"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Дүйнөнүн ар кайсы жеринде пайда болуп жаткан талаштуу "Русский дом" же "Орус үйү" борборлору эмне менен алектенет? Кыргызстандын эки жериндеги "Русский домдун" катарына Москва каржылаган жаңы долбоорлор кошулууда. "Орус үйлөрү" маданий диалог аянтчасыбы же геосаясий таасирдин бир бөлүгүбү?
Украинадагы согушту жөнгө салуу аракеттеринин айланасында дипломатиялык активдүүлүк күчөп жатат. Орусия президенти Путин АКШ жана Украина менен үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү жандандырууга даярдыгын билдирсе, Киев убактылуу оккупацияланган аймактарды Орусиянын жери деп таануу мүмкүн эместигин кайталады.
Абактагы саясатчы Темирлан Султанбеков менен ишкер Имамидин Ташов акыйкаттыкты талап кылып президент Садыр Жапаровго кайрылды. Орусиячыл пропагандалык мүнөздөгү “Евразия” фонду Кыргызстандын аймактарына кулачын жаюуда. Бул фонд каржылаган борбор эми Нарынга ачылды.
Украин бийлиги билдиргендей, акыркы суткаларда өлкөнүн бир катар аймактары, анын ичинде Харьков менен Киев дрон жана ракеталар менен аткыланды. Харьков облусундагы Новая Водолага шаарчасынын борбордук паркына тийген дрон соккусунан алты адам каза болду. Алардын арасында үч бала бар.
Мадумаров президенттик шайлоого катыша албайт. Кыштан кантип чыгабыз? Наристенин канга боелгон арабасы, нес болгон бейкүнөө тургундар. Украинанын Харьков облусундагы борбордук паркка тийген дрон соккусунан алты адам мерт кетти. Орусияда мигранттарга карата рейд күчөп жатат.
АКШнын мамкатчысы Марко Рубио Самаркандда Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен жолукту. Кыргызстандын соту өздөрүн “Шумкар” оппозициялык кыймылы деп атаган төрт жарандын ишмердигин экстремисттик деп тапты. Саясатчы Сыймык Жапыкеев милицияга жеткирилди.
19-октябрда АКШнын Мамлекеттик катчысы Марко Рубио Самаркандда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен кездешти. Америкалык башкы дипломат Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери менен жолугуп, Вашингтондун аймак менен кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулоодо.
Мунай, газ, уран жана стратегиялык кен байлыктарга бай Борбор Азия кайрадан дүйнөлүк державалардын көңүл борборуна чыгып, алардын айланасындагы атаандаштык күчөгөндөй. Мындай шартта АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Самаркандда өтө турган «С5+1» жыйынына катышуу үчүн Өзбекстанга аттанууда.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио 17-22-октябрь күндөрү Өзбекстанда болот. Самарканд шаарында АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгына арналган «С5+1» форматындагы жыйынга катышат. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын тышкы иштер министрлери чакырылган.
Президенттик шайлоого камынган Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев тил сынактан өтпөй калды. АКШнын мамкатчысы Марко Рубио Өзбекстанга келет. Юрист Адилет Мерканов УКМКга чакырылганын билдирди. Депутат Абдибаеванын талаштуу сунушунун айланасында талкуу токтой элек.
Президенттикке талапкер болуш үчүн ишкер Аймен Касенов Боршайкомго арыз берди. Украинадагы согушка орус армиясынын катарында катышып келген тажикстандык жаран мекенинде эки кишини өлтүрүп, короосуна көмп койгон деп шектелүүдө. Орусияда мигранттардын балдары мектепке акча төлөп окуйбу?
Зеленский Трамп жарыялаган «энергетикалык жарашуу» иш жүзүндө токтогонун билдирди. Муну менен катар Киев SpaceX компаниясы майданда пилотсуз учактарды башкарууда маанилүү роль ойногон Starlink системасынын ишин чектегенин сындады.
Шейшембинин кечинде саудиялык мунай иштетүүчү мамлекеттик Арамко компаниясынын кеңсесине сокку урулду. Сокку олуттуу зыян алып келбегени кабарланды.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиядан Украинадагы согушка тартылган мигранттар эрте кайрылса, аларды кайтарып алып келүү мүмкүн экенин айтты. Саудиялык мунай иштетүүчү мамлекеттик Арамко компаниясынын кеңсесине сокку урулду. "Мадина" базарында иштеген соодагерлер кайрадан козголду.
Сыргак Кенжебаев чет өлкөдө кармалып, Кыргызстанга жеткирилди. Абактагы ишкер, Имамидин Ташовдун маселеси кайрадан көтөрүлдү. Азербайжанда хижаб талашы кайра күчөдү. Социалдык тармактарда хижабчан окуучу кыздарга класстарга кирүүгө тыюу салынган видеолор тараган.
Эр-Рияддагы Падыша Халид атындагы эл аралык аэропортко урулан сокку 13 адамдын өмүрүн алды, 320дан ашыгы жараат алды. Башкы прокуратура Курманбек Авазов менен Каныбек Досмамбетовдун кармалганын ырастады. Клара Сооронкулованы үйүнө кимдер аңдып келди?
АКШнын лидери Дональд Трамп Украинада президенттик кызматта жаңы адамды көргүсү келерин жекшембиде айтты. Трамп Владимир Зеленскийди Орусия менен согушту токтотуу үчүн жетиштүү аракет кылбай жатат деп сындады.
Францияда окуучулардын билим берүү шарттарын жакшыртуу талабы өлкө боюнча нааразылык кыймылына айланды. Айрым шаарларда демонстранттар менен полиция кагылышты. Өкмөт октябрдын аягына чейин сунуштарды даярдоону убада кылды.
“Кемпир-Абад иши” боюнча акталган Перизат Суранова мамлекеттен кенемте талап кылып сотко кайрылды. Түркмөнстанда Путин менен Пезешкиан жолукту. Кыргызстан USDKG деп аталган алгачкы криптовалютасын жойду. Улуу Британия аны чыгарган кыргыз компаниясына санкция салган.
Темирлан Султанбеков жети жылга кесилсе, мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев төрт жылга камалды. ДССУ кара тумоо тууралуу Орусиядан кошумча маалымат сурады. Айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун айтканына Камчыбек Ташиев жооп берди.
Дагы жүктөңүз