Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Данияров: Өзүмдү модерн балетте көрөм


Жакынкы жана алыскы өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргызстандык балетмейстер, эл аралык сынактардын лауреаты Элдияр Данияров “Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: “Мекендештер” форумуна катышып, түрдүү ой-пикирлерди уктуң. Кандай таасир менен кетип баратаң?

Элдияр Данияров: Абдан жакшы таасир алдым. Форум маданият, билим берүү, экономика тармагында башка өлкөлөрдө жашап, иштеген кыргызстандыктарды бириктирди. Өз тажрыйбабызды айтып, сунуштарыбызды билдиргенге жакшы аянтча болду. Мындан ары да форум өссүн. Анткени чет жакта бизден башка дагы канчалаган мекендештер бар!

“Азаттык”: Кыргызстанды, өзүң эмгектенип жаткан маданиятты өңүктүрүүгө кандай сунуш айттың?

Элдияр Данияров: Биринчиден, жаштарды театрга, циркке, балетке алып барыш керек. 10-15 жаштагы өспүрүмдөрдү драмалык театр, балетти көргөнгө, классикалык, симфониялык музыка укканга үйрөтүш керек. Он жылдан кийин ошол балдар абдан билимдүү болуп өсүшөт. Кыргызстандан башка бардык өлкөлөрдө буга абдан жакшы көңүл бурушат.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: Кыргызстанда балет өнөрүнө кызыккан жаштар болдубу?

Элдияр Данияров: Ооба, бар экен. Менден каякта окудуң, кантип бардың, балдарыбызды кантип үйрөтүп, окутсак болот деп сураган ага-энелер көп болду. Бул абдан жакшы.

Мен классикалык балет эмес, азыркы заманбап балет жагынан да көрсөткүм келет. Дүйнө учурда заманбап балетке көбүрөөк көңүл буруп атат. Мында өз оюңду эркин көрсөтүп бере аласың. Балеттин бул түрү Кыргызстанда жакшы өнүккөн эмес.
XS
SM
MD
LG