"Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.
Социал-демократтар фракциясынын депутаты Жанар Акаев 2-ноябрда парламенттеги талкуу учурунда Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыккандарды Коомдук телеканал аркылуу каралоону токтотууго чакырды.
Жогорку Кеңеш Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү мыйзамын үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам долбоорду талкуулоо курч мүнөздө өтүп, маселе айланасындагы жаңы жагдайлар белгилүү болду. Мурда Баш мыйзамды колдоп келген айрым саясатчылар оюнан кайтса, айрымдар бийликтин кысымы болуп жатканын
Жогорку Кеңеш "Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум дайындоо жөнүндөгү" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда көпчүлүк добуш менен колдоду.
Кыргызстанда мамлекеттик бюджеттен каржыланган социалдык объекттердин курулушу кечеңдеп жатат. Быйыл өлкөдө 80 мектеп куруу пландалса, ушул убакытка чейин 31и гана бүткөрүлгөнү белгилүү болду.
Кыргызстан түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун Бишкектеги саммитин өткөрүүнү кийинкиге жылдырды. Анын себептерин расмий Бишкек так түшүндүрө элек.
Парламенттеги “Кыргызстан” фракциясында бийлик алмашты. Референдум боюнча мыйзамга каршы добуш берген Канатбек Исаев фракция лидерлигинен кетип, анын ордуна Алмазбек Батырбеков шайланды.
Бүгүн фракцияга лидер болуп Алмаз Батырбеков шайланды. Ал коалиция боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрүн маалымдады. Ал эми Канатбек Исаев жергиликтүү шайлоолорго байланыштуу иштер менен алектенерин, “Кыргызстан” партиясынын лидери бойдон кала берерин билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамды өзгөрткөндөн кийин өлкөдө бизнес үчүн жакшы шарттар түзүлүп, инвесторлор агылып келерин билдирди.
Кыргызстанда Баш мыйзамдын айланасындагы талкуу күчөп, саясий элита бири-бирин айыптап жаткан чак. Баш мыйзамдын түп нускасы кайда? Деги эле ал болгонбу?
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыкканын жарыя кылды. Фракция мунун себебин “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары менен пикир келишпестик болгону менен түшүндүрдү.
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы бүгүн көпчүлүк коалициядан чыкканын жарыя кылды.
Президент Алмазбек Атамбаев куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы жана башкы прокурорго армиядагы коррупция, мыйзамсыз иштерге каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды. Президенттин мындай тапшырмасы армиядагы бир катар чырлуу иштерден кийин башталды.
Президент Алмазбек Атамбаев куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы жана башкы прокурорго армиядагы коррупция, мыйзамсыз иштерге каршы күрөштү күчөтүүгө тапшырды. Президенттин мындай тапшырмасы армиядагы бир катар чырлуу иштерден кийин башталды.
Жергиликтүү бийликтин аймактарды өнүктүрүү багыттары, аракеттери менен көйгөйлөрү "Азаттыктын" апта темасында.
Жогорку Кеңеште 2010-жылдагы Баш мыйзамдын түп нускасы табылбай жатканы айтылып, талаш жаралды. Баш мыйзамдын түп нускасы канчалык мааниге ээ? Мыйзамга ылайык, ал кайда сакталышы керек жана кимдер жоопкер? Бул суроолорго Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова жооп берди.
Төрт жылдан бери уланып келген “Альфа Телеком” уюлдук компаниясынын иши боюнча алгачкы баскычтагы сот өкүмү чыкты.
Бишкектеги сойкуларды коргогон милиция кызматкери интернетте тараган видеонун негизинде кызматтан бошотулду.
Баш мыйзамды өзгөртүүнү Конституциялык палата да мыйзамдуу деп тапты. Ал арада Жогорку Кеңеш “Референдум жөнүндөгү” мыйзам долбоорду экинчи окууда кабыл алды.
Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы транспорт жана байланыш министри Замирбек Айдаровду кызматтан четтетүүнү талап кылды.
Жогорку Кеңеште "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча угуу өттү. Талкууга жарандык коомдун активдүү өкүлдөрү катышкан жок.
Дагы жүктөңүз