"Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.
Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечиш үчүн эки жерди алмашуу боюнча бир пикирге келгени кабарланды. Мындан тышкары чек арадагы 114 чакырым жер эки өлкөнүн бардык карталары боюнча туура келгени жана аларды бекитсе болору айтылды.
“Азаттыктын” журналисттери жыл бою өлкөнүн коомдук, саясий, маданий турмушун кандай чагылдырды? Кесиптештерибиз көтөрүп чыккан кайсы темалар коомчулуктун назарына көбүрөөк илинди? Бул чыгарылышта жогорудагы суроолорго жооп издеп, узап бараткан жылга саресеп салдык.
"Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн коноктору - Жогорку Кенештин депутаты Рыскелди Момбеков, журналист, маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков жана Кыргызстандын Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев.
Бул жагдайлар президенттин коррупцияга каршы күрөшөбүз деген чакырык-ураанына көлөкө түшүрбөйбү? Өлкөдө тамырлаган бул илдетке каршы чыныгы күрөш жүрүп жатабы же бул кожокөрсүн мамиленин көрсөткүчүбү?
Бүгүнкү студиянын коноктору - «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров жана Жогорку Кеңештин вице-спикери, депутат Мирлан Бакиров.
Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине кошулганына төрт жыл болду. Өкмөт бул мөөнөттө ички дүң өнүм өстү, салыктар көбөйдү, мигранттар которгон акча арбыды деп ыраазы. Ошол эле учурда талдоочулар ЕАЭБге киргени өлкөнүн бажы төлөмү кемип, тышкы соодасы мүчөлүккө чейинки көлөмгө жетпей жатат.
Кыргыз өкмөтү "Центерра Голд" компаниясы менен кабыл алынган стратегиялык келишим күчүнө киргенин жарыялады. "Центерра" бул келишимге ылайык жаратылышты коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү жаатында соттук териштирүү токтотулат деп билдирди. Эки тарап мунасага кандай жагдайларга таянып келди?
Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөш деген ураан алдында жүрүп жаткан аракеттер мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган мамлекеттик жоон топ жетекчилердин камалышы менен коштолууда. Ошол эле учурда Текебаев менен Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүлдү.
Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында сүйлөшүү жүргүзгөн Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кызматтан алынып, ага карата кылмыш иши козголду. Кой-Таштагы кандуу окуядан кийинки бул учур жана жалпы эле күч түзүмдөрүнүн кыймыл-аракети, абалы коомчулуктун талкуусуна түшүүдө.
Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал орун алып, ок атылды. Кырдаалдан улам Ак-Сай айылынан 600гө жакын тургуну коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Ушул тапта Кыргызстан менен Тажикстан тарап чек арасындагы чырды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул жолу чек арадагы чырга эмне себеп болду?
Жогорку сот “Ата Мекен” партиясынын түрмөдөгү лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароону 21-августка жылдырды. Президент “ата мекенчилердин” камактагы саясатчылардын ишин акыйкат, калыс кароону камсыздап берүү өтүнүчү
Жогорку Кеңештин экс-президенттен кол тийбестикти алуу боюнча чечими мурдагы жана азыркы президенттердин өзүн барымтага алып койгон жокпу? Кризистик кырдаалдан чыгуунун кандай жолдору бар? "Ыңгайсыз суроолор" берүүсү ушул суроолорго жооп издейт.
Студиянын коноктору – саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев жана Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын юристи Нурбек Касымбеков.
Жергиликтүү кеңештердеги мандаттардын 30% аялдар үчүн резервге коюу жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окуудан өтүп, эми жалпы сессияда каралышы керек. Парламентаризм жолун тандаган мамлекет үчүн бул мыйзам канчалык маанилүү?
"Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында Кыргызстандагы соңку камоолор, бир катар сот иштеринин жүрүшү жана бул жараяндардын алкагында укук коргоо органдарынын кыймыл-аракетин талкууладык.
Кыргызстанда шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча жалпысынан төрт мыйзам долбоору иштелип чыкты. 21-майда президент түзгөн жумушчу топтун мыйзам долбоору тармактык комитетте биринчи окууда колдоо таап, эртеси парламентте каралды.
"Ыңгайсыз суроолор" талкуусуна Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов, Кыргызстандын тоо-кенчилер бирикмесинин төрага орун басары Дүйшөн Камчыбеков жана эколог Калия Молдогазиева катышты.
Адам укуктары корголгон, демократиялык коом түзөбүз деген бийлик ар бир жаранынын укуктарын, коопсуздугун коргоодо өзүнүн позициясын так көргөзүшү керекпи? Студиянын коноктору – саясатчы Равшан Жээнбеков жана Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева.
Кыргызстанда дааватчылар деген ат менен белгилүү "Таблиги жамаат" агамынын ишмердиги буга чейин да бир канча жолу көтөрүлгөн. Казакстанда, Орусияда, Өзбекстанда, Кытайда жана Тажикстанда тыюу салынган бул уюмдун ишмердиги кыргыз коому үчүн канчалык кооптуу же анын кандай оң жактары бар?
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн бир жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы туурасында маалымат жыйын өткөрдү.
Дагы жүктөңүз