Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:16

"Күлүп турган адам" кыргыз сахнасында


"Күлүп турган адам" Бишкекте
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:21 0:00

Виктор Гюгонун "Күлүп турган адам" романынын негизинде коюлган "Элес" модерн-балети. 4-март. 2014-жыл.

Жаш балетмейстр Талант Осмонов кыргыз сахнасында француз жазуучусу Виктор Гюгонун чыгармасына кайрылган алгачкы режиссер. Ал жазуучунун “Күлүп турган адам” романынын негизинде “Элес” аттуу жаңы эки актылуу модерн-балет койду.

Көрүүчүлөр жаш балетмейстрдин модерн-балетти классика менен айкалыштырып коюу ыкмасын 20-кылымдагы даңазалуу француз хореографы Морис Бежарга салыштырууда.

Француз романтикалык адабиятынын атасы делген классик жазуучу Виктор Гюго “Күлүп турган адам” романында орто кылымдагы француз коомчулугунун турмушун таасын ачып берген. Бирок андагы каармандардын трагедиясы азыркы өнүккөн доордо деле өкүм сүрүп келет. Балетмейстер Талант Осмоновду бул романды сахналаштырууга дал ошол окшоштук түрткөн.

- Башкы каарман Гуинплен жакшы үй-бүлөдө төрөлгөн. Бирок аны кичинесинде "Кампрачикос" деп аталган кылмыштуу топтун мүчөлөрү уурдап кеткен. Бул топ балдарга хирургиялык тажрыйбаларды жасап, кебетелерин өзгөрткөн. Анан аларды бийликте жүргөн адамдарга, байларга көңүл ачуучу маскарапоз катары сатышкан. Гуинплен да ошол мартабалуу чөйрөнүн оюнчугуна айланган.

Талант Осмонов
Талант Осмонов
Модерн - балетте романдагы каармандардын алдануу, адашуу, чыныгы махабатка жолугуу сыяктуу баштан кечирген окуялары кеңири көргөзүлөт. Аны сахнага алып чыгууга “Зеним” фонду менен “ОСОО Театрал” уюму демөөрчү болгон. Талант Осмонов классикалык үлгүдөн четтеп, бул жанрга эмне үчүн басым жасаганын минтип түшүндүрдү:

- Жашообуздагы мүмкүнчүлүктөрүбүзгө карап коюп атабыз. Заманбап хореографиянын үлгүсүн жаштарга жеткиликтүү болсун деген максатта тандап алдык.

Таланттын чыгармачылыгы менен көптөн бери тааныш, мурдагы бийчи, учурда врач болуп иштеген Татьяна Николаева аттуу көрүүчү модерн-балетке мындай баа берди:

- Музыкасын эң сонун тандаптыр. Хореографиясы да жакшы. Болгону кордебалетти бир аз өнүктүрүш керек экен. Талантты мен француз хореографы Морис Бежарга салыштыргым келет. Кыргыздын Морис Бежары өсүп келатат. Бул куттуу жерде атактуу бийчилер, мыкты хореографтар иштеген. Мен ошолордун ордун баса турган жаш адистердин башында Талант Осмонов турат.

Гүлай Кенжебаева аттуу көрүүчү болсо Талант Осмоновдун изденүүсүн баалап, ар бир койгон чыгармасына келип турат экен.

- Талант келечекте жакшы режиссер, жакшы бийчи болот. Буга чейин көп эле чыгармаларына күбө болгом. Мага анын өзүнүн бийлегени жагат. Койгон балеттери дагы күчтүү, мага ошондой сезилет...

Эл аралык конкурстардын лауреаты, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Талант Осмонов акыркы үч жылда “Алкоо”, “Ойгонуу”, “Жүрөктөгү көз ирмемдер”, “Кылымдар бою”, “Келечек азыркыда” аттуу модерндик жана классикалык бир актылуу балеттерди койгон. Учурда Санкт-Петербургдагы Ваганова атындагы хореографиялык окуу жайынын магистратурасында окуйт. "Элес" модерн-балети анын курстук иши.
XS
SM
MD
LG