл берилип жатат. Же болбосо Өзгөчө кырдаалдар министрлигин алалы. Алар аймактарда элге жардам бергени үчүн алардын жумушу көрүнүп жатат. Ал эми айрым мекемелер, мисалы экономикалык, саясатты аныктаган мекемелер эл менен түз байланышы жок болгондуктан, эл алардын жумушун билбегендиктен алардын көрсөткүчү төмөн болушу мүмкүн.

Элде укук коргоо органдарына ишеним жоктугу айтылып келет
Элде укук коргоо органдарына ишеним жоктугу айтылып келет

Иликтөө учурунда Кыргызстандагы 40 мамлекеттик мекемеге карата элдин көз карашы, ой-пикирлери топтолгон. Ушул тапта институт алардын ичинен кимге ишеним көбүрөөк, кимге азыраак экенин иргеп жаткан кези. Элдин ишеним индекси башка облустарга салыштырмалуу Жалал-Абадда жогорку болсо, Ысык-Көлдө эң төмөн экендиги көрсөтүлгөн. Мындан улам биз дагы айрым шаар тургундарына микрофон сунганда бул боюнча ар кандай жооп алдык.

- Мамлекеттик органдарга ишенбейм. Өзгөчө милиция, тергөөчүлөргө. Менин баламды бирөө машинеси менен артынан сүзүп, айыптуу болсо дагы далилдей алган жокпуз. Көрсө тигинин таянган кишилери жогору жакта отургандар экен. Ошон үчүн биздин баланын пайдасына чечим чыккан жок, - деди Айна аттуу Бишкектин тургуну.

Талант Султанов иликтөөдө ишеним индекси максималдуу 100 баллдык көрсөткүчтөн бир топ эле алыс турганы менен анын жылдан-жылга акырындык менен болсо дагы өсүш жолунда баратканы жакшы жышаана деп эсептейт.

- Мына жакында эле парламенттик шайлоону өткөрдүк. Жергиликтүү дагы, чет элдик байкоочулар дагы шайлоо таза өткөнүн айтышты. Бул факторлор дагы эл ишенимине позитивдүү таасирин тийгизет. Ага кошумча азыр дүйнөдө экономикалык кризис болуп жатат. Бирок Кыргызстан анын таасирин анча катуу сезген жок. Бул жагдай дагы эл ишениминин өсүшүнө жардам берүүдө.

Мамлекеттик мекемелердин өз алдынча болуп, демилге көтөрүп, эл менен иштейин деген ою жок. Баары эле совет заманындай үстү жактан кандай токтом, чечим келер экен, ким телефон чалып, кандай тапшырма берет деп эле келе жатышат.
Тилектеш Ишемкулов

Окумуштуу Тилектеш Ишемкулов баары бир азыркы шартта мамлекеттик органдарга ишеним артуу кыйын экенин белгилейт. Анткени алар эгемендик алган жылдардан тарта жарытылуу деле иштей албай, тар жолдо, тар чөйрөдө келе жатат. Ишемкуловдун көз карашында, мамлекеттик органдар совет мезгили учурунун саркындысы саналган жогорку жактын көзүн карамай деген оорудан арылмайын алардын эл алдындагы кадыр-баркын көтөрүү кыйынга турат.

- Азыр мамлекеттик мекемелердин өз алдынча болуп, демилге көтөрүп, эл менен иштейин деген ою жок. Баары эле совет заманындай үстү жактан кандай токтом, чечим келер экен, ким телефон чалып, кандай тапшырма берет деп эле келе жатышат. Таарынышпасын, бирок көпчүлүгүнүн интеллектуалдык деңгээли, этика-эстетикалык даражасы мени бушайман кылат. Алар төгөргү төп келген адамдар болушу керек. Мамлекеттик деңгээлде администрацияны башкарып жаткан адамдар тар чөйрөгө камалып калбай, булардын көз карашы кеңири болбосо, эл алдында эч кандай кадыр-барк топтой албайт. Ошон үчүн көпчүлүгү буларга ишенбей жатат.

Мамлекеттик органдарга карата элдин пикирин талдоо методологиясы Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институту, Экономика министрлиги жана Улуттук статистикалык комитет менен биргеликте иштелип чыгып, 2012-жылы ишке кирген. Талант Султановдун айтымында, бул изилдөөлөр ар дайым өкмөттө талкууга алынып, мекемелерге элге жакындоо тапшырмасы берилип келет.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG