Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:25

Жази: Кумамотодон чыгып кеттик

Жазгүл Келгенбаева
Жазгүл Келгенбаева

Жапониядагы жер титирөө болгон Кумамото шаарында жашаган эки кыргыз жараны Токиого келет. Алардын бири Жази Келгенбаева “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Жази, азыр кантип жатасыздар, кайдасыздар?

Жази Келгенбаева: Биз ошол жер титирөө болгон Кумамото шаарында жашайбыз. Азыр биз эвакуацияланып, башка шаарга чыгып кеттик. Токиого кетели деп жатабыз.

“Азаттык”: Ал жердеги тургундардын баары Токиого кетип жатабы?

Жази Келгенбаева: Жок. Чет элдиктер гана чыгарылып жатат. Элчилик же жоопкерчиликтүү уюмдар өз жарандарын алып чыгып кетүүдө. Биз кечээ элчилик менен байланышканбыз. Билет бүгүнкүгө туш келип, башка шаарга багыт алдык.

“Азаттык”: Азыр кандай транспорт менен кетип жатасыздар?

Жази Келгенбаева: Өзүбүздүн автоунаа менен баратабыз. Жол тыгын болуп, башка шаарга жетүү кыйынчылык туудурууда. Шаарда аэропорт жабылып калган да. Анан башка шаарга жетип, мейманканага түнөйбүз. Эртең менен Токиого самолет менен учабыз го.

“Азаттык”: Кумамотодо канча кыргызстандык бар?

Жази Келгенбаева: Бул жакта Кыргызстандын эки эле жараны бар. Мен өзүм эле жүрөм. Жанымдагы эже үй-бүлөлүү.

“Азаттык”: Ошол жер титирөө болгон күнү сиз кайда элеңиз?

Жази Келгенбаева: Бейшемби күнү кечинде болду. Саат тогуз жарым болуп калган. Жатаканада жалгыз болчумун. Бул жакта негизи аз-аздан жер титирөө болуп турат. Бирок мынчалык деңгээлде болгонун көргөн эмесмин. Ошол күнү аябай катуу болуп, текчеден китеп, буюмдарым кулай баштаганда жатаканадан чуркап чыгайын десем, эшик автоматтык түрдө жабылып калыптыр. Анан арткы эшиктерден чуркап чыксам, элдин баары көчөдө экен. Бул жатаканада бүт чет элдиктер, сырттан келгендер жашайт. Баары эле ызы-чуу түшүп жатты. Анан ал жактагы жапондор келип, бизди тынчтандырып, башка жакка көчүрүштү. Түнү бою жер силкинип чыкты. Таң аткыча уктай албай, титиресе эшикке чуркап, токтосо кайра биринчи кабатка кирип жүрдүк.

“Азаттык”: Бүгүн түндө болгон жер титирөө да катуу болдубу?

Жази Келгенбаева: Түнкү саат бирге жакын мурункудан да катуу силкинди. Коркуп, африкалык дос кызымдын үйүндө жаттым. Жергиликтүү, бирок үйлөрү урагандар көчүп чыгышты. Үйү бүтүндөр эч жакка кеткен жок го.

“Азаттык”: Сиздер Токиодо качанкыга чейин болосуздар, Кыргызстанга кайтасыздарбы?

Жази Келгенбаева: Абал тынчыгыча Токиодо болуп турабыз. Үйдөгү ата-энем сарсанаа болуп, Кыргызстанга келе бер деп жатышат. Бирок бул жакта жумушту таштап кете албайбыз да. Абал тынчыганда байкап, кайра эле кайтабыз го.

Жапониядагы жер титирөө

Жапониядагы жер титирөө

Биринчи күчтүү жер титирөө бейшемби күнү кечинде болгон.

Сүрөттө: Көзүнө жаш алган аял Кумамотодогу Машки шаарында талкаланган үйү тууралуу айтып жатат.

1/10 Биринчи күчтүү жер титирөө бейшемби күнү кечинде болгон.
Сүрөттө: Көзүнө жаш алган аял Кумамотодогу Машки шаарында талкаланган үйү тууралуу айтып жатат.

15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы ​Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.  Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ коргоо күчтөрүнүн адамдарын, полиция, өрт өчүрүү кызматкерлери баштаган үч миң кишини куткаруу ишине тартканын кабарлады.

2/10 Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ коргоо күчтөрүнүн адамдарын, полиция, өрт өчүрүү кызматкерлери баштаган үч миң кишини куткаруу ишине тартканын кабарлады.

15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы ​Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.  Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
Кырсык болгондон кийин дарыгерлерге миңден ашуун адам кайрылган. Анын 800дөн ашууну жабыр тарткан. 50 адамдын абалы оор.

3/10 Кырсык болгондон кийин дарыгерлерге миңден ашуун адам кайрылган. Анын 800дөн ашууну жабыр тарткан. 50 адамдын абалы оор.

15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы ​Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.  Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
Экинчи жер титирөөдөн кийин 19 киши каза таап, 470и жабыр тартканы кабарланууда.

4/10 Экинчи жер титирөөдөн кийин 19 киши каза таап, 470и жабыр тартканы кабарланууда.

15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы ​Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.  Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
Жапониянын метеорологиялык агенттигинин директору Ген Аоки кийинки жумада жер титирөө кайталанарын эскертти.

5/10 Жапониянын метеорологиялык агенттигинин директору Ген Аоки кийинки жумада жер титирөө кайталанарын эскертти.

15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы ​Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.  Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
Жапониянын метеорологиялык агенттиги түтүнү учурда 100 метрге көтөрүлүп жаткан Асо жанар тоосу атыларын кабарлады.

6/10 Жапониянын метеорологиялык агенттиги түтүнү учурда 100 метрге көтөрүлүп жаткан Асо жанар тоосу атыларын кабарлады.

15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы ​Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.  Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
Болжол менен 750 миңдей адам катуу силкинүүнү сезген.
7/10 Болжол менен 750 миңдей адам катуу силкинүүнү сезген.
15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы ​Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.  Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
Жер титирөөнүн айынан айрым темир жолдордогу поезд каттамдары токтотулду.

8/10 Жер титирөөнүн айынан айрым темир жолдордогу поезд каттамдары токтотулду.

15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы ​Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.  Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
Бийликтер мындан тышкары жабдыктарын текшерүү үчүн эки АЭСтин ишин токтотту.

9/10 Бийликтер мындан тышкары жабдыктарын текшерүү үчүн эки АЭСтин ишин токтотту.

15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы ​Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.  Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
Бирок жакшы да жаңылыктар жок эмес. Силкинүү очогу океанда эмес, жерде болууда. Мындан улам цунами коркунучу басаңдады.

10/10 Бирок жакшы да жаңылыктар жок эмес. Силкинүү очогу океанда эмес, жерде болууда. Мындан улам цунами коркунучу басаңдады.

15-апрелде Жапониянын түштүк-батышындагы ​Кюсю аралында эки күн катары менен жер титиреп жатат. Кырсыктан 20 киши каза таап, жүзгө жакыны жараат алды.  Биринчи жер титирөө 15-апрелдин түнүндө болду. Кумамото префектурасынын администрациясынын берген маалыматында, жаратылыш кырсыгы катталган аймакта 44 миңден ашуун жаран коопсуз жайларга жеткирилди.
Артка
Алдыга

• 16x9 Image

Айзада Касмалиева

"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

Куржундар
XS
SM
MD
LG