Орто Азияга биринчи келген европалык аял - Элла Майяр 1932-жылы Кыргызстанга келип, бир жылдан соң Казакстан, Өзбекстанга саякатын уланткан. Ал кыргыз эли-жери жөнүндө не бир сонун тарыхый фотосүрөттөрдү тарткан. “Тянь-Шандан Кызыл-Кумга чейин” деген тарыхый-документалдуу китебин французчадан Нуралы Турганбаев которгон.
Бронислав Залесский 1820-1880-жылдары жашаган поляк адамы, сүрөтчү, саякатчы десе болот. Ал 1865-жылы Парижде чыгарган: “Кыргыз талаасындагы өмүр” аттуу китеби менен Европада белгилүү болгон. Ага чейин, студент кезинен эле революциялык толкунга катышканы үчүн азыркы Казакстандын Оренбург тарабына аскердик сүргүнгө айдалат. Ал жерде убакытты өткөрүү үчүн, офорттук ыкма менен 22 сүрөттү жараткан.
Италияга баратып, үч жыл мурун 22 жашында Орусиядан каза тапкан сүрөтчү, маркум Жылдыз Заркунованын көргөзмөсүн апасы Жыргал Молдакматова Рим шаарында өткөрдү.
Бишкекте, Сибир жана Орто Азия ырчылары “Биримдикти ойготуу” аттуу этнографиялык ырлардын концертин беришти. Ырчылар аймактар ортосундагы маданий байланышты чыңдап, руханий күлазык берүү максатын күчөтүүнү көздөшүүдө.
Кыргызстандык жаш сүрөтчү, маркум Жылдыз Заркунованын эңсеген кыялы ишке ашып, эмгектери Италияда өткөн көргөзмөгө коюлду. Жылдыз бир нече жыл мурда дал ушул көргөзмөсүн өткөрүү үчүн Италияга баратканда Орусиядан киши колдуу болгону айтылган. 22 жашында көз жумган Жылдыз Заркунова компьютерлик графикада иштеген алгачкы кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эң бир көрүнүктүүсү да, эң жашы да болуп калды. Ал жүздөн ашык эмгектин автору.
Азербайжан эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун алгачкы жетекчиси, Азербайжан Жазуучулар союзунун башчысы Анар Рзаев жакында Кыргызстанга келип, өз күйөрмандары менен жолукту.
Жаш балетмейстр Талант Осмонов кыргыз сахнасында француз жазуучусу Виктор Гюгонун чыгармасына кайрылган алгачкы режиссер. Ал жазуучунун “Күлүп турган адам” романынын негизинде “Элес” аттуу жаңы эки актылуу модерн-балет койду.
Айыл ааламын жар салган сүрөтчү
Кыргыз балетинде жаңылык
Бишкекте алгач ирет жапон куурчактарынын көргөзмөсү Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүүдө. Жетимиш экспонаттан турган бул куурчактар дүйнө жүзүн кыдырып, жапон мамлекеттик идеологиясына өзөк болгон элдик маданияты менен тарыхын даңазалап келатат.
Бишкектеги Улуттук китепканада Кыргыз эл баатыры, белгилүү кинорежиссер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгына карата эскерүү көргөзмөсү ачылды.
Бул жыл - Токтогулдун жылы. Анын 150 жылдыгы эл аралык деңгээлде түрк тилдүү мамлекеттер арасында белгиленгени жатат. Маараке 10-мартта Анкара шаарындагы ачылыш менен башталат.
Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде “Жапон куурчактары” аттуу көргөзмө ачылды. Аны Кыргызстандагы Жапония элчилиги уюштуруп жатат. Көргөзмөгө күн чыгыш өлкөдөгү кол өнөрчүлөр тарабынан жасалган 70 түрдүү куурчак коюлган.
Кыргыз симфониялык оркестринин “атасы” атыккан белгилүү дирижер, СССРдин эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры – Асанкан Жумакматовду эскерүү.
Бишкектеги номер экинчи мектеп Корей элчилиги жана билим борборунун катышуусунда “Кыргыз-Корей достугу” фестивалын он экинчи жолу өткөрдү. Окуучулар корей тилинде ырдап-бийлеп, таэквондодон өнөрлөрүн көрсөтүштү.
Өткөн жумада Бишкекте славян маданияты менен тааныштырган бир катар иш-чаралар болду.
Музей педагогикасы - дал ушундай аталыштагы сүрөт көргөзмө биринчи жолу Улуттук университеттин орус тили филологиясы факультетинде уюштурулду. Анда гениалдуу орус сүрөтчүлөрү Карл Брюллов (215 жыл), Илья Репиндин (170 жыл) картиналарынын репродукциялары Кыргызстандагы орус маданиятынын Борбору тарабынан даярдалып коюлган. Алардын мааниси, тарыхы жана баалуулугу, авторлордун өмур баяны тууралуу кызыктуу баяндамасын айтып берүүчү атайын адис да бар. Кыргызстанда жаңыдан колдонулуп жаткан студент жаштарга тереңдетилген эркин билим берүүнүн жана кругозорун өстүрүүнүн бул жаңы ыкмасы Орусияда көп жылдардан бери колдонулат.
Кыргыз улуттук консерваториясында "Музыка – элдин жаны: Украина" аттуу концерт өттү. Аны "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фонду уюштурган.
Буга чейин Кытайдын Шиңжаң уйгур автоном районундагы кыргыздар жаңырган жылдан тарта кыргызча ай аттарын колдонууга өткөнү маалымдалган эле. Бул тууралуу филология илимдеринин доктору, кытайлык кыргыз - Макелек Өмүрбай "Азаттыкка" маек берди.
Буга чейин эл арасына кеңири тараган “илгерки кыргыздар бийлеген эмес” деген түшүнүктү “Кара жорго” деген бир гана ыр-бий жокко чыгарды.
Дагы жүктөңүз